Орусияда 14-июндан 15-июлга чейин өтө турган Дүйнөлүк футбол чемпионатына Британиядан он миңдей футбол ышкыбозу келүүгө камданууда.
Бул өлкөдө орус чалгынчысы Сергей Скрипалдын ууландырылышына Кремлди айыптаган британ бийлиги жарандарын Орусияга барбай турууга чакырып келген.
Британ премьер-министри Тереза Мэй Орусиядагы чемпионатка бир дагы министр катышпасын башында эле айткан.
Ал эми тышкы иштер министри Борис Жонсон Путиндин чемпионатын «Германиядагы Гитлердин олимпиадасы» менен салыштырган.
- Футбол ышкыбоздорунун коопсуздугу маанилүү. Биз орустардан коопсуздукту кандай камсыздаганы тууралуу сөзсүз сурашыбыз керек, - деген Борис Жонсон.
Коопсуздук маселеси Орусияга келүүгө камданып жатканы он миңдей британдыктарды да түйшөлтүүдө. Анын үстүнө бир катар басылмалар футбол күйөрмандарын Орусияга баруудан баш тартууга ачык үгүттөгөн макалаларды жарыялай баштаган.
Daily Star гезити Орусияда күйөрмандардын агрессивдүүлүгү менен полициянын көңүлкош мамилесинен чочулаган британиялыктар өзүн коргоонун ар кандай жолун ойлоп жатканын жазды.
Smoggies Elite аттуу фанаттар тобунун бир өкүлү Орусиядагы абалды иликтөөгө алдын ала тыңчылар жөнөтүлгөнүн, кол салуулардан коргонуу үчүн атайын операциялар уюштурулганын айтып берген. Өзүнүн атын жашырган британиялык фанат абал курчуса, «Үчүнчү дүйнөлүк согуштагыдай болорун» убада кылган.
Британ басылмаларындагы жана футбол ышкыбоздорунун арасындагы мындай маанайга Москвадагы айрым аткаминерлер жооп беришкен.
Мисалы, Футбол союзунун күйөрмандар менен иштеген комитетинин жетекчиси Владимир Маркин чет өлкөлүк фанаттарга орус абактары Европанын түрмөсүнөн бир кыйла айырмаланарын эскерткен.
- Биздин мыйзамдар катаал, бирок адилеттүү. Ким өзүн түз алып жүрбөсө, кимдин колу кычышса, биздин мыйзамдар жана абактар менен таанышат. Биздин абактар алардыкындай ыңгайлуу эмес.
Ал эми Орусиядагы күйөрмандардын биримдигинин башчысы Александр Шпрыгин орусиялык фанаттар ФСБ менен полициянын тыкыр көзөмөлүнө алынганын белгилейт. «Азыр эч ким өзүнө көйгөй жаратууну каалабайт» деди ал.
- Мен орусиялык футбол бейбаштары кандайдыр бир акцияларды уюштурат деп ойлобойм. Эч нерсе деле болбойт. Азыр укук коргоочу органдардын көзөмөлү күч. Мурун ФСБ күйөрмандарды мынчалык карачу эмес.
Британия менен бирдикте Украин өкмөтү да жарандарынын Орусиядагы коопсуздугу жөнүндө кооптонуп келет. Тышкы иштер министри Павел Климкин элге кайрылуу жасап, Орусияга баруудан баш тартууга чакырган. Министр орусиялык күч органдары да коркунуч жаратарын белгилеп өткөн.
- Украин жарандарынын Орусияда жүрүшү алардын жеке коопсуздугу үчүн коркунучтуу. Орусиянын күч органдары террордук, тыңчылык ишмердүүлүккө айыптап, чагымчылдык кылышы мүмкүн. Украиндерге кастыгын жашырбаган фанаттар тобу тарабынан агрессия болушу мүмкүн, - деп жазылган билдирүүдө.
Киевдеги «Улуттук корпус» партиясынын жетекчиси, «Динамо-Киев» футбол күйөрмандары тобунун лидери Сергей Филимонов Орусия үчүн фанаттарды кооптуу деп эсептейт.
- Мен акыл-эси бар бир дагы украин күйөрманы Орусияга барбайт деп үмүт кылам. Биринчиден, коопсуздук. 2014-2015-жылы Крымда референдум өттү дегенде ал жакка баргандардын баарын кармап, камап, аңга салып, сабап, зомбулук көрсөтүшкөн. Мындай окуялар толтура. Анда канча адамга кылмыш иши козголгону чоң суроо. Күйөрмандар кыймылындагы ар бир адамдын Майданга, Чыгыштагы орус-украин согушуна тиешеси бар. Ал Орусияга барып, түрмөгө түшүп же өлүп калышы да мүмкүн.
Эл аралык футбол федерациясы Украинада Орусиядагы чемпионатка төрт миңдей билет сатылганын маалымдайт.
Эки жыл мурун Францияда өткөн футбол чемпионатында Орусия-Британия оюнунан кийин күйөрмандар башаламандык уюштурган. Марселдин көчөлөрүндөгү фанаттардын кагылышуусунан 30 адам оор жараат алган. Анда Франциянын прокуратурасы массалык мушташты атайын даярдыктан өткөн 150дөй орусиялык уюштурган деп айыптаган.