Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Путин Сноуден боюнча АКШны күнөөлөдү


Путин Сноудендин "Шереметьево" аба майданында камалып жатышы үчүн Кошмо Штаттарына кине койду. АКШнын өтө талылуу чалгын маалыматтарын ачыкка чыгарган качкын аналитик Орусиянын баш калаасындагы эл аралык аба бекетинде кала берүүдө.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кошмо Штаттарын "иш жүзүндө америкалык качкын чалгын аналитигин Москванын аба бекетинде камап жатат" деп күнөөлөдү.

Эдвард Сноуден дүйнө боюнча телефон жана интернет маалыматтарын аңдып, көзөмөлдөгөнү тууралуу АКШнын жашыруун маалыматтарын жарыялагандан кийин 23-июнда Гонконгдон Москвага учуп келген эле. Ошол бойдон ал "Шереметьево" аба бекетинде кала берүүдө.

Орусия ал турган транзиттик тилке Орусиянын аймагы эмес экендигин айтууда. Сноуден өткөн аптада Латын Америкасына аман-эсен жетип алганга чейин Орусиядан убактылуу башпаанек сурап жаткандыгын билдирген. Латын Америкасында ага үч өлкө саясий башпаанек сунуш эткен.

Бул темага Владимир Путин Финляндия булуңундагы орусиялык Гогланд аралына дүйшөмбүдө барганда кайрылды:

Сноуден биздин өлкөгө чакыруусуз келди, биз аны чакырган эмеспиз. Ал бизге учуп келген эмес, ал башка жактарга баратканда "Шереметьеводо" убактылуу токтогон. Бирок ал учакка түшөөрү менен дайыны белгилүү болуп калган. Биздин америкалык шериктер иш жүзүндө анын андан ары учуп кетишине бөгөт коюп жатышат. Алар өздөрү (Сноуденди кабыл алабыз деген) башка өлкөлөрдү коркутуп коюшту.

​Ошол эле убакта Путин Орусия Сноуденге башпаанек берип-бербесин тактаган жок. Анын айтымында, Сноуден жашыруун сырды ачыкка чыгаруу маселесинде өз турумун улам өзгөртүп жатат, бирок бул кырдаал тактала элек.

Путин: АКШ Сноуденди Орусияга камап койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Орус президенти башпаанек маселесине кайрылбаганы менен, Сноуден Орусиядан кетет деп үмүттөнөөрүн жашырган жок:

– Сноуден менен сүйлөшкөн биздин кызматкер айткандай, Орусия менен Кошмо Штаттарынын ортосунда белгилүү карым-катнаш бар. Сноуден "мен ишимди улантам, мен адам укуктары үчүн күрөшөм" деди. Биз «бул ишке бизди аралаштырба, өзүбүздүн ишибиз чачтан көп» деп айттык. Ошондуктан азыркыдай кырдаал түзүлдү, бирок тез арада ал бир жакка кетет деп үмүттөнөм.

Сноудендин паспортун күчүнөн кетирип салган Вашингтон ага каршы чыккынчылык боюнча кылмыш ишин ачкан. Обаманын администрациясы Сноудендин адам укуктары үчүн күрөшөм деген сөзүн четке кагууда.

​Сноуденге Никарагуа, Венесуэла жана Боливия башпаанек сунушташкан. Бирок бул мамлекеттерге Москвадан ары түз каттам жок, демек эгер ал башка өлкө аркылуу учса, ал бараткан учакка АКШ жана анын союздаштары ар кандай бөгөт коюшу мүмкүн.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы дүйшөмбүдө 30 жаштагы Сноуденден башпаанек сураган арыз түшпөгөнүн бышыктады.

Өткөн жума күнү Ак үй эгер Орусиядан башпаанек алса, Сноуден «пропаганда платформасына» ээ болоорун айтып, Москваны ага мындай көмөк көрсөтпөөгө чакырган.

Буга чейин Путин Сноуденди АКШга чыгарып бербейбиз дегендей айткан. Эки өлкөнүн ортосунда экстрадиция келишими да жок.

Өткөн жумада Владимир Путин менен АКШнын президенти Барак Обама Сноудендин ишин телефондон сүйлөшкөн эле, анын аки-чүкүсү айтылбаган менен, соңку окуяларга караганда, экөө мунасага келе алган эместей.

XS
SM
MD
LG