Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:55

Жон Маккейн: Путин жалганды таратууда


"Путин төртүнчү ирет Орусиянын президенти болгусу келери мени нес кылды", – деди сенатор Жон Маккейн “Азаттык” радиосунун орус кызматына.

Америкалык эң эле таасирдүү сенаторлордун бири, орусиялык бийликтердин айныгыс сынчысы негизги эл аралык проблемалар, анын ичинде Сирия кризиси жана Америка-Орусия алака-катышы боюнча көз карашын ортого салды.

“Азаттык”: Сенатор, сиздин "Правда.Ру" басылмасындагы макалаңызды сындагандар жана колдогондор теңме-тең бөлүнүп калгандай сезилди: бир тарабы сизди Орусиянын башкы жаманчылыктарын таамай ашкереледи десе, экинчи тарабы автор эмне айтып жатканын өзү билбейт деп жатат. Буга кандай дейсиз?

Жон Маккейн: Мен эки көз карашты тең түшүнөм. Бирок факты деген – өжөр нерсе. Менин айткандарым фактыларга негизделген. Бул оппозициянын үнүн басуу, бул Магнитскийдин иши, бул бийликтин прессага толук көзөмөл кылышы, бул адам укуктарын бузуулардын токтобой жатышы.

“Азаттык”: Дал ушул басылмага чыгуу аркылуу кандай максатты көздөдүңүз эле?

Жон Маккейн: Бул капыстан эле болду. Америкалык баяндамачы менен сүйлөшүп жатканда "Правда" менин макаламды басаарынан күмөн санайм деп айттым. Андан кийин биздин маалымат каражаттары эки “Правдага" кайрылуу жиберди. Алардын бири мындай шарт койду: "Эгер автордун позициясы Сириядагы согушка байланыштуу коммунисттик партиянын позициясына кайчы келбесе, биз макаланы жарыялоо маселесин коё алабыз".

Санкт-Петербург, 5-сентябрь, 2013-жыл
Санкт-Петербург, 5-сентябрь, 2013-жыл
Албетте, бул шарт алгылыксыз эле. Бирок башка "Правда" менин макаламды басууга макул болду. Чындыкты ачып берүү максаттарымдын бири болчу. Эмне дегенде Путин мырзанын Америка жана биздин өлкөдө жүрүп жаткан окуялар жөнүндө айткандары чындыкка түк төп келбейт эле. Ошондуктан мен эмне мүмкүнчүлүк болбосун пайдаланып, орусиялыктарга түз кайрылгым келди. Анткени мен орусиячыл маанайдамын, ошондуктан орусиялыктарды кордоп жаткан Путиндин автократиялык режими биз тараптан да каршылыкка дуушар болууга тийиш.

“Азаттык”: Сенатор Маккейн, сиздин макалага орусиялык аудиториянын реакциясына караганда көптөгөн орусиялыктар Сирия проблемасын дипломаттык жол менен чечүүгө артыкчылык берген Владимир Путинге макул болгондой. Сиздер неге күч чараларын талап кылып жатканыңыздарды алар түшүнбөй жатышат.

Жон Маккейн: Согушка караганда дипломатия жакшы деген боюнча мен Путин мырзага макулмун. Бирок Кошмо Штаттардын жаңжалдарга кийлигишүүсү боюнча мага белгилүү болгон мисалдар биздин улуттук жана жалпы коопсуздук таламдары үчүн жасалды да. Маселен, Боснияны алалы. Орусиянын колдоосу астында ал жерде адамдар жок кылынды. Сребреницада сегиз миң киши өлтүрүлгөндөн кийин биз кыймылдай баштадык.

Косовону алсак, ал жерде сербдер орусиялык колдоо менен башка улуттагы адамдардын көзүн тазалашты. Эгер Ооганстанды карасак, башында Орусия ал өлкөдөгү биздин күч аракеттерибизди колдоого алды, анткени 11-сентябрдагы террордук чабуулдар дал ошол жерде уюштурулуп, миңдеген америкалыктар курман болушкан.

Иракка келсек, бул жаңжалда биз жеңишке жетиштик. Биз Ооганстандан кеткенден кийин ал өлкө "ал-Каиданын" террордук чабуулдарды уюштурчу жер болбой калат. Эгер Экинчи дүйнөлүк согушту эстесек, анда АКШ Орусияга эбегейсиз көп жардам берип, Германияны жеңүүгө көмөкчү болгон. Ошондогу чатакка биздин кийлигишүүбүзгө байланыштуу орусиялыктар кыжырданып жатат деп ойлобойм.

“Азаттык”: Сирия жаңжалына байланыштуу сиз Орусия сунуштаган жол менен кетиш керек деп эсептейсизби же башка альтернативаны тандайсыздарбы?

Жон Маккейн: Владимир Путиндин сөзү боюнча, химиялык чабуул козголоңчулар уюштурган "амалдуу чагым” болуп саналат экен. Владимир Путин бул жалган экенин билет. Билип туруп жалган айткан адамдын сөзүн биз чындык катары кабыл алышыбыз керекпи? Бул чабуул козголоңчулардын колу менен жасалбаганы шек туудурбайт.

Башар Асад эл аралык коомчулук менен чын дилинен кызматташарына бирин-серин адам гана ишенет. Анткени бул чабуулдарды өз аскерлери уюштурган эмес деп көшөкөрлүк менен айтып жатат. Бирок бул ишти анын күчтөрү жасаганын биз билебиз да. Кыскасы, Асаддын айтканына ишениш керекпи деген суроо бар. Азырынча биз ага каршы күрөшүп жаткан Эркин Сирия армиясына колдоо көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Ушу тушта ок-дары жүктөгөн орусиялык учактар Сирияга барып жатат, аны Башар Асад өз элине кыргын салууга пайдаланууда. Бул шерменделик.

“Азаттык”: Өз макалаңызда Орусияны дөөлөттүү деп жазыпсыз. Сиздин оюңузча, Орусиянын дөөлөтү эмнеде?

Жон Маккейн: Менимче, Орусия кылымдар бою дөөлөтү ашкан өлкө болуп келген. Дүйнөлүк маданиятка, адабиятка, искусствого кошкон салымына баа жеткис. Ошол эле кезде биз сталиндик доордун азабын, миллиондогон адамдардын жок кылынганын жакшы билебиз. Биз ошондой эле орусиялыктардын каармандыгын билебиз, бул касиетин алар Экинчи дүйнөлүк согушта көрсөтүшкөн. Өлкөнүн интеллектуалдык деңгээли өтө жогору.

Мен Орусиянын чоң күйөрманымын жана орусиялыктар өз сөзү үчүн түрмөгө түшпөө, сексуалдык багыты үчүн куугунтукка алынбоо укугуна ээ болууга тийиш деп эсептейм. Эл аралык укук коргоо уюмдарынын сөзү боюнча, азыр Орусия эркин өлкө болуп саналбайт. Өлкөдө атмосфера жаман.

“Азаттык”: Орусиядагы адам укуктарына байланышкан кырдаалды америкалык тараптан сындоо тууралуу сөз болгондо орусиялыктардын бир даары өлкөсүнүн ички ишине АКШ обу жок кийлигишип жатат деген ойдо. Башкалары болсо Вашингтон мындан да катуу сындаш керек деп жатышат. Сиздин оюңуз кандай?

Жон Маккейн: "Магнитский мыйзамынын" аракети кеңейгенде кансыз согуш делген доордо алынган "Жексон-Вэник оңдоолору” сыңары натыйжа берет деген ойдомун. Орусиялык бийликтерди негизги жарандык укуктарды жана экриндиктерди урматтоо зарылдыгына ынандыра алчу инструменттер аз эмес. Орусиялыктардын Сергей Магнитский сыңары жөндөн жөн камалам деп коркпогудай укугу болууга тийиш, алар Ходорковский окшоп өмүр бою түрмөгө түшпөөгө тийиш.

“Азаттык”: Владимир Путин төртүнчү ирет президенттикке талапкерлигин коюу мүмкүндүгү бар экенин кыйытты...

Жон Маккейн: Анын төртүнчү ирет Орусиянын президенти болгусу келери мени нес кылды.

“Азаттык”: Менин баамымда, Путин сизге анча жакпайт көрүнөт, чынбы?

Боснияны алалы. Орусиянын колдоосу астында ал жерде адамдар жок кылынды. Сребреницада сегиз миң киши өлтүрүлгөндөн кийин биз кыймылдай баштадык.
Жон Маккейн: Ал мага жакпайт деп айта албайм. Кеп анын керт башында эмес, анын иш-аракетинде. Мага анча жакпаган көп эле адамдар болгон, бирок аларга суктанчумун жана урматтачумун. Маселе анын өкмөтүнүн ишинде жатат. Эмне үчүн Орусияда Олимпиада алдында өзүнө жакпаган сексуалдык багыттагы адамдардын аракеттерин иш жүзүндө кылмышка теңеген мыйзам кабыл алынат?

“Азаттык”: Сенатор Маккейн, Америка-Орусия алака-катышынын келечеги сизге кандай көрүнөт?

Жон Маккейн: Менимче, көбү Сириядагы окуяларга жараша болот. Владимир Путин ири жеңишке жетишкени эч шек туудурбайт. Ал Жакынкы Чыгышта олуттуу оюнчу болуп калды, ал нукура ортомчу катары чыкты. Ошондуктан Жакынкы Чыгыштагы айрым жолбашчылар Кошмо Штаттар менен мамилесин кайрадан калчап жатышат.

“Азаттык”: Эки өлкө мамилесин кайра башынан жандандыруу аракети аягына чыкпай калды деген ойго кандай карайсыз, андан аркысы кандай болот?

Жон Маккейн: Орусия менен алака-катыштарга мамилени иштеп чыгуу зарылдыгын илгертен бери эле айтып келатам. Владимир Путиндин максаты кандай, анын аракеттерине эмнелер түрткүнчүк болорун биз так аныкташыбыз керек. Анын максаты – Орусия империясынын беделин жана таасирин күчөтүү, бул максатына жетүү үчүн ал ойго келбеген кадамдарга барууга даяр.

Чеченстанды ал түгөл бойдон калайманга салды, биз аны билебиз. Ал Грузияга басып кирди. Азыр ал жакынкы чет жер деп атап алган аймактагы бардык өлкөлөргө кысым көрсөтүп жатат. Бул Владимир Путиндин маңызы, биз аны кандай болсо ошондой кабыл алууга тийишпиз.

Эгер биз бекем эркибизди көрсөтүп, Путин менен алакабызды өзүнө жараша түзө алсак, мисалы, Европада ракетага каршы коргонууну камсыздоо боюнча күч-аракетибизди кайра баштасак, европалык өлкөлөр менен эркин соода боюнча келишимге кол койсок жана европалыктардын энергетикалык көз карандысыздыкка жетишине көмөк көрсөтсөк, мына ушунун баары Владимир Путин менен чындап алакаларды түзгөндүк болмок.

“Азаттык”: Ушунун баары ишке ашат деп эсептейсизби?

Жон Маккейн: Баары АКШнын президентине жараша болот.

(Кыскартып кыргызчаланды)

XS
SM
MD
LG