Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Сноуден Орусиядан баш паанек сурабайт


Эдвард Сноуден
Эдвард Сноуден

АКШнын Улуттук коопсуздук мекемесинин мурдагы аналитиги Эдвард Сноуден Орусиядан баш паанек сураган арызын кайтарып алды.

Бул тууралуу орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Песковдун айтымында, Сноуден Орусияда калуу шартын уккандан кийин баш паанек алуу планынан баш тартты. Дүйшөмбүдө президент Владимир Путин Сноуденди АКШга өткөрүү мүмкүнчүлүгүн четке кагып, бирок ал “америкалык өнөктөштүрүбүзгө зыян алып келген ишмердигин токтотууга тийиш”, - деп белгилеген.

Россия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Венесуэла президенти менен жолугшуу учурунда, Москва, 2-июль, 2013-жыл
Россия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Венесуэла президенти менен жолугшуу учурунда, Москва, 2-июль, 2013-жыл

Эртеси президенттин маалымат катчысы АКШда өлүм жазасы колдонгондуктан, Сноуден өткөрүлбөйт деп түшүндүрдү. “Орусия эч кимди өткөрүп берген эмес, өткөрбөйт жана келечекте да өткөрүп бербейт. Буга чейин айырбаштоо гана учурлары болгон, бирок кимдир бирөөнү өткөрүү фактысы катталган эмес”, - деп кошумчалады Песков.

Сноудендин Орусиядан баш паанек сураганы жөнүндө маалымат тарагандан кийин Мамлекеттик департаменттин маалымат бөлүмүнүн өкүлү Патрик Вендрелл Орусия качкынды АКШга өткөрүп берүүгө тийиш деген:

- Бизде толук маалымат жок. Баш паанек сурап-сурабаганын Орусия тастыкташы керек. Ал дагы эле Орусияда жүрөт өңдөнөт. Биздин позициябыз өзгөргөн жок. Ал чыгарылып, АКШга жөнөтүлүүгө тийиш.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинде келишим боюнча иштеп келген аналитик ушу тапта болжолу менен “Шереметьево” аэропортунун транзит тилкесинде жүрөт. Июндун башында ал америкалык атайын кызматтардын жашыруун көзөмөл программасы тууралуу маалыматтарды шардана кылган. Мекенинде Сноуден улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттер үчүн айыпталууда. Москвага болсо ал 23-июнда Гонконгдон учуп келген.

Песков анын 15 өлкөдөн баш паанек сурагынын айтса, Сноуден өзү чуулгандуу “Викиликс” сайты аркылуу 19 мамлекетке кайрылганын билдирди. Тизмеде Финляндия, Германия, Франция, Норвегия өңдүү өнүккөн европалык өлкөлөр менен бирге Кытай, Куба, Боливия, Бразилия жана башкалар бар.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Москвада Мамлекеттик думанын төрага орун басары менен жолугушуудан кийин:”Сноуден чындыкты айткан киши, эми аны эл аралык гуманитардык мыйзамдарга ылайык коргош керек”, - деди.

Ошол эле “Викиликс” сайтында Сноуден президент Барак Обама башка өлкөлөргө кысым көргөзүп, ага баш калка бердирбей жатат деп сындады.

Сноуден маселеси АКШ Мамлекеттик катчысы менен орус тышкы иштер министринин Брунейдеги жолугушуусунда козголот деп күтүлдү эле. Жон Керри жана Сергей Лавров ал жерде АСЕАНдын жыйынына катышууда. Бирок Лавров Путин ал тууралуу бардыгын айтканын, андыктан Сноудендин иши сөз болбогонун журналисттерге билдирди.

Жон Керри менен Сергей Лавров Сноуден маселесин талкуулашкан жок. Бруней, 2-июль, 2013-жыл
Жон Керри менен Сергей Лавров Сноуден маселесин талкуулашкан жок. Бруней, 2-июль, 2013-жыл

Ал тапта европалык лидерлер АКШ Евробиримдиктин институттарында, 38 элчиликте тыңчылык кылган деген маалыматтардын пайда болушуна байланыштуу Вашингтондон түшүндүрмө талап кылышты. Германиянын “Шпигел” журналы жазганына караганда, АКШнын коопсуздук кызматы Германиянын, Евробиримдиктин Вашингтондогу жана Улуттар уюмундагы кеңселерин тыңшап турган.

Франциянын президенти Франсуа Олланд “достор жана өнөктөштөр ортосунда мындай иштер болбош керек”, - деп катуу сындады. Италиянын коргоо министри Марио Мауро тыңчылык тууралуу маалыматтар чын болуп чыкса, АКШ менен “мамилелерге чоң залака тийерин” билдирди.

Жекшембиде АКШнын расмий мекемеси европалык өлкөлөргө түшүндүрмө дипломатиялык жолдор менен берилээрин маалымдаган. Дүйшөмбүдө Керри Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон ага суроо узатканда, таң калганын жашырбай, “мен адегенде ошол айыптоолорду көргүм келет, алардын канчалык негиздүү экенин билүүгө тийишмин”, - деп жооп берди.

Танзанияда визит менен жүргөн президент Обама АКШ-Европа шериктештигинин бекемдигине ишенээрин билдирип, “Шпигелдеги” маалыматтар текшерилип чыккандан кийин европалык союздаштар кабардар кылынаарын айтты.

XS
SM
MD
LG