Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Путин "Эмгек баатырларына" СССРди "кайтарды"


СССР учурундагы Эмгекчилер майрамындагы параддан. Москва, 1-май, 1975-жыл.
СССР учурундагы Эмгекчилер майрамындагы параддан. Москва, 1-май, 1975-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн 1-майдагы Эмгекчилер майрамында жакында кайра жандандырылган “Эмгектин баатырларына” медалын тапшырат. Путин бийликтеги жылдары СССРдин символикаларын кайтарууга буга чейин да аракеттерди жасаган.

СССРдин символдорунан Орусияда алгач улуттук гимн сакталып калды. Андан ары Советтик аскерий параддар кайрадан өткөрүлө баштаган. Эми Мекен үчүн жанды аябай иштегендердин эрдигин өзгөчө белгилеш үчүн “Эмгек Баатырлары” деген төш белги кайрадан тагыла турган болуп турат.

"Эмгектин баатыры" медалынын дизайны
"Эмгектин баатыры" медалынын дизайны
1-майда орус президенти Владимир Путин өз ишинде өзгөчө ийгиликке жеткендерге медаль тагып, дагы бир жолу Советтик доорду сагынычтуу белгилемей болууда. Бул – мыкты эмгекчилерди мактоо 1991-жылы токтоп калгандан бери аны кайрадан жандандырууга көрүлгөн алгачкы аракет.

Аны алгачкылардан болуп кимдер аларын Кремль жарыялай элек, бирок жергиликтүү маалымат каражаттарында айтылгандарга караганда, алгач медалга татый тургандардын катарында 80 жаштагы педиатр менен Тула облусунда жетим балдар үйүн жетектеген аял, 37 баланын энеси болот. Анын балдарынын көпчүлүгү багылып алынган.

Эмгекчилерге күжүрмөн эмгеги үчүн медаль тапшырууну алгач 1927-жылы Иосиф Сталин киргизген. Бүгүн эми Орусиядагы “Жаз жана Эмгекчилер күнүндө” (СССРдин тушунда бул “Эмгекчилер күнү” эле) президент Путин ушул эле кайрадан жандандырылып, аты бир аз өзгөртүлгөн наамды Петербургдагы салтанатта тапшырат.

Путин “Орусиянын Эмгек Баатыры” деген жаңы наам жөнүндө жарлыгын март айында чыгарган.

Ал арада, Орусиядагы “Известия” басылмасы али эч кимге белгисиз ал жаңы медалдын дизайнын басты. СССРдин тушундагы медалда беш кырдуу жылдыздын борборунда орок менен балка тартылган болсо, анын ордуна жаңы версияда ошол эле жылдыздын борборунда Орусиянын гербиндеги эки баштуу бүркүт тартылган. Артында “Орусия Федерациясынын Эмгек Баатыры” деген жазуу көрүнөт.

Президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Эмгектин Баатырларына” алгачкы сыйлык бүгүн берилерин белгиледи.

Путин Сталиндин доорундагы бул наамды кайра жандандыруу чечимин учурунда “Уралвагонзаводдун” кызматкери болгон Игорь Холманскихдин суранычынан кийин кабыл алса керек дешет. Холманских 2011-жылдын этегинде Путин эл менен баарлашкан маалда өзүнүн заводундагы эркектерди чогултуп, Москвада митингге чыгып жаткан “билимдүү даңгеселерди” өздөрү эле кууп таркатканга даяр экенин айткан.

"Мен береги митингдер жөнүндө айткым келет. Эгер биздин милиция же полиция аларды басып койгонду билбесе, анда биз бул жактагы жигиттер менен барып, аларды таркатканга даярбыз", - деген эле Холманских.

Эң кызыгы – Путин ошол окуядан көп өтпөй эле ушул кишини өзүнүн Урал боюнча өкүлү кылып дайындады. Ушул Холманскихге окшогон кадимки өндүрүштүн кызматкерлери Путин азыркы сыйлыгы менен колдойм деп жаткандардын катарына кирет.

Дегинкиси, бул Путиндин Советтер Союзунун тушунда идеологиялык кемтикти толтуруп турган баалуулуктарды азыркы турмушка кайтарууга көргөн жалгыз аракети эмес. 2000-жылы ал СССРдин гимнине жазылган музыканы кайрадан Орусиянын гимнине кайтарган. Айрымдар соңку кездери Сталинди актоого аракет да акырындап жандана баштаганына нааразы болушууда. Маселен, соңку айларда Волгоградга мурдагы ысмын – Сталинградды кайтаруу – демилгеси айтыла баштады.

Бул эле эмес, Путиндин азыркы президенттиги башталгандан тарта өлкөдө адам укуктарын, сөз эркиндигин чектеген бир топ мыйзамдар кабыл алынып, бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк агенттерге” теңөө өңдүү аракет да “сталиндик ыкмага” окшошуп баратканын өткөн аптада эле Путиндин эл менен баарлашуусунда журналист Алексей Венедиктов айткан эле. Бирок ага жооп берип жатып Путин: “Мен мында Сталинизмдин белгилери бар деп эсептебейм, - деди. – Сталинизм жеке адамга сыйынуу, мыйзамдын массалык бузулушу, репрессия менен байланыштуу түшүнүк. Азыр Орусияда мунун бири да жок жана болбойт деп үмүттөнөм. Анткени азыр коом башка, андайга жол бербейт. Бирок мунун баары бизде тартип, дисциплина болбош керек дегенди билдирбейт. Баары мыйзам алдында бирдей. Эч ким эч кимди түрмөгө “саясий себептер” менен атайылап камап жаткан жери жок. Адамдар саясий көз карашы же аракети үчүн камалып жаткан жок, алар мыйзамды бузуп жатышканы үчүн отуруп жатышат”.

“Эмгектин баатыры” наамы 1927-жылдан 1938-жылга чейин берилип, кийин “Социалисттик эмгектин баатыры” деп өзгөртүлгөн. Бул сыйлыктар элди күжүрмөн эмгекке шыктандырыш үчүн берилип келген. СССРдин тушунда аны 20 миңдей адам алганы айтылат. 1991-жылы Советтер союзу таркап кеткенден кийин наам да берилбей калган болчу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG