Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

«Аэрофлоттун» АКШдагы аткезчилик чуусу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда «Аэрофлоттун» кызматкерлери айфон контрабандасына айыпталышты. 

АКШда орусиялык «Аэрофлот» авиакомпаниясынын кызматкерлери айфон менен айпад контрабандасы боюнча айыпталып, 113 кызматкеринин визасы жокко чыгарылды.

19-октябрда Нью-Йорк штатынын Чыгыш аймагынын прокуратурасы «Аэрофлоттун» мурунку жана азыркы он кызматкерине АКШдан электрондук жабдууларды Орусияга сатыкка мыйзамсыз алып чыккан деген айып койду.

Кылмыш үчүн шектүү он адамдын сегизи камакка алынганы кабарланды.

Орусиялык РБК басылмасы камакка алынган орусиялыктардын аттарын ачыкка чыгарды. Алар Акмаль Асадов, Саюз Дайбагия, Антон Перевозников, Шохрух Саидов, Марат Шахдин, Кирилл Сохончук, Зокир Искандеров, Азамат Бобомудоров.

Прокуратуранын божомолу боюнча топтун кээ бир мүчөлөрү «Apple» компаниясынын смартфон, ноутбук, айпад жана акылдуу сааттарын сатып алып, авиакомпаниянын кызматкерлерине өткөрүп беришчү. Алар өз кезегинде электрондук жабдыктарды Орусияга уруксатсыз алып чыгып кетишчү.

АКШдан мыйзамсыз чыгарылган жабдыктардын арасында уурдалгандары да болгону кабарланууда.

Камакка алынгандардын бири былтыр август-декабрь айларында АКШга төрт жолу каттап, жалпысынан бир миллион долларга бааланган миңден ашык электрондук жабдык чыгарып кеткенин, экинчиси былтыр октябрда тогуз чемодан менен 250 миң долларга бааланган 235 жабдык алып кеткенин моюнга алган.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоодо «Аэрофлот» компаниясынын экипаж кызматкерлеринин багажынан миллиондогон долларга бааланган электрондук жабдыктар менен 600 миң доллар табылган.

«Кылмышка шектүүлөр авиакомпаниядагы кызмат абалын колдонуп, контрабандалык жол менен Орусияга уурдалган электрондук жабдыктарды чыгарып кетүүнү көздөшкөн. Ал жабдыктар 50 миллион долларга бааланат», деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Бул окуядан кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти «Аэрофлот» авиакомпаниясынын 113 кызматкеринин визасын жокко чыгарганы маалым болду. Аларга электрондук жабдыктардын контрабандасына кириптер катары кине коюлган.

Орусиянын Нью-Йорктогу башкы консулдугу бул маалыматтар тастыкталып жатканын билдирген. Башкы консулдуктун басма сөз катчысы Алексей Топольский ТАСС агенттигине Жон Кеннеди аэропортунда Федералдык иликтөө бюросунун кызматкерлери Москвага уча турган учактын багажын тинтип чыгышканын кабарлаган.

«Аэрофлот» авиакомпаниясы контрабанда үчүн шектүү катары кармалгандардын компанияга тиешеси жок экенин айтып чыкты.

Мекеменин басма сөз катчысы Юлия Спивакова «авиакомпания чек аралардагы мыйзам бузуунун жана экономикалык мүнөздөгү кылмыштардын алдын алыш үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшай турганын» айтып, буга чейин авиакомпаниянын кызматкерлерин контрабандага тартууну көздөгөндөргө укук коргоо органдары менен бирге кескин чаралар көрүлүп келгенин белгиледи.

Мындан эки жыл мурда «Аэрофлот» авиакомпаниясы кызматкерлерине АКШга виза алууда тоскоолдуктар жаралып жатканына арызданган. Анда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «бул кырдаал өтө капалантат» деп, эки ортодо каттаган жалгыз орусиялык авиакомпаниянын каттамдары токтотулуп калышы мүмкүн экенин белгилеген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG