Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Керч кысыгындагы жаңжал


Керч көпүрөсү, 25-ноябрь 2018-жыл.
Керч көпүрөсү, 25-ноябрь 2018-жыл.

Орусиянын чек арачылары Украинанын аскердик кемелерин аткылаганы кабарланды. Киев Азов деңизиндеги тирешти "агрессиялык акт" деп атады. Орус тарап болсо украиндерди чагымчыл кадамдарга барды деп айыптоодо.

Жекшемби күнү Кара деңиз менен Азов деңизин байланыштырган Керч кысыгында Украина менен Орусиянын деңиз флотторунун ортосунда жаңжал чыкты. Орус чек арачылары Украинанын үч аскердик кемесин чек арадан мыйзамсыз өттү деп камакка алып, атылган октон алты украин аскери жараат алганы кабарланды.

Анын алдында украин тарап Крым жарым аралынын жээгиндеги деңиз аймагында "Яни Капу" буксир кемесин Орусиянын чек ара кызматына таандык "Дон" кемеси сүзгөнүн билдирген.

"Яни Капу" кемеси Украинанын Кара деңиздин жээгиндеги Одесса портунан Азовдун боюндагы Мариупол портуна пландалган маршрут менен эки аскердик кеменин коштоосунда бараткан.

Кагылышуудан ал кеменин негизги кыймылдаткычына, тулкусуна жана палубасынын тосмолоруна зыян келгени белгилүү болду.

Украинанын деңиздеги аскер күчтөрүнүн билдирүүсүндө Орусиянын кемелери "украин кемелерине каршы ачык агрессияга барганы" айтылат.

Украинанын деңиз флотунун басма сөз өкүлү Олег Чалык "Канал 5" телеканалына берген комментарийинде украин тарап эрежелерди толук аткарганын айтып жатат:

- Коопсуз навигация боюнча эл аралык нормалардын талаптарына ылайык, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн флотуна таандык кеме сүйрөтүүчү "Бердянск" буксири Орусиянын ФСБсынын чек ара кызматы тескеген жээкти күзөтүү бөлүмүнө байланышка чыккан жана Керч кысыгынан өтүү ниетин билдирген. Маалыматты кабыл алышты, бирок эч кандай жооп болгон жок.

Орусия Украинага доомат артууда

Керч көпүрөсүнүн кемелер өтө турган бөлүгү торолуп турат, 25-ноябрь 2018-жыл.
Керч көпүрөсүнүн кемелер өтө турган бөлүгү торолуп турат, 25-ноябрь 2018-жыл.

Бул кагылышуудан кийин Орусия эки деңизди байланыштырган Керч кысыгын жарандык кемелер үчүн жапканы белгилүү болду. Интернетке жарыяланган сүрөттөрдөн Керч көпүрөсүнүн алдындагы өтмөктү узун танкер тосуп турганын көрүүгө болот. Орус тарап бул кадамга коопсуздуктан улам барганын билдирип жатат.

Орусиянын чек ара тармагын тескеген Федералдык коопсуздук кызматы кагылышуудан бир нече саат өткөндөн кийин Киевди чагымчыл кадамдарга барды деп айыптады. ФСБнын билдирүүсүндө украин кемелери Орусияга таандык, убактылуу жабык турган акваторияга киргени айтылат. Бирок анда орус кемеси украин кемесин сүзгөнү тууралуу маалымат камтылган эмес.

Орусиянын Федерация кеңешинин Маалымат саясаты боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушков да бул окуяны Украинанын чагымы деп атап, буйрук жогору жактан келди деген оюн "Россия 24" каналына билдирди:

- Буйрук түздөн-түз Украинанын президенти Порошенкодон келгени шексиз. Мындай иштер мамлекеттин башчысынын кабары жана макулдугу жок, менимче анын демилгеси болбосо жасалбайт. Бул максаттуу бир чагым болду деп айтмакмын.

Орусия украин флотуна кысым көрсөтүп жатабы?

Керч кысыгынын аймагында орус учактары учуп жүрөт, 25-ноябрь 2018-жыл.
Керч кысыгынын аймагында орус учактары учуп жүрөт, 25-ноябрь 2018-жыл.

Украина орус тарапка кемелердин маршруту тууралуу алдын ала маалымдама жөнөтүлгөнүн айтып жатат. ФСБ өз билдирүүсүндө кагылышуудан кийин Украинанын Азов деңизинин жээгиндеги Бердянск портунан эки аскердик кеме катуу ылдамдыкта Керч кысыгы тарапка жол тартканын билдирди. Аймакта Орусиянын эки учагы учуп жүргөнү да кабарланды.

Керч кысыгынын айланасында, Азов деңизинде жана Кара деңиздин Крымдын түштүк тарабындагы бөлүгүндө соңку мезгилде чыңалуу күчөгөнү байкалууда.

Москва менен Киевдин ортосундагы 2003-жылкы келишимге ылайык, Керч кысыгы менен Азов деңизин эки тарап бирдей укукта колдоно алышмак.

Бирок Москва Крымдын аннексиясынан кийин, өзгөчө быйыл май айында Орусия менен жарым аралды байланыштырган 19 чакырымдык Керч көпүрөсүн куруп бүткөндөн бери бул акваторийде көзөмөлдү күчөттү.

Соңку мезгилде эки тарап тең Азовдогу деңиз флотун күчтөндүрүп жатканы кабарланууда. Киев Москваны Украинанын Азов деңизиндеги Мариуполь жана Бердянск сыяктуу портторуна бараткан кемелерине "кысым көрсөтүүдө" деп айыптап жатат. Украин тарап Керч кысыгынан өткөн кемелерди текшерүү күчөгөнүн да билдирип келет.

2014-жылы Москва Крымды каратып алгандан көп өтпөй, Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда жаңжал чыгып, андан 10 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG