Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Футбол чемпионаты: кысталган мигранттар


Орусияда иштеген эмгек мигранттары. Москва. Август, 2016-жыл.
Орусияда иштеген эмгек мигранттары. Москва. Август, 2016-жыл.

“Хьюман Райтс Вотч” уюму Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатын утурлай адам укуктарынын абалына сереп салган баяндамасын жарыялады. Анда дүйнөлүк мелдештин алдында Орусияда адам укуктарынын абалы начарлап кеткени айтылат.

Орусияда быйыл өтчү футбол боюнча чемпионатка туура бир ай калды. Орусиялыктар жана жалпы эле футбол ышкыбоздору бул күндөрдү чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Алардын бири - Москванын тургуну Ян Комарнитский:

- Биз баарыбыз бул Орусия үчүн чоң мааниге ээ болгон окуяны чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Төрт жылда бир болчу чемпионат Орусияда өтүп жатканы - ким кайсы курама команданын күйөрманы болбосун, футбол ышкыбоздору үчүн чоң майрам.

Белгилүү болгондой, биринчи таймаш Орусия менен Сауд Арабиясынын курама командаларынын ортосунда өтөт. Британиялык турист Дэвид Гленн Орусиядагы даярдыкка канааттанганын белгилейт:

- Мага баары жайында сыяктуу сезилди. Коопсуздук жагы жакшы каралыптыр, баары таза. Мага жагып жатат.

Ошентсе да эл аралык укук коргоо уюмдары Орусияда өтө турган футбол чемпионатына даярдык адам укуктарынын буга чейин болуп көрбөгөндөй бузулушу менен коштолуп жатканын белгилешүүдө. Дүйнөлүк мелдешти утурлай “Хьюман Райтс Вотч” уюму 15-майда адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда айрыкча Орусияда стадиондордун курулушунда иштеп жаткан мигранттардын укуктары бузулуп жатканына көңүл бурулат.

Курулушта иштеген тажикстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Курулушта иштеген тажикстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Баяндамда куруучулардын көбү мурдагы Советтик Союзунун курамына кирген мамлекеттерден акча табыш үчүн барган мигранттар экени, аларга убагында маянасы төлөнбөй, кооптуу шарттарда иштеп жатышканы жазылат.

Маселен, укук коргоочулар белгилегендей, быйыл апрелге чейин чемпионат өтө турган стадиондордо 21 кишинин өмүрү кыйылган. Алты шаарда стадион куруп жаткан мигранттар эч кандай келишимсиз иштеп жатканын айтышкан. Айрымдары болсо иш келишими кийин эле түзүлгөнүн айтып, анда да эмгек акысы оозеки сүйлөшүлгөндөн эки эсе аз көрсөтүлгөнүнө нааразы болушкан.

Мындай дооматтарын Калининграддагы куруучулар айтышкан. Ростовдо, Москвада жана Петербургда да стадион курулушуна катышкан мигранттар эмгек акысы азайып кеткенине нааразылыгын билдиришкен. Андан сырткары, укук коргоочулар "Зенит-Арена" стадионунун курулушуна Түндүк Кореядан 110 жумушчу тартылганын жана алардын бири курман болгонун белгилешти.

ФИФА бул окуяны териштирүүгө убада берген, бирок азырынча эч кандай билдирүү тарата элек.

“Хьюман Райтс Вотч” уюмунун Европа жана Борбор Азия программаларынын директору Хью Уильямсон немистердин ARD телеканалынын журналисти Хайо Зеппельтке дүйнөлүк чемпионатты чагылдыруу үчүн барууга Орусияга виза берилбей койгонун "алгылыксыз" нерсе деп эсептейт.

Ростов-на-Дону шаарындагы стадиондун көрүнүшү. 12-май, 2018-жыл.
Ростов-на-Дону шаарындагы стадиондун көрүнүшү. 12-май, 2018-жыл.

Андыктан “Хьюман Райтс Вотч” Эл аралык футбол федерациясы – ФИФАны Орусияда адам укуктарынын абалына таасир этүүгө үндөдү. Бул маселе тууралуу орус аткаминерлери үн ката элек. Оюндарды уюштуруу комитетинин төрагасы Аркадий Дворкович баары жайында экенин айтты:

- Стадиондор толук курулду. Сыноо таймаштары өткөрүлдү, аэропорттор иштеп жатат. Жалпысынан инфраструктура даяр.

Эксперттер жана букмекерлер Орусиянын улуттук курама командасынын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн анча деле жогору баалашпайт. "Жеңиши мүмкүн" деп сөзгө илингендердин арасында Германиянын, Испаниянын, Франциянын жана Бразилиянын командалары бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG