Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Орусияда ВИЧке чалдыккан кыз чарчап калды


Екатеринбург шаарында ВИЧке текшерген көчмө лаборатория
Екатеринбург шаарында ВИЧке текшерген көчмө лаборатория

Ата-энеси ВИЧке чалдыккан кызын дарылатпай койгондон кийин чарчап калды. 10 жаштагы кыз энесинин ичинде эле ВИЧке чалдыккан. Кийин аны асырап алган ата-энеси диний ишенимден улам баланы дарылатуудан караманча баш тартышкан.

Cанкт-Петербургда жашаган 10 жаштагы кыз ВИЧ илдети өтүшүп кеткендиктен 27-августта жарыкчылык менен кош айтышканын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кызды багып алган православ диниятчы менен аялы вирустун өрчүп кетишин токтоткон дары-дармекти берүүдөн баш тартышкан. Диний ишенимден улам үй-бүлө башчылары СПИДди ач көз фармакологиялык компаниялар ойлоп тапкан, мындай илдет жок деген көз карашта болушкан.

Аты-жөнү айтылбаган өспүрүм кыз Питердеги балдар ооруканасында жатып жан берген. Баккан үй-бүлө алдан тайган кызын соттун чечими чыккандан кийин гана ооруканага жаткырууга уруксат берген.

Мигранттардын СПИД жуктурган жубайлары

Мигранттардын СПИД жуктурган жубайлары

Тажикстандын Хатлон облусунда 500дөй аял ВИЧ-СПИД дартын алып жүргөнү аныкталды.

Питердеги балдар омбудсмени Светлана Агапитова оорукчан кыз илдети өтүшүп кеткенден кийин гана догдурлардын колуна түшкөнүн айтат. “Кыз оорукананын реанимация бөлүмүнө оор абалда келген. Анын күн көрүп кетишине дээрлик үмүт жок болчу” деген омбудсмендин сөзүнө "Интерфакс" агенттиги шилтеме берет.

ВИЧке чалдыккан кызды дарылатуудан караманча баш тарткан ата-эне сот жообуна тартылышы мүмкүн. Орусиялык медиада чыккан маалыматтарда кызды асырап алган жубайлардын аты-жөнү, жаш курагы айтылбайт. Алар буга чейин дагы оор илдеттерге кабылган бир нече баланы асырап алып өстүргөн экен. 10 жаштагы кызга болсо төрөлгөндө эле ВИЧ диагнозу коюлган жана жубайлар аны багып алып жатканда бул тууралуу билишкен.

Ата-эне догдурлар менен бийликтердин кызды дарылатууга мажбурлаган катуу кысымынан качып, дарылоонун альтернативалуу жолдорун издей баштаган.

Догдурлар жубайлардын кызын дарылатуудан баш тартканы боюнча арыздангандан кийин сот иши башталып, ал бир жарым жылга созулган. Соттун чечими менен гана акыры кыз ооруканага жаткырылган. Кызынын катуу оорулуу экенин кабыл албаган ата-эне аны дарыланып жаткан жеринен “уурдап” кетүүгө дагы аракеттенишкен.

Питердеги ортодокс чиркөөсү кыздын өлүмүн “чоң трагедия” деп атап, чиркөө ВИЧке чалдыккандардын дарылануусун чектебей турганын билдирет.

ВИЧке каршы ураан жазылган плакат.
ВИЧке каршы ураан жазылган плакат.

Орусиянын православ чиркөөсүнүн кызматкери Максим Плетнеев ВИЧ/СПИД тууралуу маселеге чиркөө “олуттуу” карарын белгилейт. Чиркөөнүн көз карашы боюна кандай гана илдет болбосун аны эки тараптан адамдын жан дүйнөсүн жана денесин дарылоодон караш керек дейт.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин ВИЧке байланышкан маселелер боюнча башкы адиси Евгений Воронин питерлик өспүрүм кыздын кайгылуу тагдыры "СПИДди жокко чыгаргандардын өлүмгө жеткирген дагы бир мисалы" дейт.

Буга чейин Сибирдин Тюмень шаарында атасы ВИЧке чалдыккан кызына аялы дары-дармек берүүдөн баш тартып жатканын айтып, сотко арызданган. Соттун кийлигишүүсү менен догдурга жаткырылган үч жашар наристе чарчап калган.

Аялга каршы баланы өлүмгө жеткирген деген негизде кылмыш иши ачылганы менен күйөөсү арызын кайра алгандан кийин иш жабылган.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө 860 миң киши ВИЧти алып жүрөрүн билдирсе, бейрасмий маалыматтарда 1 жарым миллиондун тегереги деп көрсөтүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG