Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Москванын Украинага каршы амалы


Иллюстрация
Иллюстрация

Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн Донбасс аймагынын тургундары орус жарандыгын жеңилдетилген жол менен алмай болушту. Тиешелүү жарлыкка 24-апрелде орус президенти Владимир Путин кол койду. Расмий Киев бул чечимди кескин айыптап чыкты.

Донбасстын тургундарына орус жарандыгын берүүнүн жол-жобосун жеңилдеткен жарлык шаршемби күнү Кремлдин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, Украинанын чыгышындагы өздөрүн “Луганск жана Донецк элдик жумурияты” деп атап алган аймактардын жашоочулары саналуу документ менен эле Орусиянын атуулу боло алат.

Жарлыкта бардык каалоочулар Орусиянын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылып, эки аймактын бийлиги тарабынан берилген, жашаган жерди ырастаган документти тапшырса жетиштүү болору белгиленген.

Документ жарыялангандан көп өтпөй президент Владимир Путин бул чечимди "гуманитардык зарылчылык" катары мүнөздөдү.

Орус президенти Владимир Путин.
Орус президенти Владимир Путин.

"Украинанын жаңы бийлигине маселе жаратуу ниетибиз жок. Бирок "Донецк жана Луганск республикаларындагы" адамдардын жарандык укуктардан ажырап калганы укук маселесинен алып караганда чектен чыгып кетти. Алар эки жакка каттай алышпайт. Бул чындап гуманитардык мүнөздөгү маселе", - деп билдирди Путин Санкт-Петербургдагы жыйында.

Орус парламенти чет өлкөлүк жарандарга "жеңилдетилген жол менен" атуулдук ыйгарууда президентке кеңири мүмкүнчүлүк берген мыйзамды декабрь айында жактырып, документ быйыл 29-мартта күчүнө кирген.

Донбасстын тургундарына орус паспорту берилери тууралуу кабарлар Украинадагы президенттик шайлоого чейин эле айтылып жаткан. Кантсе да Путин бул жарлыгына шайлоонун экинчи туру жыйынтыкталып, талапкер Владимир Зеленский президент болуп шайлангандан кийин кол койду.

Украинанын Луганск аймагы.
Украинанын Луганск аймагы.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин "Твиттердеги" билдирүүсүндө жарлыкты «агрессиянын уландысы жана өлкөнүн ички ишине кийлигишүү» деп баалап, Орусияны жактаган жикчилдердин карамагындагы украин жарандарын орус атуулдугун кабыл албоого чакырды.

Аны улай кызматтан кетип жаткан украин президенти Петро Порошенко да телекайрылуу жасап, эл аралык коомчулукту Орусиянын бул кадамын көз жаздымда калтырбоого чакырды:

"Орусиянын паспортторунун Түштүк-Осетиянын жана Приднестровьенин сценарийи менен мыйзамсыз берилиши - бул Орусиянын Украинанын оккупацияланган Донбасс аймагындагы аскердик түзүмдөрүн актоо жана мыйзамдаштыруу аракети. Мен эл аралык өнөктөштөрдү эң начар сценарийди алдын алууга, санкциялар режимин күчөтүүгө чакырам", - деп билдирди Порошенко.

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленскийдин басма сөз кызматы да билдирүү таратып, Путиндин жарлыгын кескин сынга алды.

Украинанын шайланган президенти Владимир Зеленский.
Украинанын шайланган президенти Владимир Зеленский.

"Бул кадамдар Украинага каршы согушуп жаткан Орусиянын агрессор-мамлекет катары ролун эл аралык коомчулук алдында күбөлөгөн анык далил. Тилекке каршы бул жарлык бизге "кармашты токтотуу" деген негизги максатты ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербейт", - деп айтылат Зеленскийдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

2014-жылы Крымдын аннексиясын улай Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен украин күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кармаш тутанган. Натыйжада Украинанын Луганск жана Донецк аймактары Орусия колдогон жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн.

Дүйнө өлкөлөрү өздөрүн “Луганск жана Донецк элдик жумурияты” деп атап алган аймактардын көз карандысыздыгын тааныган эмес.

Донбасста дале токтобой жаткан кармаштан беш жыл ичинде 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG