Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Румынияда нааразылык акциясы уланууда


Бухаресттеги массалык нааразылык акцияларынын башталганына төрт күн болду.
Бухаресттеги массалык нааразылык акцияларынын башталганына төрт күн болду.

Румыниянын баш калаасы Бухарестте беш күндөн бери нааразылык акциясы уланууда. Демонстрацияга чыккан 30 миңдей адам 4-ноябрда өлкөнүн премьер-министри Виктор Понта кызматтан кеткенине карабай, өлкөдөгү саясий элитанын алмашуусун, реформаларды жана коррупцияны тыюуну талап кылышууда.

Нааразылык акциялары Бухаресттен башка Румыниянын бир катар шаарларында да уланды. Тимишоара жана Яссы шаарларында демонстрацияга чыккандардын саны 3-5 миңге жеткен. Массалык акциялардын башталышына 31-октябрга караган түнү Бухаресттеги “Коллектив” түнкү клубунда чыккан өрт түрткү болду. Клубдагы тилсиз жоодон 32 адамдын өмүрү кыйылып, ондогон кишилер жабыркаган. Миттингге чыккандар клубдагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнө клубга лицензия берген аткаминерлер жооптуу деп айыпташууда.

4-ноябрда өлкөнүн премьер-министри Виктор Понта кызматтан кетти. Ал кетип жатып “менин кызматтан кетишим көчөгө чыккандарды тынчытат деген ишеничтемин” деп айтканы менен нааразылык токтогон жок.

2012-жылы бийликке келген премьер-министр Понтага сентябрь айында эле көз боёмочулук, арам акчаны адалдаштыруу жана адвокат кезинде салык төлөөдөн качкан деген айыптар коюлган. Кылмыш иш боюнча сот процесси ноябрда башталары күтүлүүдө. Румыниядагы үч солчул партиядан куралган парламент туруктуу көрүнгөнү менен демонстранттар мыйзамчылардын да кетишин талап кылышууда.

"Алды менен биз парламент таратылып, бийликке жаңы саясатчылардын келишин каалайбыз. Анткени азыркы бийликтегилер эч нерсе кыла алышпайт, биз өз жашообуздун көрүүчүлөрү болгондон тажадык, эми өз жашообуздун башкы каармандары болуп, өз каалаганыбыздай жашагыбыз келет", - дейт акциянын катышуучуларынын бири.

5-ноябрда Румыниянын президенти Клаус Йоханисс билим берүү министри Сорин Кымпянга премьер-министрдин милдетин аткарууну тапшырды. Ал жаңы министрлер кабинети шайланмайынча бул кызматты аткарат.

Билим берүү министри Сорин Кымпян убактылуу премьер-министрдин милдетин аткарып турат.
Билим берүү министри Сорин Кымпян убактылуу премьер-министрдин милдетин аткарып турат.

Нааразылык акциясына чыккан румындар бийликтин толук отставкага кетишин талап кылган ураандарды кыйкырып, 25 жыл мурдагы революциянын символуна айланган жыртылган улуттук желекти көтөрүп чыгышты. 1989-жылкы дүйнөнү сестенткен революцияда диктатор Николае Чаушеску бийликтен кулатылган.

"Биз коррупцияга, коррупционерлерге жана аларды коргоп жаткан системага каршыбыз. 1989-жылы болгон антикоммунисттик революцияда эл эркиндик үчүн күрөшкөн. Ал эми быйыл биз адилеттик үчүн күрөшүп жатабыз", - дейт демонстрациянын катышуучусу Ханс.

Күбөлөрдүн айтуусунда, мурдагы бут кийим фабрикасынын имаратында жайгашкан “Коллектив” түнкү клубунда чыккан өрт пиротехниканын жарылышынан улам тутанган. Жалын каптаганда ичиндеги 400 адам клубдун жалгыз эшигин көздөй жабыла чуркап, көптөрү тепсендиде калып мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG