Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Укук коргоочулар "Орус маршына" каршы


"Орус маршына" чыккан улутчулдар, Москва, 4-ноябрь, 2013.
"Орус маршына" чыккан улутчулдар, Москва, 4-ноябрь, 2013.

4-ноябрда кыргызстандык укук коргоочулар тобу Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында “Орус маршын” сындаган эки акция уюштурушту.

Буга Улуттук биримдик күнүнүн урматына Орусияда өткөн улутчулдар жүрүштөрү себеп болду. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына укук коргоочулар "Орус маршын" сындаган жана кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргогон ураандарды көтөрүп чыгышты. Ошондой эле элчиликтин алдына Орусия аймагында мерт болгон мигранттардын элесине деп, кара тесме байланган гүлдөрдү коюшту.

Жарандык активисттердин бири Марат Мүсүралиев элчиликтин алдына чыгыш себебин орус бийликтеринин улутчулдарды коргоп жатышына кыргыз коомчулугундагы макул эместиктикти көргөзүү максаты менен байланыштырды:

- Орусияда элдик биримдик күнүнүн ордуна улутчулдардын, скинхеддердин, такырбаштардын биримдик күнү болуп калды. Ошону айткыбыз келди. Эмне үчүн орус бийликтери буга уруксат берип атышат?

Элчиликтин алдына чыккан дагы бир укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Орусиядан мигранттарга каршы зомбулук саясатты токтотууну талап кылды. Ал орустар чанып, жасабаган ишти жасап жаткан мигранттарга каршы багытталган “Орус маршы” ошол эле Орусиянын өзүн трагедияга алып барат деп эсептейт:

- Орустар чыныгы гумандуу адамдар болсо Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына алкыш айтыш керек болчу. Уруп-сабап, ар кандай шылтоолор менен өмүрлөрүнө кол салып атат. Мындай саясатты орус мамлекети токтотушу керек.

Тасмада: Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдындагы акция

“Расизмсиз дүйнө үчүн!”
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Көз карандысыз “Дождь” телеканалы тараткан маалыматка караганда, Москва бийлигинин уруксаты менен баш калаанын чок ортосунда уюштурулган “Орус маршына” кеминде он миң киши катышып, адаттагыдай эле "Орусия – орустардыкы”, "Баары бирөө, бирөө бардыгы үчүн" деген ураандарды чакырышты. Ушул эле күнү Суворов аянтында антифашисттик акция уюштурулгандыгы маалымдалды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги болсо бул күнкү "Орус маршы" учурунда Кыргызстандын жарандары жабыркагандыгы тууралуу расмий да, бейрасмий да маалымат түшпөгөндүгүн тастыктады. Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын айтымында, элчилик кыргызстандык мигранттарды апрель жана ноябрь айларында болуп келаткан улутчул акциялардын учурунда сак болууга дайыма чакырып келет:

- Эч жакка чыкпагыла деп эскертебиз. Азыр элчиликке эч кандай маалымат түшкөн жок. Биз дагы байкап, акмалап атабыз. Элчилик кадимкидей иштеп, жарандарды кабыл алып атат.

Москвада иштеп жүргөн журтташтарыбыздын бири Искендер бүгүн улутчулдардын кыймылын байкоо үчүн метролорду кыдырып чыккан экен. Ал "Азаттыкка" улутчулдардын бүгүнкү маршы мурдагы жылдардагыдан, ал эмес быйылкы апрель айындагы жүрүштөрдөн кыйла тынч өттү деп билдирди.


Тасмада: Москвадагы "Орус маршы"

Москвадагы "Орус маршы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00


Бирюлево козголоңунан кийин улутчул маанай күчөп, орус бийликтери мигранттарды катуу текшерүүгө ала баштаган болчу. Бул текшерүүлөрдө кармалган кыргызстандыктардын жыйырмадан ашыгы Орусиядан күч менен чыгарылган.
Орусиянын миграция кызматынын октябрдагы маалыматына караганда, Орусияда катталган кыргызстандыктардын саны 600 миңге жакын, алардын ичинен аялдардын саны 220 миңден ашык, ал эми 17 жашка чыга электер 45 миңге чукулдап барат.

Эмгек мигранттарынын арасынан ар кандай кырсыктардан же өз ажалынан мерт болуп калгандар да аз эмес. Маселен, быйыл сентябрга чейин эле 226 киши Орусия аймагында ар кандай себептер менен көзү өткөн. Алардын арасында киши колдуу мерт болгондордун саны да аз эмес.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG