Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Орус окуу жайы студенттерин чектөөгө мажбур


Жогорку экономика мектебине өткүсү келген абитуриенттер.
Жогорку экономика мектебине өткүсү келген абитуриенттер.

Орусияда Жогорку экономика мектеби өз студенттеринин коомдук жана саясий ишмердүүлүгүн чектегени турат.

16-январда Жогорку экономика мектебинин администрациясы окуучулардын ички тартиби менен студенттик уюмдарды жана демилгелерди колдоо тууралуу документтерге өзгөртүүлөрдү киргизген жаңы эрежелердин топтомун студенттер кеңешине жөнөткөн.

Документте студенттерге укуктук колдоо көрсөтүү токтотулары айтылып, студенттерге коомдук билдирүү жасоого, ачык кат жазууга тыюу салынып, коомдук жана саясий ишмердүүлүктө өзүн университеттин окуучусу катары көрсөтүүгө чектөө киргизилген. Ошондой эле студенттик медиа каражаттарын, анын ичинде 2019-жылы жайда Москвадагы митингдерди чагылдырган DOXA журналын колдоо токтотулары белгиленген.

Улуттук изилдөө университетинин Жогорку экономика мектеби - Орусиянын үч ири жогорку окуу жайынын бири. Анда 40 миңден ашуун адам окуйт. 1992-жылы негизделген университет 2009-жылы бир катар реформаларга туш болуп, азыркы кезде Жогорку экономика мектеби катары белгилүү. Учурда Москвадан тышкары Нижний Новгород, Санкт-Петербург жана Пермь шаарларында филиалдары бар. Жалпы орусиялык коомдук сурамжылоо борборунун иликтөөлөрүнө ылайык Орусиядагы алдыңкы беш университеттин катарында.

Администрация жаңы эрежелердин топтомун сунуш кылгандан кийин студенттердин бул өзгөртүүлөргө каршы демилгечи тобу түзүлүп, нааразылык акциялары менен ондогон студенттер университеттин алдына чыгышкан. Студенттер университеттин администрациясына өз талаптарын коюп жатышат. Ачык кайрылууда студенттер жетекчиликти цензурадан баш тартууга, студенттердин эркин уюмдары менен медиаларын колдоого, ошондой эле «университет саясаттан тышкары» принцибин карманып, саясий талкуулардын эркиндигин камсыз кылууга чакырган.

Орусиянын окуу жайларында 16 миңден ашуун кыргызстандык студент билим алат. Жогорку экономика мектебинин бүтүрүүчүсү Жоро Абралиев Орусиядагы «либералдык университеттерде» ​мындай чектөөлөрдүн кабыл алынып жатканы күтүүсүз болгонун айтты:

Жоро Абралиев.
Жоро Абралиев.

- Бул университет Орусияда либералдык идеялардын флагманы болчу. Мен бул университетте окуп жүргөндө студенттердин эркин ой жүгүртүүсү, саясий көз караштардын ачыктыгы, жарандык активдүүлүгү, демократиялык принциптер колдоого алынчу. Мен чындыгында Кыргызстанда туулуп-өсүп, билим алгандыктан, бул мага көнүмүш сезилип, Орусияда бардык университеттерде деле ушундай деп ойлогом. Азыр, мисалы, мен дагы бир абройлуу университетте аспирантурада окуйм. Айырмасын эми билип отурам. Мындай чектөөлөр менен Жогорку экономика мектеби эл аралык деңгээлде өз аброюн түшүрүп алышы мүмкүн. Анткени чет өлкөлүк университеттер менен кызматташып, иликтөө жүргүзүп, эл аралык деңгээлде таанылып калган. Азыркы чектөөлөргө студенттердин Москвадагы митингдерге активдүү катышып, өз ойлорун ачык, эркин айтып чыгышканы себеп болуп калды окшойт. Анткени чет өлкөлөргө чыгып, эки жакты көрүп, билим алган жаштар өлкөдөгү айрым көрүнүштөргө макул эмес экенин ачык айтып чыгышпадыбы. Акыры университет либералдык, саясий көз караштардын эркиндигин колдогону менен өкмөт тарабынан каржылангандыктан, баары бир көз карандылык сакталып калып жатпайбы. Университеттин жетекчилиги деле мындай чектөөлөрдү кабыл алууга мажбур болуп калды.

2019-жылы жайында Москвада өткөн митингдерде университеттин студенттери өздөрүн саясий күч катары көрсөтүшкөн. Алар таза шайлоону талап кылган митингдерге катышып, студенттик медиаларда массалык камоо иштерин чагылдырып, камакка алынгандарды колдошкон.

Жогорку экономика мектебинин студенти Егор Жуковдун Москвадагы митингдердин убагында камакка алынып, «экстремизмге чакырган» деп айыпталып, үч жылга шарттуу кесилгени студенттердин нааразылык акцияларына түрткү болгон.

Учурда университетте магистратурада окуган Ася Талантбекова да окуу жай мындай кадамдарга мажбур болду деген ойдо.

Ася Талантбекова.
Ася Талантбекова.

- Студенттер сунушталган өзгөрүүлөрдү аябай талкуулап жатышат, - деди ал. - Бирок университет жаңы эрежелерди бир тараптуу киргизип койбой, студенттерди талкууга чакырып жатканы деле жакшы. Албетте, саясий жана жана жарандык жактан активдүү студенттер нааразы. Ошол эле кезде студенттик кыймылдар, уюмдар көп экенин, алардын иштери ар багытта жүрөрү, көбүнө бул чектөөлөр эч кандай таасир этпей турганын эске алыш керек. Университеттин жетекчилиги студенттер менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүп жатканы да жакшы. Мен окуган алты жылда бир катар өзгөрүүлөр болду. Студенттерге каржылык колдоо күчөтүлгөн. Азыр администрация «силердин саясий ишмердүүлүгүңөрдү каржылабайбыз» деп жатпайбы. Жаңы эрежелерди деле жакшы түшүнүп, түшүнбөй деле ызы-чуу кылып жаткандар бар. Башка университеттер такыр мындай эмес. Алар бир тараптуу чектөө киргизип коймок. Ошон үчүн Жогорку экономика мектеби баары бир либералдык университет болуп калат деп эсептейм. Бул университеттин өз демилгеси деп ойлобойм. Университет мамлекеттик окуу жайы болгондуктан, өз ишмердүүлүгүн, студенттерин, өзүнүн атын коргоп калыш үчүн ушундай кадамдарга барууга мажбур болуп жатат деп ойлойм.

Ушу тапта окуу жайынын жетекчилиги студенттер менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Проректор Валерия Касамара Жогорку экономика мектеби - мамлекеттик окуу жайы экенин айтып, мектептин саясатынын негиздөөчүсү аныктай турганын белгилеген.

Валерия Касамара.
Валерия Касамара.

- Эгерде Орусиянын өкмөтү тапшырмасын өзгөртсө, биз негизги жобону өзгөртүүгө мажбурбуз, деген анда Касамара.

Адам укуктары боюнча президенттик кеңештин башчысы Валерий Фадеев Жогорку экономика мектебинин жетекчилигинин жаңы талаптарын адам укуктары менен сөз эркиндигин чектөө катары эсептебейт. Акыркы кезде университетке «асылгандар» көбөйгөнүн белгилеген Фадеев университеттин жетекчилиги ашыкча кыйынчылыктардан алыс болууну чечкенин болжогон.

Өткөн жумада Орусиянын президенти Владимир Путин Сочиде студенттер менен жолугушуп, анда Жогорку экономика мектеби тууралуу пикирин айткан:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

- Силердин мыкты ректоруңар бар. Биз силердин университетиңерди өркүндөтүш үчүн колдон келишинче аракет кылып жатабыз, ал чоңоюп, өсүп баратат. Мен аны мындан ары да колдоого даярмын.

Учурда университеттин ректору - Ярослав Кузьмин. Ал эми негиздөөчүлөрү - Орусияда белгилүү экономист окумуштуулар Евгений Ясин, Ярослав Кузьминов, Револьд Энтов, Олег Ананьин жана Рустем Нуреев.

Эми университеттин администрациясы сунуш кылган жаңы эрежелер менен студенттердин талаптары окуу жайынын илимий кеңешинде каралат. Бул өзгөртүүлөрдү ушул орган гана четке кагып же колдой алат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG