Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Жарандык үчүн АКШда төрөгөн кыргыз аялдары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл сайын орточо эсеп менен 450 түрк аял Америка Кошмо Штаттарына барып көз жарат. Алар АКШдагы "төрөт туризмине" 16 миллион доллар коротот. Түрк энелер ымыркайларына АКШ жарандыгын алып берүү үчүн ушундай чечим кабыл алышканын айтышат.

Түркияда жашаса да, АКШга барып төрөп келген кыргызстандык аялдар да бар. Жакында эле АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын аймагында төрөлгөн чет өлкөлүк ымыркайларга автоматтык түрдө жарандык берген жобону кайра карап чыгуу маселесин көтөрдү.

34 жаштагы Айжан - эки кыздын энеси. Ал он жылдан бери үй-бүлөсү менен Стамбул шаарында жашап келатат. Күйөөсү Канат менен жеке ишканада экспорт бөлүмүндө иштешет. Айжан иш сапары менен Америка Кошмо Штаттарында көп болгондуктан, экинчи кызын мухиттин ары жагында төрөмөкчү болгон. Ал АКШда төрөгөн жеке тажрыйбасын айтып берди:

- Негизи мен Америкага учуп баратканда чек арадан, паспорт текшерген, виза берген жерлерден эч ким эч нерсе сураган жок. Жети айлык боюмда болсо да ичим билинбегендиктен, эч ким байкаган жок. Менде АКШнын беш жылдык визасы бар болчу. "Иш аркылуу баратам" деп Стамбулдан Чикагого учкам. Документтеримди жакшылап текшеришип, алты айга чейин жүрүүгө уруксат беришти.

Айжан АКШга төрөөнү пландап жатканда алдын-ала жол-жобосун изилдеп билген. Чикаго штатында жашаган жакын достору жакындан колдоп, дем-күч бергенине ыраазы болду.

- Мен барганда эле бир түрк дарыгер менен сүйлөштүм, - дейт ал. - Алдын-ала ага бардык шарттарымды, жагдайымды түшүндүрдүм. Аман-эсен төрөдүм. Ооруканадан чыгарда бизден эч кандай төлөм сурашкан жок. Эки айдан кийин төлөм боюнча квитанциялар келгенден кийин гана биз Стамбулда туруп эле насыя карточкасы менен төлөп койдук. Ал эми кызымдын төрөлгөнү тууралуу күбөлүгүн ошондо эле Чикагодо жергиликтүү администрацияга алып барганыбызда чыгарып беришти. Күбөлүк менен бир жумада эле кызыма АКШнын жарандыгын алып, анан Стамбулга учуп келе бердик.

Айжандын үч жашка чыгып калган кызы Стамбулдагы бала бакчага барат. Келечекте жаш үй-бүлө Америка Кошмо Штаттарында жашагысы келет. Айжан кызы келечекте АКШнын паспорту менен бир топ мүмкүнчүлүктөргө ээ болот деп үмүттөнөт.

- Албетте, кызымды Америкада төрөгөнү бараарда жолдошум менен көп ойлонгонбуз, - деди Айжан. - Балдарыбыз АКШда окуп билим алса деп ойлойбуз. Азыр кызым үч жашта. Буюрса биринчи классты ошол жакка барып окуй баштаса деген тилегибиз бар.

Элет көзүнөн учкан төрөткана

Элет көзүнөн учкан төрөткана

Кыргызстандын аймактарындагы төрөтканаларды кыскартып, ирилештирүү жараяны төрөт курагындагы элеттик энелердин өмүрүнө коркунуч жаратып, жакындарын оор түйшүккө салууда.

Айтурган түрк жигити менен бирге түтүн булатканына быйыл алты жыл болот. Ал тун уулун эки жыл мурун АКШга барып төрөп келген. Азыр төрт айлык боюнда бар. Ал Түркиядагы ортомчу фирмалар аркылуу бул жолу да Америкага барып төрөп келүүнү пландаштырып жатканын айтты:

- Биз жолдошум менен Америкага бир канча жолу барып эс алып келгенден кийин балдарыбызды ошол жактан төрөсөм, жарандык алышсын деп ойлогонбуз. Тун баламды эки жыл мурун атайын түрк ортомчу агенттиги аркылуу барып төрөп келгем. Анда 15 миң доллар бергенбиз. Азыр төрт айлык боюмда бар. Тун уулума берген мүмкүнчүлүктү экинчи балабызга да берели деп, кайра эле ошол агенттиктерге кайрылганбыз. Бирок эки жыл ичинде мен төрөгөн ооруканадагы баалар 25 миң долларга көтөрүлүптүр. Азырынча акча топтоп, кайрадан эле ошол ортомчу агенттик менен барып төрөп келейин деп жатам. Фирмалар аркылуу барган кыйла жеңил.

Жеке менчик фирманын статистикасына ылайык, жыл сайын түркиялык 450 аял АКШга барып төрөп, 16 миллион доллар таштап келет. Айрымдары өз күчү менен барып төрөп келсе, көбү атайын ортомчу фирмалардын кызматынан пайдаланат. Ушу тапта кулачын кеңири жайган "төрөт туризми" болочок эненин Кошмо Штаттарга барып көз жарышын жана ымыркайдын АКШ жарандыгын алуусуна байланыштуу ишти өз мойнуна алат. Кызматтын баасы штатка жана ооруканага жараша өзгөрөт. Учурда түрк ортомчу фирмалары АКШда бир төрөт үчүн 15 миң доллардан 50 миң долларга чейин акы алышат.

Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясынын 14-беренесине ылайык АКШнын аймагында төрөлгөн ар бир ымыркай өлкөнүн жарандыгын алганга укуктуу. Ушу тапта президент Дональд Трамп АКШнын аймагында төрөлгөн чет өлкөлүк ымыркайларга автоматтык түрдө жарандык берүү тууралуу жобону кайра карап чыгуу маселесин көтөрүп жатат. Ымыркайга берилген америкалык паспорт ата-энесинин жарандык статусуна таасирин тийгизбейт.

Жыл сайын жүздөгөн түркиялык үй-бүлөлөрдү АКШга төрөткө жиберген www.amerikadadogum.com сайтынын өкүлү Берна Чил АКШдагы бул сыяктуу талкуулар алардын ишмердигине тоскоол боло албайт деп ишенет.

- Трамптын мындай кескин билдирүүлөрүн угуп көнүп деле калбадыкпы, - деди Берна Чил. - Азырынча АКШда төрөлгөн чет өлкөлүк балдарга берилип жаткан жарандык боюнча маселе чыга элек. Бул сыяктуу билдирүүлөр жөн гана коомду бүдөмүк ойго салып жаткандай.

Вашингтон шаарында жайгашкан "Миграция изилдөө борборунун" (Center for Immigration Studies) маалыматы боюнча АКШга жыл сайын орточо эсеп менен 36 миңден ашуун чет өлкөлүк аял төрөгөнү барат. Алар негизинен Кытай, Тайван, Корея, Түркия, Орусия жана Бразилия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG