Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Орусия АКШ менен ядролук кызматташтыгын токтотууда


Расмий Москва Вашингтон менен өзөктүк кызматташуу багытындагы дагы бир келишимин токтотту. Орус расмийлери бул чечим АКШнын санкцияларына жооп иретинде кабыл алынганын айтышты.

Буга чейин орус бийлиги плутонийди зыянсыздандыруу боюнча эки тараптуу макулдашууну да токтоткон эле. АКШ менен Орусия Сирия боюнча тил табыша албай турган мезгилге туш келген бул чечимдерге Америка тарап өкүнүчүн билдирди.

Пикир келишпестик өзөктүк кызматташууга жетти

Кайчы пикирлер, санкциялар жана тынымсыз сүйлөшүүлөр менен коштолгон орус-америка кызматташуусунда бир апта ичинде эки келишим токтоду. Орусия бул жолу ядролук энергетика багытында биргелешип изилдөө жүргүзүүгө жол берген макулдашууну жокко чыгарды.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков соңку чечим АКШнын Украинадагы окуялар боюнча Орусияга киргизген санкцияларына жооп иретинде кабыл алынганын “Интерфакс” агенттигине билдирди.

Ядролук изилдөөлөр боюнча келишим 2013-жылы сентябрь айында кабыл алынган. “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын департамент башчысы Сергей Новиков бул келишимден майнап чыкпаганын мамлекеттик телеканалдын журналисттерине айтты:

- Иш жүзүндө бул келишим боюнча жумуш дээрлик башталган эмес. Себеби 2014-жылдын башында эки өлкөнүн мамилеси начарлай баштаган, санкциялар киргизилген. Натыйжада АКШнын Мамлекеттик департаменти бул кызматташууну андан ары өнүктүрбөйбүз дешкен. Чынында бул иштебей турган документ болчу. Андыктан азыр де-факто жагдай де-юреге өтүп жатат.

Орус тарап эгер АКШ милдеттенмелерин аткарса, анда өзөктүк изилдөөлөр боюнча чечимин кайра карап көрөрүн белгилеп жатат. Байкоочулар Орусиянын соңку чечиминин кесепети жума башында токтотулган ядролук келишимге караганда азыраак дешет.

3-октябрда Орусия президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен өзөктүк курал жасоодо колдонулчу плутонийди зыянсыздандыруу боюнча эки өлкө ортосундагы келишим токтотулган. Анда бул чечим “Вашингтондун Орусияга карата достук эмес аракеттерине байланыштуу” деп белгиленген.

Орусия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Сириядагы кырдаалды талкуулашты.
Орусия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Сириядагы кырдаалды талкуулашты.

Сирия боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Тараптар плутоний боюнча келишимге 2000-жылы жетишкен. Бул АКШ менен Орусиянын Кансыз согуштан кийинки жакындашуусунун белгиси катары каралып келген. Бул затты эң көп кармаган өлкөлөр деп саналган АКШ менен Орусия келишимдин 2011-жылы күчүнө кирген протоколуна ылайык 34 тоннадан ашык плутонийди зыянсыздандырышы керек эле.

Эми Москванын ядролук жааттагы мындай кызматташууну бир тараптуу токтотуп койгонуна Америка өкүнүчүн билдирди.

- Плутоний боюнча келишимдин токтошу түздөн түз Сириядагы жаңжалга байланышы бар деп ойлойбуз. Эки тараптуу мамилелерде эбактан бери эле келишпестиктер болуп келген. Орусия Федерациясы чоң ката кетирип жатат деп ойлобуз. Себеби бул ядролук коопсуздук жаатындагы кызматташуу болчу. Биз бул кызматташуу уланышын каалайбыз,-деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Жошуа Бейкер.

АКШ Сириядагы ок атышпоо келишиминин шарттарын сүйлөшүү боюнча Орусия менен биргелешкен аракетин токтоткондон кийин Москва менен Вашингтондун мамилеси чыңала түшкөн. Андан соң Орусия Америка менен келишимдерин токтотуп, Сириядагы аскердик техникаларын күчтөндүргөн. Орустардан колдоо алган Сирия армиясы болсо Алеппо шаарын көтөрүлүшчүлөрдөн кайтаруу үчүн чабуулдарын күчөткөн.

Апта ортосунда АКШ менен Орусия Сирия маселеси боюнча сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантып, мамлекеттик катчы Жон Керри Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөштү.

Сентябрда АКШ жана Орусиянын ортомчулугу менен кабыл алынган Сирияда ок атышууну токтотуу келишими бир аптага жетпей бузулган эле. Эми эки тарап жаңы мунаса таба алабы деген суроо кабыргасынан коюлуп турат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG