Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 01:24

Орусияда «декретке» чыккан аталар


Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Орусияда 14 миңдей ата бала багууга өргүүгө чыгат.

2018-жылкы көрсөткүч боюнча бул Орусияда балалуу болгон эркектердин 2% гана декретке чыгуу укугун колдонгонун түшүндүрөт. Анткен менен эксперттер жылдан жылга бул көрсөткүч туруктуу өсүп баратканын белгилеп жатышат.

Орусиянын Эмгек кодексинде эркектердин декретке чыгуу укугу 2007-жылы бекитилген. Бала багууга байланышкан өргүүнү ата-энеден тышкары ымыркайдын камын көрүп, аны баккан чоң ата, чоң энеси же башка тууганы алса болот. Бала багууга өргүүгө чыккан эркектердин жумуш орду сакталат, иш стажына эсептелет жана 1,5 жыл бою айлыгынын 40% - 28 миң рублга чейин жөлөкпул төлөнүп турат.

Ал эми Кыргызстанда аталар бала багууга байланышкан өргүүнү өтө сейрек пайдаланышат. Адистер муну көбүнчө коомдогу стереотиптик көз караштар, ошондой эле декретке чыккан аталарга жөлөкпул каралбаганы менен түшүндүрүшөт. Бирок акыркы кезде Орусияда жарандык алган кыргызстандыктардын арасында бала багуу үчүн расмий декретке чыккан аталар кеңири жайылып баратат.

Москвада он жылдай жашаган Марал биринчи эки баласын багуу үчүн өзү декретке чыккан. Бирок үйдө бала карап отуруп эмгек стажы аз болуп калгандыктан жана расмий иштеген айлыгы аз болгондуктан, үчүнчү балалуу болгондо күйөөсүнүн декретке чыгышын туура көрүшкөнүн айтты:

«Көбүнчө балдар менен үйдө отуруп калганым үчүн көп деле иштеген эмесмин. Декретке минималдык жөлөкпул менен эки жолу чыккам. Анан үчүнчү балабыз төрөлгөндө капыстан эле Интернеттен аталар да декретке чыкса болорун окуп калдык. Жолдошум ишиндеги бухгалтерияга барып, сураштырып көрдү. Ал бир жерде бир топтон бери жакшы айлык менен иштегендиктен, ал декретке чыкса, төлөмү жогору болот экен. Өзү да тынбай иштеп, чарчап калган, ал кезде. Анан бизге ушул туура болот экен деп чечтик. Ошентип, күйөөм бир жылдан бери декретте. Айына 26 200 рубль алабыз».

Анткен менен Маралдын күйөөсү бала деле бакпайт. Бала багууга өргүүгө чыгып алып, башка иштер менен алек. Ага карабай Марал күйөөсүнүн декретке чыкканын Кыргызстандагы туугандары кызыктай кабыл алганын моюнга алды:

«Туугандар: «Эмнеге жумушунан чыгып кетти?» деп сурай башташты. «Декретке чыкты» деп түшүндүрсөк, кадимкидей эле каткырып, шылдың кылышты. Кыргызстандагы туугандарыбыз эч ишенишпеди. Москвада болсо минтип бала багууга өргүүгө чыгып алган тааныштарыбыз бар. Түшүнүп, туура эле кабыл алышат».

Орусияда жарандык алып, бала багууга өргүүнү пайдаланган мекендештер жүздөп саналат. Социалдык тармактарда аталар декреттин чоо-жайын сураштырып, өздөрүнүн тажрыйба-кеңештери менен бөлүшсө да көбү өз окуяларын ачык айтып берүүдөн дагы эле тартынып турганы байкалат.

Учурда бала менен үйдө отурган Гүлмира өзү кыргыз жараны болгондуктан, эки баласы тең төрөлгөндө орус жарандыгы бар жолдошу декретке чыкканын жазды:

«Биринчи балабызды 2016-жылы төрөдүм. Өзүм иште расмий катталбагандыктан, жарандыгым жок болгондуктан анда күйөөм декретке чыкты. Бир жарым жыл жөлөкпул алдык, күйөөм башка жерде иштеп эле жүрдү. Былтыр балалуу болгонубузда да күйөөм декретке чыкты, кошумча иштеп эле жатат».

Жылына өкмөт индексация кылып, өзгөртүп турчу бул жөлөкпулдун көлөмү 2020-жылы 6,5 миң рублдан 28 миң рублга чейин барат.

Эркек киши бала багууга өргүүгө чыгышы үчүн расмий эмгектениши зарыл. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, социалдык камсыздоо же иш менен камсыздоо органдарынан аялынын жумушсуздугун же аялынын эс алуусу аяктаганын тастыктаган документтерди чогултуп, жумуш берүүчүгө арыз менен кайрылышы керек.

Москвада үй-бүлөсү менен 12 жылдан бери жашаган Бакыт декретке чыгууга камынып, бирок жумуш берүүчүнүн айынан чыга албай калганын билдирди:

«Келинчегим кыргыз жараны болгондуктан декретке мен чыкмак болгом. Мен андан эч тартынган жокмун. Өзүм да, балам да Орусиянын жараны. Мен иштеп, тиешелүү салыктарды төлөчүмүн. Юридикалык жактан алганда бул менин укугум! Бирок жумуш берүүчүгө арыз жазсам, ал баш тартты. Мен кийин Эмгек инспекциясына, прокуратурага, президенттин аппаратына чейин кайрылдым. Айлыгымды, өзүмө тиешелүү эмгек өргүүмдү төлөп беришти, бирок декретке ошол мекемеден чыгаруудан баш тартып, акыры мени «өз арызың менен кет» деп коюшту. Жумуш берүүчүгө адатта мындай кошумча жүктүн кереги жок, баары эле макул боло бербейт».

Кыргызстан эгемендик алгандан бери миграция агымында жана жер которуп кеткендердин эсебинде 1 миллиондон ашуун кыргызстандык орус жарандыгына өткөнү айтылып келет. Алардын так эсеби алына элек.​

Кыргызстанда Эмгек кодексинин 307-беренесине ылайык аялдар 126 күн декреттик эс алууга чыга алат. Бул убакыт үчүн жөлөкпул каралган. Ал эми андан ары балага үч жашка чейин кам көрүү жобосу 137-берене менен бекитилип, ага ылайык баланы багууга энеси эле эмес, башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн да укугу киргизилген. Бирок бул эс алуу убактысы үчүн мамлекет акча төлөп бербейт. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде бала багуу үчүн өргүүгө чыккан эркектердин статистикасы жүргүзүлбөйт.

Билим берүү жана тарбия боюнча адис Асылбек Жооданбеков Кыргызстанда аталар бала багууга өргүүгө чыгарын 2016-жылы массалык маалымат каражаттарынан окуганын айтты.

Анда башкы прокурор Индира Жолдубаева парламентте отчёт берип жатып, прокуратурада бала бакканы декреттик эс алууга кеткен эркек кызматкерлердин санына таң калганын айткан. Бирок анда декретке кеткен эркек прокурорлордун саны ачык айтылган эмес.

Эксперт Асылбек Жооданбеков Кыргызстанда үй-бүлө институтун бекемдөө, бала тарбиялоодо аталардын жоопкерчилигин жогорулатуу мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула турган учурдун чакырыгы деп эсептейт. Бирок ал азыркы өлкө шартында декретке чыккан аталарга жөлөкпул чегерүү маселесин көтөрүүгө эрте деген ойдо.

Асылбек Жооданбеков.
Асылбек Жооданбеков.

«Орусия балдардын төрөлүшүн көбөйтүш үчүн ар кандай саясат жүргүзүп жатпайбы, - деп түшүндүрдү ал. - Анан ал жакта ошол жөлөкпулга кызыгып эркектер деле өргүүгө чыгып жатат. Кыргызстандын шарты башка, жагдай башка. Эки күн мурун социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров менен Баткенде болдук. Ошондо Кыргызстанда азыр 15 миллион сомго чейин социалдык жардам, жөлөкпул берилерин угуп калдым. Бирок жылдан жылга мындай жардам алган адамдардын жашоосу оңолуп деле кетпептир, мындай жардам анча натыйжалуу болбойт экен. Ошол эле кезде бүгүнкү күндө коомдо «күкүк аталар» көбөйдү. Биологиялык жактан ата болгонду билишет, бирок ошол аталык жоопкерчиликти, милдетти түшүрүп жибердик. Мамлекет балдардын ар тараптуу өнүгүшү үчүн атанын да, эненин да ролун күчөтүп, аларды бирдей колдоону колго алышы керек. Үй-бүлө куруу, бала өстүрүү, үй- бүлө институтун бекемдөө үчүн билим берүү, социалдык мекемелер менен өкмөт да чечкиндүү саясат жүргүзүшү керек. Дене кумарына батып, анан аялды бала менен сыздатып калтырып койгондордун көбөйгөнү биздин улутка оң таасирин тийгизбейт».

Бала багыш үчүн эркектердин эс алууга чыгышы Европа өлкөлөрүндө кеңири жайылган. Маселен, Швецияда аталардын дээрлик 80-90% жаңы төрөлгөн баласын карашууга жумушунан эс алууга чыгат.

Жакында эле Жапониянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Синзиро Коизуми өлкөдө декретке чыккан биринчи мамлекеттик кызматкер болуп калды. Тун баласынын төрөлүшүнө байланыштуу эки жумалык эс алууну суранган 35 жаштагы Коизумини министрлер кабинети колдоого алган. Жапон өкмөтү бала багуу үчүн өргүү алган эркектердин 6% ашпаган көрсөткүчүн эки эсе көтөрүп, балдарды тарбиялоодо аталардын жоопкерчилигин өстүрүүнү көздөп турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG