Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Жол кырсыгына шектүү 20 саат рулда болгонун айтты


Москвада такси кишилерди сүзгөн жерге эки тез жардам машинеси жетип келди.
Москвада такси кишилерди сүзгөн жерге эки тез жардам машинеси жетип келди.

Москванын борбордук бөлүгүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кетип, сегиз киши жарадар болду.

Айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Анарбек уулу Чыңгыз экени маалым болду. Кабарларга тиркелген документке ылайык, айдоочулук күбөлүктү ал Кыргызстандан алган. Адегенде айдоочу мас болчу деген кабар тарап, кийин бул маалымат такталган жок, ал уктап кеткени айтылды.

Москвада жол кырсыгына айыптуу деп шектелип жаткан жаран бул шаарда таксист болуп иштегенине бир ай убакыт болгон. Бул тууралуу ал полицияда сурак берип жатып айтты. Ошондой эле ал 20 сааттай уктабай жүргөнүн да билдирди.

Социалдык тармактарга тараган тасмадан үзүндү:

Москва: Жол кырсыгынан кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:20 0:00

Чыңгыз Анарбек уулу учурда сурак берип жатат. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова азырынча элчиликтин кызматкерлерине ал менен жолугууга уруксат берилбей жатканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева Чыңгыздын ишин министрлик көзөмөлгө алганын кабарлады.

Жалал-Абад облустук ИИБнын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков айдоочу Чыңгыз тууралуу "Азаттыкка" буларды билдирди.

- Анарбек уулу Чыңгыз 1990-жылы 22-апрелде Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулган. Эки баласы бар. Айдоочулук күбөлүктү Кочкор-Атадан алган. Жакын туугандарынын дээрлик көпчүлүгү Бишкекте жашайт. Аялы да Орусияда, эки кызы чоң атасынын колунда Бишкекте жашайт. Буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында каттоодо, издөөдө жок жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Кошумча тактоо иштери жүрүүдө.

Чыңгыз Москвада "Усман-Умар" клубунда машыкчу. Былтыр октябрда Сочиде өткөн панкратион боюнча дүйнөлүк чемпионатта 66 кило салмакта коло медалына ээ болгон.

Чыңгыз Москвада "Усман-Умар" клубунда машыкчу
Чыңгыз Москвада "Усман-Умар" клубунда машыкчу

Орусиянын башкалаасында "Чекпоинт" фирмасында такси кызматында иштеген Чыңгыз Анарбек уулу алгачкы сурак маалында адамдарды кокустан сүзүп алганын, машинени башкара албай калганын билдирген. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин окуяны "жол эрежелерин бузуудан" келип чыккан окуя деп баалап, айдоочу машинесин башкара албай калган деп кошумчалады.

Жол кырсыгына кабылган адамдардын баарынын абалы оор эмес. Бул тууралуу Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жабыркагандардын саны сегиз адам: жетөөнүн абалы канааттандырарлык, бир аял орточо оор абалда. Баары тең текшерип, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жаткырылды.

Сурактын видеосун бүгүн Москванын полициясы расмий сайтына жарыялады.

- Орусияда эч убакта эреже бузган эмесмин. Жумуштагылар да баары мени урматташчу, - деди ал.

Тергөөчүнүн “окуя болоорго чейин канча саат рулда болдуңуз?” деген суроосуна “Чынын айтсам, 20 сааттай” деп жооп берди жана ага чейин 2-3 гана саат уктаганын билдирди.

Шектүү жаран полицияда сурак берүүдө. Сүрөт Москва полициясынын расмий сайтындагы видеодон алынды.
Шектүү жаран полицияда сурак берүүдө. Сүрөт Москва полициясынын расмий сайтындагы видеодон алынды.

Москванын полициясы Ильинка көчөсүндө 16-июнда болгон жол кырсыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети адам жабыркады, алдын ала маалыматка караганда, таксинин айдоочусу рулду башкара албай калып, тротуарга чыгып кеткен.

Иш Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин ("Жолдо жүрүү жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу") негизинде козголду. Бул берене боюнча эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Чыңгыз: 2-3 гана саат уктагам
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG