Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Орусия: Артка кайтарган "кара тизме"


Орусиянын “кара тизмесине” илинип, өлкөгө кире албай кайтып келген кыргызстандыктардын саны дале токтой элек.

Кыргызстандан Орусияга каттаган аба катттамдарда күн сайын жок дегенде беш-алтыдан жаран "кара тизменин" айынан кайтып келүүдө.

"Кара тизме" убайымы жана убарасы

Баткен облусуна караштуу Исфана шаарынын тургуну Сахибжан Иллашев Москвага кире албай 17-ноябрда Бишкекке кайтып келди. Орусияда ага “кара тизмеде” экенин айтышып, бирок себептерин түшүндүрүшкөн эмес. Болгону убактылуу тыюу салынганын гана айтышкан. Сахибжан 2-3 жылдан бери Москвада иштечү. Эки ай мурда эс алууга келип, кайра минтип Орусияга жолу буулуп отурат.

- "Кара тизмеге” кирген экенмин, себебин элчиликтен сурайсыңар дейт. Себебин түшүндүргөн жок. "Убактылуу жабылды, кайра жол ачылат, балким айып пул төлөбөй койсоңор керек", - дейт. Менде андай болгон эмес, эгер болсо 100 сом болгон, аны төлөгөм. Эми эмне кылабыз, эгер жол ачылса кайра кетиш керек.

Маектешибиз андан ары бир эле суткада Кыргызстанга кайткан 30дай адамды көргөнүн кошумчалады.

Ошентип Сахибжанга окшоп Орусияга кире албай, босогодон кайткан кыргызстандыктардын саны күн санап өсүүдө. Мисалы, Москванын “Домодедово" аэропортунан 16-ноябрда эле “Эйр Бишкек” авиакомпаниясынын учагы менен учуп барган кыргызстандык 6 жүргүнчү кайра артка кайтып келди.

“Эйр Кыргызстан” авиа компаниясынын президенти Жолдошбек Бектургановдун “Азаттыкка” айтымында, минтип кайтып жаткан кыргызстандыктар ар бир каттамда кездешүүдө.

- Күн сайын эле ушундай болуп жатат. Ар бир каттамдан 3-4 киши артка кайтарылууда. “Манас” аэропортунда “Добрососедство” фонду түзгөн тизме туура эмес болуп жатат. Бул жактан карап кетип, Орусияга барганда эле Чек ара кызматынан тизмесинен чыгып калып жатат. Ошондуктан Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги маселени Орусиянын тиешелүү министрликтери менен биргеликте тезинен чечпесе болбой калды.

“Авиа Трафик” компаниясынын жетекчиси Кадырбек Көчөрбаевдин айтымында, Кыргызстандагы тизме менен Орусиядагы тизменин дал келбей жатышы да көп адамды убара кылууда. Авиакомпаниялар да мындан чыгаша тартууда:

- Кыргызстандыктардын Орусияга кирбей кайтып келүүсү дагы деле уланып жатат. Чынын айтканда биз дагы чыгаша болуп жатабыз. Алар эч нерсеси жок кайра учуп келип атышат. Негизинен алар кайра Кыргызстанга кайтканда да 100% төлөп келиши керек болчу. Биздин милдет – убагында учуп, убагында жерине жеткирүү. Эгер алар мыйзам бузса же документтери туура эмес болуп калса авиакомпания күнөөлүү эмес да. Анан биз кайра алып келгенге мажбур болуп жатабыз.

Мигранттардын укугун ким коргойт?

Буга чейин Орусия миграциялык саясатын каттаалдантып, мыйзам бузду делген мигранттарды өлкө аймагына киргизбөө чечимин кабыл алган. Азыркы кезде Орусиянын миграциялык жана башка мыйзамдарын бузган кыргызстандыктар боюнча тизмени “Манас” аба майданындагы “Добрососедство” коому менен биргелешип ачылган борбордон табууга болот. Андан башка темир жол же автобекеттерде ошондой тизме менен алдын-ала таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлө элек. Бирок аталган борбордун тизмеси да туура эмес чыгып, андан тактап Орусияга учкандар өлкөгө киргизилбей кайра кайтып жатышканын айтышууда.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат башкармалыгынын башкы адиси Улукбек Бакенов муну мындайча түшүндүрдү:

- 20-октябрга карата 28 миң 600 адам “кара тизмеге” кирген. Азыркыга чейин канчасы мунун айынан кайтып келгенин так айта албайм. Ал эми “Добрососедство” берип жаткан маалымат - Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын базасынан алынган маалымат. Эгерде Кыргызстан жаранына Чек ара жана башка кызматтар тыюу салса анда “Добрососедствонун” маалымат базасында алардын аттары табылбайт. Чек ара жана башкалар менен биз түздөн-түз иш жүргүзө элекпиз. Анткени бизде дагы Чек ара кызматы бар.

28 миңден сырткары "тобокел тобуна" (“группа риска”) кирген жарандар да бар. Аларга миграциялык мыйзамды эле эмес, башка мыйзамдарды мисалы, Орусияга баргандан кийин 7 күндүн ичинде каттоого турбагандар, дагы башка мыйзамдарды бузган жарандар да кирет. Мурда кандайдыр бир административдик мыйзам бузуулар менен кармалып, жазанасын төлөп чыкса деле ал факт маалымат базасында кала берет. Андай адамдардын саны 264 миңге жетиши ыктымал.

Миграция маселесине жакшы көңүл бурулбай жатканын буга чейин бир катар эксперттер, укук коргоочулар айтып чыгышкан. Мисалы, акыйкатчы Бакытбек Аманбаев Тышкы иштер министрлиги жана анын консулдук кызматтары мигранттардын укугун коргоо боюнча алгылыктуу иш алып бара албай жатат деп сындаган.

Ал эми Москвадагы кыргыз элчиси Болот Жунусов Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин күнөөлөгөн эле:

- Ар бир адам келердин алдында кара тизмеге киргенбизби же жокпу деп текшерип алганга укугу бар. Сүйлөшүүдө миграция кызматынын жетекчиси Рамодоновский маалымат базасына киргенге ачкычтарын, толук каналдарын беребиз, бул маселени түшүнөбүз деп айткан эле. Азыр жооп жок. Акырында орусиялык фонд аэропортто ачыптыр. Бул ишти “Манас” аэропорту кайдагы коомдук фонд менен жасап жатат. Бул жумушту алып барчу мекемелер кайда?

Ал ортодо бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Москвада кыргыз диаспора өкүлдөрү менен ушул маселени сүйлөштү. 19-ноябрдан тарта кара тизме боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү ортосунда түзүлгөн комиссиялык топ иш баштайт. Аталган топ жарандар кара тизмеге эмне себептен кирип калганын иликтемекчи. Анда Орусияга кирүүгө тыюу салынган жарандар туурасында маалымат берип туруу боюнча келишим түзүү да сүйлөшүлөт. Мындан сырткары каттоого турууга берилген 7 күндү узартуу суралат. Бул сүйлөшүүлөр жыйынтыгын бергенче кыргызстандыктар дагы эле ушунтип убара боло берет шекилдүү.

XS
SM
MD
LG