Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

АКШ-Орусия: Сирия боюнча орток пикир жок


Обама менен Путиндин кездешүүсү. 17-июнь, 2013-жыл.
Обама менен Путиндин кездешүүсү. 17-июнь, 2013-жыл.

Түндүк Ирландияда, "Чоң сегиздин" саммити алкагында АКШ жана Орусия президенттеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өттү. Күн тартибиндеги башкы маселе – Сириядагы жаңжалды жөнгөрүүнүн жолдору боюнча тараптар мурдагыдай эле кайчы пикирде калышты.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезити Ак үйдүн расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап жазгандай, Путин жолугушууда АКШ, Британия, Франциянын Асад өкмөтү козголоңчуларга каршы химиялык курал колдонгон деген ырастоолоруна ишенбей турганын көрсөткөн.

Жолугушуудан кийин кабарчылар алдына чыкканда Путин химиялык курал тууралуу оозанган жок. Ал эми Барак Обама өз сөзүндө:

- Сирия боюнча биздин көз карашыбыз ар башка. Бирок бизде кыянатчылыктарды азайтуу, химиялык куралдын коопсуздугун камсыздап, ал эч убакта колдонулбашын жана жайылтылбашын кепилдөө боюнча кызыкчылыктарыбыз окшош. Биз маселени мүмкүн болсо саясий жол менен чечүүгө аракеттенгибиз келет жана өз командаларыбызга Женевада жолугушуу уюштуруу мүмкүнчүлүгү үстүнөн иштөөнү улантууга көрсөтмө беребиз.

Путин менен Обаманын Түндүк Ирландиядагы кездешүүсү алдында АКШ Сирия режими химиялык курал колдонгонун, андан кеминде 150дөй киши өлгөнүн билдирип, эми козголоңчуларга курал-жарак берүү жагын караштырарын айткан эле.

АКШнын ушул планын эске алдыбы, Сирия президенти Башар Асад дүйшөмбү күнкү сөзүндө кокус козголоңчуларга курал берилсе, бул үчүн Европага “кун төлөөгө” туура келерин, натыйжада терроризм Европаны көздөй экспорттолот деп эскерткен.

Өз кезегинде Орусия Батыш тарабынан Асадын режимин колдоп гана тим болбостон, аны курал менен жабдып жатканы үчүн сынга алынып келинет.

"Чоң сегиздин" саммитине чейин Британиядагы сапары учурунда Путин Москванын Сирия бийлигине курал беришин коргоп, мында эл аралык укуктун нормалары кымындай да бузулган жок деп ырастады. Тескерисинче Батышты - душманын өлтүрүп гана тим болбостон “ички органдарын жеген” согушкерлерге курал бергиси келип жатат деп күнөөлгөн.

Путин Обама менен жолуккандан кийинки сөзүндө:

- Кээ бир маселелер боюнча биздин турум али шайкеш эмес. Бирок Сириядагы кыянатчылыктарды, адам өмүрүнүн кыйылышын токтотуу, кырдаалды тынчтык жол менен жөнгөрүүгө, анын ичинде тараптарды Женевада сүйлөшүү үстөлүнө олтургузууга умтулуубуз бирдей. Биз тынчтык сүйлөшүүлөр жараянына түрткү берүүнү макулдаштык.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс”, британдык “Индепендент” гезиттеринин жазганына караганда, "Чоң сегиздин" Сирия кризиси үстөмдүк кылган саммитинин соңунан бул маселе боюнча жыйынтык коммюнике кабыл алынуусу керек.

Саммиттин конок ээси, британ премьери Дэвид Кэмерон ага беш принципти киргизүүнү сунуш кылган. Эң башкысы Сириянын өткөөл өкмөтү президент Асадсыз түзүлүшү керек.

“Нью-Йорк Таймс” жана “Индепендент” белгилегендей, эгер Орусия Сирия боюнча жыйынтык коммюникеге кол койбосо, ал "Чоң сегиздин" калган жети өлкөсү тарабынан эле жасалат. Аталган басылмалардын пикиринде, мындай кадам орус президенти обочодо калтырылды дегенди билдирмекчи.

Бирок саммиттин жыйынтыгында Орусия талабы эске алынгандай. Анткени коммюникеде Сирия президенти Башар Асаддын тагдыры боюнча эч нерсе айтылган жок.

“Чоң сегиздин” өлкөлөрү Женевадагы тынчтык конференциясы “мүмкүн болушунча тез арада” өтүүсү керектигин көргөзүштү.

Британ премьери Дэвид Кэмерон дүйнө лидерлери Сирия боюнча “фундаменталдык пикир келишпестиктерди” жеңе алды деп ырастады.

Иран жана Түндүк Корея

АКШ жана Орусия президенттеринин эки сааттан ашуунга созулган жолугушуусунда өзөктүк курал жасап жатат деп шектелген Түндүк Корея жана Иран маселеси да талкууланган.

Барак Обаманын айтымында, Вашингтон да, Москва да Ирандын болочок президенти Хасан Руханиге үмүт байлап турушат:

- Биздин Түндүк Корея жана Иран боюнча талкуубуз абдан жемиштүү болду. Экөөбүз тең Түндүк Корея боюнча жакындан кеңешип турууну макулдаштык. Ал эми Иран боюнча экөөбүз тең - жаңы шайлоо бизге Ирандын өзөктүк программасына байланышкан проблемаларды чечүүгө мүмкүндүк берген диалогду алга жылдыра алат деген этият оптимизм билдирдик.

Ирандын шайланган президенти Хасан Рухани дүйшөмбү күнкү басма сөз жыйында өлкөсүнүн талаштуу өзөктүк программасында көбүрөөк ачыктыкты убада кылды, бирок ошол эле учурда Тегеран уран байытууну токтото албасын да белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG