Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Москва: катуу шамал 16 өмүрдү алып кетти


Өлгөндөр арасында 11 жаштагы кыз бар экени маалымдалды. Казакстандын Тараз шаарында чатыр жаап жаткан эки киши өлгөн.

Катуу бороон-чапкын 29-майда жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат төрттө башталган. Катуу шамал бактарды тамыры менен жулуп, имараттардын чатырларын учуруп, электр зымдарын үзгөн.

Орусиянын бийликтери маалымдагандай 29-майда Москва жана анын жака-белинде болгон бороон-чапкындан курман болгондорун саны 14кө жетти.

Каза тапкандардын кеминде төртөөнү ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен шамал кулаткан дарактар басып калган.

Тергөө комитетинин маалымат катчысы Светлана Петриенко 30-майда билдиргендей, Москванын өзүндө 11 киши набыт болсо, Москва облусунан дагы үчөө каза тапкан.

Облустук Саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Алексей Хрипундун 30-майда билдиришинче, жалпысынан медициналык жардам үчүн 168 адам кайрылган, алардын 108и, анын ичинде 22 бала ооруканага жаткырылган. Хрипун сегиз кишинин абалы оор экенин кошумчалады.

Энергетика министрлиги катуу шамалдан улам Москва шаарында 7300 киши электр жарыгы жок калганын билдирген. Ал эми калаа мэри Сергей Собянин ылдамдыгы саатына 110 чакырымга жеткен шамал 3500дөй бакты кулатканын айтты.

Шаардын транспорт системасы да үзгүлтүккө учурап, поезд каттамдары убактылуу токтотулду.

Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамалдын коркунучу 31-майга чейин сакталарын эскертти. Буга байланыштуу Москвадагы кыргыз элчилиги жарандарга кайрылып, дарактар көп жерлерге барбоого, зарыл болбосо көчөгө чыкпоого чакырат.

Москвадагы катуу шамалда каза болгондор арасында кыргызстандыктар жоктугун Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова "Азаттык" радиосуна билдирди. Учурда жабыркагандардын ичинде кыргыз жарандарынын бар-жогу такталууда.

Катуу шамал Казакстандын Кыргызстанга чектеш Тараз шаарында да болуп, чатыр жаап жаткан эки киши каза тапканын "Азаттыктын" казак кызматына облустун чукул кырдаалдар департаментинин пресс-катчысы Сауле Мунатаева билдирген.

Ал эми 29-май күнү Кыргызстандын аймагында болгон катуу шамалдын кесепетин тактоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Чүйдүн Жайыл районунда шамалдын ылдамдыгы секундуна 28 метрге чейин жетип, Кара-Балта шаарында бир катар турак жайлардын чатырын учурган.

Бишкекте секундуна 21 метрге чейин шамал болуп, Hyatt мейманканасындагы трансформатордун чатыры учуп, бир жеңил унаанын үстүнө түшкөн.

Талас облусунда шамалдын күчү секундуна 25 метрге чейин жеткен. Киши өмүрүнө зыян келген жок. Тактоо иштери уланууда.

Москва шамалдан кийин

Шамал шаардын транспорт системасына да таасирин тийгизип, поезд каттамдары убактылуу токтотулду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG