Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Орусия: камактагы эки америкалыктын иши


Пол Уилан.
Пол Уилан.

Москвада сот тыңчылык боюнча айыпталып жаткан америкалык жаран Пол Уиландын камак мөөнөтүн узартты. Москвада 15-февралда кармалган "Baring Vostok" инвестициялык корунун негиздөөчүсү, америкалык ишкер Майкл Калви да камакта жатат.

22-февралда Москванын Лефортов райондук соту америкалык жаран Пол Уиландын адвокатынын аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчүн четке кагып, америкалык жаранды 28-майга чейин камакта калтырды. Адвокат Владимир Жеребенковдун айтканына караганда, Федералдык коопсуздук кызматы Пол Уиландын ишин тергөөнү 28-майга чейин узарткан жана соттон да аны ушул күнгө чейин камакта калтырууну өтүнгөн.

Американын жарандыгынан тышкары, Ирландия, Канада жана Британиянын атуулдугу бар Пол Уилан 28-декабрда камакка алынган жана ал тыңчылыкка шектелүүдө. Бул берене боюнча күнөөсү далилденсе, 20 жылга чейин соттолот. Анын үй-бүлөсү Уилан тыңчы эмес экенин, ал Москвага үйлөнүү үлпөтүнө катышуу үчүн барганын билдирип жатат.

Майкл Калви.
Майкл Калви.

Ал эми орус бийликтери ага коюлган айыптын майда-баратын айта элек. "Росбалт" басылмасы ал Кремлдин жанындагы "Метропол" мейманканасындагы бөлмөсүндө Орусиянын аты айтылбаган коопсуздук агенттигинин кызматкерлеринин тизмеси жүктөлгөн флеш-картаны алып жаткан учурда кармалганын өз булактарына таянып кабарлады.

Кармалган учурда 48 жаштагы Пол Уилан - Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан "BorgWarner" аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеп жаткан. Мичиганда жашаган америкалык жаран кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

Пол Уилан - Вашингтон менен Москванын алакасы чыңалып турган учурда, акыркы айларда эле камалган эки америкалыктын бири.

Майкл Калвинин иши

15-февралда Москвада "Baring Vostok" инвестициялык корунун негиздөөчүсү америкалык ишкер Майкл Калви кармалган. Анын адвокаты Дмитрий Клеточкиндин кабарлашынча, 21-февралда америкалык жаранга каржылык мыйзам бузуу боюнча расмий айып коюлду.

- Ал суроолорго азырынча жооп бербейт. Ага коюлган айып бүдөмүк жана чаржайыт. Андыктан ал адвокаттары менен кеңешкенден кийин гана суракка макул болот, - деди адвокат.

Ал Калви өзүнө коюлган айыпты толугу менен четке какканын да кошумчалады. 16-февралда Москванын соту америкалык жаранды 13-апрелге чейин камакта калтырган.

Москвадагы АКШнын элчилиги каржылык кылмышка шектүү катары тергөө абагында отурган Калвиге дипломаттарды токтоосуз кезиктирүүнү орус бийлигинен талап кылууда.

51 жаштагы Майкл Калви 1994-жылы Орусияда «Baring Vostok» инвестициялык фондун негиздеген. Андан бери ал Орусияга ири өлчөмдө инвестиция салган.

15-февралда Майкл Калвиден тышкары фонддун үч кызматкери: Ваган Абгарян, Филипп Делпаль жана Иван Зюзин кармалды. Ошондой эле “Восточный” банкынын мурдагы жетекчиси Алексей Кордичев жана “Биринчи коллектордук бюро” ишканасынын башкы директору Максим Владимиров да камалган. Алар “Восточный” банкынан 2,5 млрд. рубль уурдап чыгып кеткен алдамчылык иш боюнча шектелүүдө. Сот алардын баарын камакка алган. Адвокат Дмитрий Клеточкин камалгандар коюлган айыптарды моюнга алган жок.

Инвесторлорду чочуткан кармоо

Экономикалык талдоочулардын көз карашында бул жерде корпоративдик талаш-тартышка укук коргоо органдарынын аралашканы көрүнүп турат.

- Биз 2000-жылдардын башында ишкананы, банкты басып алууда, коммерциялык иштерди чечүүдө күч түзүмдөрү колдонулганын жакшы билебиз. Азыр эми ошол жылдардын “саламын” көрүп жатабыз. Эгер "Восточный" банкы жыйынтыгында кайсы бир мамлекеттик банктын колунда болуп калса мен буга таң калбайм. "Восточный" банкы өзү буга чейин эле, күч түзүмдөрү кийлигишкенге чейин эле абалы оор болуп келген, - дейт экономикалык талдоочу Максим Осадчий.

Таасирдүү орусиялык ишмерлер да америкалык инвесторду колдоп, кепилдик катын беришкен. Орусиядагы кесипкөй инвесторлор ассоциациясы 21-февралда бийликти сотко чейинки териштирүү ишин жүргүзүүгө, Калвин жана башка камалгандарды камактан бошотууга чакырды. Ал эми Көз карандысыз бакубатчылык фондунун башчысы Кирилл Дмитриев Москва сотуна жана Тергөө комитетине Калви баштаган адамдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды. 21-февралда бизнес омбудсмен Борис Титов да башкы прокурор Юрий Чайкага Калвинин камалышынын мыйзамдуулугуна баа берүүнү сурап кайрылуу жөнөткөн.

Калвинин камалышы Орусиядагы чет өлкөлүк ишкерлерди да нес кылды. "БКС Капитал" аналитикалык компаниясынын кызматкери Сергей Суверов:

- Анын камалышы көптөгөн инвесторлорду, бизнес аналитиктерди нес кылды. Бул - Орусиядагы инвестициялык климатка сокку. Эми көп чет өлкөлүк инвесторлор Орусияга келип баштоодон мурун он жолу ойлоно турган болот.

Эгер Калвин ага коюлган айып боюнча күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Президент Владимир Путин 20-февралдагы элге кайрылуусунда таза ишкерлер соттук териштирүүлөрдөн коркпошу керек деди. Орус президенти бул сөзүн атайын Калвинин иши боюнча айттыбы белгисиз. Буга чейин анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Путин Майкл Калви кармалганын билерин, аны менен буга чейин бизнес форумдарда жана башка жолугушууларда бир нече ирет кездешкенин айткан. Бирок америкалык ишкердин кармалышына Путиндин тиешеси жоктугун белгилеген.

- Орусиянын башка мамлекеттер менен алакасы чет элдик инвесторлордун бул жердеги ишмердигине эч кандай таасир этпейт, – деген Песков Орусия ар дайым “чет элдик инвестицияга жагымдуу шарттарды” түзүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Активинде 3,7 миллиард доллары бар "Baring Vostok” мурдагы Советтер союзунун аймагындагы эң чоң инвестициялык компания саналат.

Аталган ишкананы негиздегенге чейин Калвин Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкында жана "Salomon Brothers” инвестициялык банкында иштеген. Ошондой эле ал Вашингтондогу Атлантикалык кеңеш аналитикалык борборунун директорлор кеңешинин мүчөсү.

Орусиянын Эсеп палатасынын төрагасы Алексей Кудрин да “Твиттер” баракчасына “Baring Vostok” инвестициялык корунун негиздөөчүсү, америкалык ишкер Майкл Калвинин камалышы "экономикалык жүйөдөн улам эч ким кармалбасын" деген президенттин көрсөтмөсүн бузуу болуп саналат" деп жазды. Ал бул жагдайды “экономика үчүн чукул кырдаал” деп мүнөздөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG