Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Орусия: калктын саны азайууда


Эл каттоо, Алтай, 21-октябрь, 2010-жыл
Эл каттоо, Алтай, 21-октябрь, 2010-жыл

2010-жылы Орусияда өткөн эл каттоонун алгачкы жыйынтыктары чыга баштады. Маалыматтарга караганда, акыркы 8 жыл ичинде Орусиянын калкы 2,2 миллион кишиге азайган.

Эл каттоонун жыйынтыгы өлкөдө мурдагы жылдардай эле жарандардын өлүмү арбын экенин көрсөтөт. Айрыкча эмгекке жарамдуу эркектердин өлүмү көбөйгөнү маалымдалууда. Жыйынтыкка ылайык, ушул тапта Орусияда 142,9 миллион адам жашайт.

Калктын саны өлкөнүн 83 дубанынын 63үндө азайганы маалымдалды. 2002-жылы өткөн эл каттоодо Орусия калкынын 145, 2 миллион киши эле. 2002-2010-жылдары калктын саны дал ушул аралыкта мигранттардын агымы күчөгөнүнө карабастан азайган.

Орусиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Обозкан Сардарбеков:

- Мен алган статистикадан мисал келтирейин: жыл сайын орто эсептен алганда Кыргызстандын миңдеген жарандары Орусиянын атуулдугун алышат. Өткөн жылы 46 миң кыргызстандык Орусиянын атуулдугун алды. Быйыл 51 миң киши атуулдук алды.

Эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, Орусияда аялдар 66 млн. 205 миң болсо, эркектер 76 млн. 700 миңди түзгөн.

Маалым болгондой, Орусия калкынын 61 пайызы борбордук аймакта, Волга боюнда, Сибирде жашайт. Калк айрыкча шаарларда жыш жайгашкан. Москва шаарынын тургундарынын саны 11,5 миллионго, ал эми Санкт-Петербургда 4,8 миллионго жеткен.

Былтыр октябрда өткөн эл каттоодо, алдын ала эсептегенде, 2,5 миллион орусиялык каттоодон өтүүдөн баш тарткан. Ошого карабастан өлкөнүн статистикалык башкармалыгы каттоо ийгиликтүү өткөнүн билдирди. Бул иш-чара үчүн бюджеттен 17 миллиард рубль бөлүнгөн.

Эл каттоонун расмий жыйынтыгы 2012-жылдын 31-декабрында жарыяланат.

Дүйнө боюнча Орусия калкынын саны боюнча 9-орунду ээлейт. Биринчи орунда 1,3 миллиард калкы бар Кытай, экинчи орунда 1,2 миллиард калкы бар Индия жана үчүнчү орунда 310 миллион 400 миң калкы бар АКШ турат.

XS
SM
MD
LG