Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Министр Сердюков “көз боемочулуктун” айынан кызматтан кетти


Президент Владимир Путин менен мурдагы коргоо министри Анатолий Сердюков. 28-август, 2012_жыл
Президент Владимир Путин менен мурдагы коргоо министри Анатолий Сердюков. 28-август, 2012_жыл

Президент Путин коргоо министри Анатолий Сердюковду кызматтан бошотуп, анын ордуна Москва облусунун губернатору Сергей Шойгуну дайындады.

2007-жылдан бери Орусиянын коргоо министри болгон Анатолий Сердюков бир аз күн мурда көз боемочулук боюнча окуянын башкы "каарманы" болгон эле. Тергөө комитети коргоо министрлигине караштуу “Оборонсервис” холдингине кыймылсыз мүлктү жана жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү көз боемочулугу үчүн беш кылмыш иш козгоп, ишкананын алдамчылыгынын айынан мамлекет 95 млн доллар зыян тартканын билдирген.

Президент Владимир Путин жаңы министрди дайындап жатып, Сердюковдун кызматтан кетүүсү дал ушул кылмыш иштин калыс иликтенүүсүнө шарт түзүү максатында кабыл алганын айтты:

Президент Путин Сергей Шойгуну ушул эле күнү кабыл алды
Президент Путин Сергей Шойгуну ушул эле күнү кабыл алды
- Силер Коргоо министрлигине байланыштуу соңку окуяларды билесиңер. Бул министрликтеги бардык маселелерди калыс иликтөөгө шарт түзүү зарылчылыгынан улам Анатолий Сердюковду ээлеген кызматынан бошотууну чечтим.

Сердюковдун кызматтан кетиши Орусия аскерий тармакка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү пландап жаткан учурга туш келди. Путин бул маанилүү кызматка өзүнүн ишенимдүү кадрларынын бири делген Сергей Шойгуну дайындап жатып буларды айтты:

​- Бул маанилүү кызматка дайындалган адам буга чейинки жасалган иштердин жакшы жактарын улантып кетиши керек. Ал куралдуу күчтөрдүн динамикалык өнүгүшүн камсыздашы зарыл. Курал-жаракты жаңылоодогу чоң пландарыбызды ишке ашырышы керек. Бул жагынан алганда бул кызматка сиз жарайсыз деп эсептейм.

Сергей Шойгу 18 жыл Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген, «Бирдиктүү Орусия» партиясынын тең төрагалык милдетин да аткарган. Ал быйыл эле Москва облусунун губернатору болуп дайындалган.

Аскерий эксперттер Анатолий Сердюков министр болуп иштеген беш жыл ичинде олуттуу реформаларды жүргүзүп, аскер кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүп, системаны оңдогонун белгилешет. «Улуттук коргонуу» журналынын башкы редактору, Коргоо министрлигин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Игорь Коротченко:

"Сердюковдун катасы ал өзүнүн кол алдындагыларга, министрликке кызмат көрсөтчү структураларга катуу ишенип алганы болду. Армия чарбалык иштерге баш оорутпай, аскерий даярдыктар менен гана алек болушу керек. Сердюковдун тушунда аскер кызматкерлерине, армияга жана флотко жакшы көңүл бурулду. Болгону ал кол алдындагыларга катуу ишенип алды", - деди Коротченко.

Октябрдын башында коргоо министрлигинин алдындагы «Оборонсервис» холдинги алдамчылык кылды деп шектелип, Москванын Хамовнич соту холдингдин бир нече кызматкерин камакка алууга чечим чыгарган.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG