Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:56

Орусиядагы кыргыз айдоочулардын акциясы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Екатеринбургда коомдук транспортто иштеген жүздөй кыргызстандык айдоочу иш таштады.

9-июлда Екатеринбургда №05, 012, 019 каттамдарында шаардык автобустарды айдаган кыргызстандыктар ишке чыкпай коюшкан.

Орусиялык басылмалар «мигранттар эмгек акыны көтөрүүнү талап кылышууда» деп жазышкан. «Чыгыш» аттуу транспорт компаниясынын башчысы Алексей Карпычевге шилтеме жасалып, борборазиялык мигранттардын ичинен кыргыз жарандары гана иш ташташканы баса белгиленген.

Ал эми бул «Чыгыш» компаниясы аркылуу Екатеринбургда коомдук транспортто айдоочу болуп иштеген Канат (аты өзгөртүлдү) жүзгө жакын кыргызстандык айдоочу жумуш берүүчүлөр маяна эки эсе кемитилгенин маалымдагандан кийин жумушка чыкпай коюшканын айтты:

«Екатеринбургда бир топтон бери айдоочу болуп иштейм. Бул жактагы кыргызстандыктардын дээрлик 60 пайызы транспортто. Биз жумасына 15 миң рубль алып иштечүбүз. Айлыкты убагында берчү, маселе болгон эмес. Бирок

Иш оңой эмес. Таңкы бештен түнкү 10-12ге чейин жумуштабыз.

Анан «жүргүнчү аз болуп жатат» деп эле «жумасына 7-7,5 миң рубль төлөнөт» дей башташты. Эртеси кыргыздар бирдей ишке чыкпай койдук».

Канаттын сөзү боюнча, мигранттарды шаардык транспортто иштеткен «Чыгыш» жеке менчик компаниясы айдоочулар менен эмгек келишимин түзгөн эмес. Көбү расмий эмес абалда иштейт.

«Айына 50-60 миң рубль алганда үй-бүлө багып, анан Кыргызстанга да салып турчубуз, - дейт ал. - 25-30 миң рубль эмнеге жетет? Чынында, маселе оң жагына чечилип калабы деп турабыз. Диаспорада чогулуп, консулдуктан адамдар келишти. Биздин үнүбүздү, суранычыбызды жеткиришет деген үмүттөбүз. Азырынча баары белгисиз».

«Чыгыш» транспорт компаниясынын башчысы Алексей Карпычев орусиялык басылмалардагы маегинде айдоочулардын айлыгын жүргүнчүлөр, сезондук шарттар менен байланыштырып, муну «убактылуу» деп түшүндүргөн. Екатеринбургдун мэриясы шаарда коомдук автобустардын бир нече каттамы иштебей калышын техникалык кыйынчылыктарга байланыштырган.

Кыргызстандык айдоочулар болсо бир жагынан биротоло жумушсуз калуудан чочулап, экинчи жагынан эмгек укуктарынын сакталышын талап кылышууда.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова бул маселе боюнча Екатеринбургдагы башкы консулдукка тапшырма берилгенин билдирди.

Орусияда кыргызстандыктар эмгек укуктарын, иште коопсуздук шарттарын талап кылмак тургай кадимки эмгек келишимин түзүп, айлыгын өз маалында алышы да кыйын. Мигранттар ортомчу агенттиктер аркылуу бир нече ай бою иштеп, маяна ала албай калган учурлар көп.

Айрым серепчилер муну Орусиядагы экономикалык абал менен байланыштырса, башкалары эмгек рыногунда түзүлүп калган ортомчу агенттиктердин алдамчылык схемалары менен түшүндүрөт.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Төлөнбай Кожобаев бул көйгөйлүү маселе болуп турганын моюнга алды:

Төлөнбай Кожобаев.
Төлөнбай Кожобаев.

«Быйыл эле эки миңдей адам эмгек акы боюнча кайрылды. 94 миллион 297 миң рубль айлык алынбай калган. Быйыл бул убакта айлык боюнча 1500 жараныбыз кайрылган. Демек, эмгек акысын ала албай калгандар көбөйүп жатат. Биздин кызматкерлер маселени ордуна чейин барып чечип жатышат. Булар эми жеке менчик компаниялар экен. Көбү имаратына да киргизбей коёт. Сүйлөшүү менен быйыл 29 миллион рублин жарандарыбызга кайтарып бере алдык. Арыздарды карап, сереп салсак, дээрлик 100 пайызы эмгек келишими жоктор, анан курулушта иштегендер».

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө 2018-жылы 128 миллион рубль эмгек акы боюнча арыз түшүп, анын 61 миллион рубли иш берүүчүлөрдөн өндүрүлгөн. Өкүлчүлүк айрым арыздар боюнча Орусиянын Тергөө комитетине да кайрылган.

Орусиянын ИИМинин маалыматы боюнча 1-апрелге карата Орусияда 708 миңден ашуун кыргызстандык бар, алардын 221 миңдейи миграциялык каттоого турган. Екатеринбургда 30 миңдей, ал эми жалпы Свердлов облусунда 50 миңден ашуун кыргызстандык мигрант эмгектенет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG