Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Орусия: “Мемориалга” кысым күчөдү


Орусиянын Жогорку Соту ноябрда “Мемориал” коомдук уюмунун ишмердигин токтотуу чечимин кабыл алышы мүмкүн.

Уюмду жабуу талабы менен сотко Юстиция министрлиги кайрылган.

"Мемориалчылар" болсо эмне болгон күндө да ишин токтотпоо чечимине келишти.

Ушул жылы "Мемориал" коомуна 25 жыл толду. 1989-жылы уюм регионалдык уюшмалардын бүткүл союздук бирикмеси катарында ишмердигин баштаган. Советтер Союзу кулаганда "Мемориал" эл аралык жана орусиялык коом болуп экиге бөлүнүп калган.

Учурда «Мемориал» эл аралык тарыхый-билим берүүчү, укук коргоочу жана кайрымдуулук коом деп аталып, Орусия, Германия, Казакстан, Латвия, Армения, Грузия жана Украина өлкөлөрүнүн ондогон уюшмалары менен кызматташтыкта иш алып барат.

Орусияда “Мемориалдын” астында бир нече аймактык уюмдар ишмердигин жүргүзөт. Соңку эки жылда күч алган бейөкмөт уюмдарга каршы мамлекеттик кампания башталгандан бери прокуратура тарабынан "Мемориал" коомунун да тигил же бул уюшмаларына текшерүүлөр жүргөн.

Ушундай текшерүүлөрдүн биринде Юстиция министрлиги Мемориал коомуна кирген уюмдар менен коомдун баштапкы уюшмасынын уставдары дал келбейт деген дооматын койгон. Муну "Мемориал" коомунун башкармалык мүчөсү Александр Черкасов кылдан кыйкым издөө деп түшүндүрдү:

– Юстиция министрлиги "Мемориалга" кирген уюмдар туура эмес түзүлгөн, алардын аталышында “Мемориал коомунун бөлүмү” деген сөздөр жок деп доомат артып жатат. Бул туура эмес. Муну мектеп формасына салыштырсак болот. Эгер сен форма кийбесең, сен окуучу эмессиң дегендей мамиле. Чындыгында биз менен иштешкен уюшмалар жер-жерлерде түзүлгөн жана алардын өздөрүнө гана тийиштүү уставдары бар. Биз өйдөдөн ылдый көздөй башкарылчу уюм эмеспиз. Бул жерде мындай болуп жатат: “Сиздин башыңыз ашыкча болуп жатат, келиңиз аны кесип салалы, чачыңыз да кызыктай кыскартылыптыр” дегендей.

Мемориал менен Юстиция министрлигинин ортосундагы соттук териштирүүлөр эки жылдан бери жүрүп келет. “Мемориал” Минюсттун дооматтарын канааттандыруу үчүн ушул ноябрдын экинчи жарымында бүткүл орусиялык конференция өткөрүүнү белгилеген чакта, Орусиянын Жогорку Соту 13-ноябрга Юстиция министрлигинин "Мемориалды" таптакыр жабуу талабын канааттандыруу үчүн сот отурумун белгиледи. "Сот кандай чечим кабыл албасын “Мемориал” өз ишмердигин улантууну көздөп жатат. Албетте, биздин түйүндүн толук кандуу иш алып баруусунда тоскоолдуктар болушу мүмкүн",- дейт "Мемориал" коомунун башкармалык мүчөсү Александр Черкасов:

– Эгер бизди жабуу чечими кабыл алынса, коомдун алкагында иш алып барган уюмдарыбыздын кызматташтыгына кедергиси тиет.

Ал арада "Мемориалга" федералдык телеканалдар аркылуу да чабуул жасалды. Өткөн апта соңунда НТВ каналы укук коргоочу “Мемориал” уюмун террорчу жана экстремисттик топторго көмөк көрсөтүп жатат деп айыптап чыкты.

Уюмга прокуратура да айып койгон. Анда “Мемориал” сырттан каржыланганы жана чет элдик “агент” катары көрсөтүлгөн.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG