Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Роухани Горбачёвду туурабайт


Хасан Рухани (трибунада ак селдечен) Тегерандагы аскерий парадга көз салууда. 22-сентябрь, 2013
Хасан Рухани (трибунада ак селдечен) Тегерандагы аскерий парадга көз салууда. 22-сентябрь, 2013

Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани ушул аптада биринчи жолу Бириккен улуттар уюмунда сөз сүйлөйт.

Нью-Йоркко жасалчу сапар - расмий Тегерандын жар салышынча - Ирандын ички-тышкы саясаттагы ачыктыгын жана “тарыхый ийкемдүүлүгүн” эл аралык коомчулукка шардана кылууга тийиш. Ал үчүн бир ууч саясий туткундар түрмөдөн да чыгарылууда. Бул бирок Иран карманган саясатын өзгөртөт дегенди түшүндүрбөйт.

Иран жетекчилиги тутунган саясый багыт тууралуу сөз кылган серепчилер эки нерсеге: теократиялык башкарууга жана өлкөнүн ядролук программасына өзгөчө көңүл бурушат. Диний жетекчиликтин айтышынча, өлкөнү руханий көсөм Улуу Аятолла шарият канондоруна ылайык эч кынтыксыз башкарууда. Непада бул жолой бузулса, диний төбөлдөрдүн бийликти колдон чыгарып жиберүү коркунучу күчөйт. Ушундан улам, диний чөйрөдө өсүп жетилген Хасан Роухани саясий реформага дарбазаны кенен ачкандан айбыгат, - дейт теги ирандык британ илимпозу Ануш Эхтешами:

- Арийне, арканды бошоңдотсоңуз, талап күчөй турганы талашсыз. Ошон үчүн Роухани убада берүүдө өтө этият болууда. Ал экономика, маданият жөнүндө “Биз азыркы системабыздын курун бошото албайбыз”,- деп өтө сак сүйлөдү.

Роухани бир апта илгери АКШнын Эн-Би-Си телеканалына курган маегинде Батыш менен ядролук маселе боюнча макулдашууга жетүү үчүн өлкөнүн руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейиден “үргүлжүң укук” алганын айткан. Бирок ал кандай укук экенин чечмелеп берген эмес.

Ал эми 23-сентябрда Тегеранда парад болгон кезде Роухани Ирандын башка өлкөлөрдөй эле уранды байытканга укугу бар, ошондуктан ядролук сүйлөшүүдө Батыш алдын ала эч кандай шарт койбош керек экенин айтты. "Мындай укугубуз таанылса, Иран Батыш менен регионалдык жана глобалдык маселелер боюнча кызматташууга даяр", - деп кошумчалады ал. Бул мисал, серепчилердин айтымында, президент Роухани ядролук программада өзүнөн мурунку президент Махмуд Ахмадинежаддын саясатын улантарын жышааналайт.

Бирок ал 2009-жылы Ахмадинежад кайра президент шайлангандан кийинки нааразылыктар маалында камакка алынган оппозиция мүчөлөрүн, анын ичинде укук коргоочу Насрин Сотудехти абактан чыгарды.

Хасан Роухани
Хасан Роухани
Хасан Роухани, талдоочулардын баамдашынча, 1989-97-жылдары президенттик кылган Акбар Хашеми Рафсанжани сыңары экономикалык реформага басым жасап, саясий маселелерге этият мамиле кылат. Анын себеби, саясий реформа мурдагы Советтер Союзундагы Горбачёвдук кайра куруу (перестройка) сыяктуу өлкөнү ыдыратып жибериши ыктымал деп кооптонот.

Теги ирандык Мехрдад Эмади Британиянын Betamatrix International Consultancy компаниясынын экономисти. Анын байкашынча, башкаруучу диний элита борборлоштурулган бийлик бошоң болсо, автономиялык маанай күч алат деп ойлойт. Андай кооптонуу негиздүү. Анткени Ирандын Түндүк Батышында азери көпчүлүгү, Батышта күрт калктуу аймак, Түштүк Чыгыштагы Систан аймагында жана Белужистанда белуж көпчүлүгүндө өз алдынчалыкка умтулган топтор бар. Алар, Эмдинин айтышынча, коңшу өлкөлөрдөгү кандаштары менен бекем байланышта жашайт:

- Алар Азербайжан түрктөрү же жарым автономиялуу Ирак Күрдистаны менен, же Ирандын Систан жана Белужистан провинциясынын калкы Пакистандын өз маданиятына аябай жакын эли менен дагы жакын байланышканга умтулат деп коркушат.

Эмадинин айтымында, Иран жетекчилиги аймактардын өзгөчөлүгүна көңүлкош мамиле кылып, жикчилик маанайга май тамызууда. Ошондуктан 2005-06-жылдары Түштүк Батыштагы Кузестан провинциясындагы бомба чабуулдары үчүн жергиликтүү араб уюмдарын, Систан менен Белужистандагы коогалаң үчүн белуждардын “Жундалла” уюмун күнөөлөгөн.

Мындан келип, саясий реформадан чочуган президент Роухани капиталга эркиндик берген жана бир партия башкарган Кытай моделин үлгү тутат,- дешет серепчилер.

XS
SM
MD
LG