Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Мигранттарды басмырлаган китепчеге нааразылык күч


Китепченин биринчи бетиндеги сүрөт.
Китепченин биринчи бетиндеги сүрөт.

Санкт-Петербургда мигранттар үчүн чыгарылган китепче Кыргызстанда да нааразылыктар менен кабылданды.

Бул китепчеде Орто Азиядан барган мигранттар курулуш аспаптары катары сүрөттөлгөн. Укук коргоочулар муну адамдын кадыр-баркын басмырлоо жана адам укуктарын бузуу катары баалашууда.

«Орусиянын түндүк борборунда сизди кубануу менен тосуп алабыз» деп башталганы менен бул китепчеде баары мындай сыпайы берилген эмес. Анын мукабасында эмгек мигранттары шыпыргы, сырдагыч, шпатель жана шыбак аспабы катары сүрөттөлүп, басылма баштан аяк ушул каармандардын катышуусунда мигранттарга кеңеш берип олтурат. Ал эми жергиликтүүлөр: милиция, дарыгер жана чек арачылар болсо адам түспөлүндө эле чагылдырылат.

Китепчедеги сүрөттөн.
Китепчедеги сүрөттөн.
Кыргыз, өзбек, тажик жана орус тилдеринде басылып чыккан китепче Орусиядагы диаспоралардын өкүлдөрүн эле эмес, кыргыз коомчулугунун да кескин нааразылыктарына кабылды.

Оштогу «Мыйзам жана тартип» уюмунун жетекчиси, өзбек текүү укук коргоочу Изаттулла Рахматуллаев бул басылманы адам укуктарын бузуу катары баалайт:

- Адамдардын бирин шыпыргыга, бирин боёк сырдагычка теңеп чагылдыруу бул анык адам укуктарын бузуу. Бул деген адамдын кадыр-баркын тебелеп-тепсөө, басмырлоо. Орустардын өздөрүн адам катары тартып, анан Орто Азиядан барган кыргыз, өзбек жана тажик элдерин буюм катары сүрөттөгөнү бул өтө өкүнүчтүү жагдай.

48 беттен турган бул китепче Даат чиркөөсүнөн Борбор Азияга жардам фондунун жана Санкт-Петергбург шаар бийликтеринин колдоосунда орусиялык «Взгляд в будущее» уюму тарабынан басылып чыккан. Басылма ээлери мигранттарды курулуш каражаттары катары сүрөттөө - бул кесиптерге байланыштуу экенин журналисттерге билдирген.

Бирок кыргыз, өзбек жана тажик коомчулуктары муну таптакыр башкача кабылдашууда. Оштук серепчи Төлөгөн Келдибаев бул китепче Орусиянын мигранттарга кылган мамилесинин бир күзгүсү экенин белгилейт:

- Муну адам укуктарын уруп ойнобогондук катары кароого толук негиз бар. Тилекке каршы Орусия буга чейин деле биздин мигранттарга ушундай сый эмес мамиле жасап келген. Болгону бул китепче менен ошол мамилесин дагы бир жол далилдеп алды. Өздөрүнүн көз карашын ачык билдирип коюшту.

Китепчедеги сүрөттөн.
Китепчедеги сүрөттөн.

Атайын мигранттарга арналган китепче 11 пунктан туруп, Орусияга кирүү, чек арадан өтүү жана иш табуу иш эрежелерин түшүндүргөн. Ошондой эле ВИЧ/СПИД оорусунан сактануу сыяктуу медициналык кеңештерди да камтыган. Кеңештерди ичинде мигранттар өздөрүн көчөдө кантип алып жүрүүсү жана кантип кийиниш керектиги да айтылган.

Бул адамдын кадыр-баркын тебелөө дейт Орусияда 2 жылдай убакыт иштеп келген Акылбек Адылбек уулу:

- Муну бардыгы өтө терс кабылдап жатышат. Ошол эле Питерге барып иштеген өзбектер, тажиктер, кыргыздар баары нааразы. Анан кандайча мигранттар буга нормалдуу эле карап жатышат деп айтып чыгышты билбейм. Бул эч качан жакшы нерсеге алып келбейт. Орой айтканда улуттар аралык араздашууга да өз таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Ким айтты, мигранттар ушул курулуш иштери менен эле алектенет экен деп. Ал жерде дипломат болуп иштегендер бар, бизнес кылгандар бар, кадимкидей интеллигент болуп жүргөндөр бар. Мисалы биз деле орустарды бөтөлкөгө теңеп сүрөттөп койсок капа болушмак да, туурабы?..

Ал эми орус бийликтери бул китеп жөнүндө иликтөө иштерин баштаганын жар салды. Бирок ошол эле кезде Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышууда.

Элчиликтин маалымат катчысы Виктор Алексеев «Азаттыкка» мындай деди:

- Орусиядабы же башка өлкөдөбү мигранттар үчүн китепче чыкса алар үчүн керектүү маалыматтарды камтыш керек. Мен бул китепчени көрбөгөн үчүн бир жактуу комментарий бере албайм. Менимче, силер ал китепчени басып чыгарган кишилерге кайрылышыңар керек.

Китепче август айында басылып чыгып, эми гана таркатылып жатканы айтылууда. Анын мазмуну орусиялык укук коргоочуларды да тынчсыздырып, аны басып чыгаргандарды сынга алганы бар.

Мындай нааразылыктардан улам Санкт-Петербург шаар бийлиги бул китепченин чыгышына тиешеси жоктугун айтып чыкты.

23-октябрда болсо укук коргоочу, "7-апрель" кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров Бишкектеги орус элчилигинин алдына акцияга чыкты. Ал “Орусиянын экономикасын жөндөгөндөр - мигранттар”, “Мигранттар Орусия үчүн зор байлык” деген плакаттарды көтөрүп, Санкт-Петербургда борборазиялык мигранттарга арналып чыккан китепчеге нааразылык билдирди.


Тасмада: Бишкектеги орус элчилигинин алдындагы акция

Токтонасыровдун "шыпыргы" акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG