Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Орус өнөрпоздору Устиновду колдоп чыгышты


Актёр Павел Устинов сот залында. Москва, 16-сентябрь, 2019-жыл.
Актёр Павел Устинов сот залында. Москва, 16-сентябрь, 2019-жыл.

Орусиянын бир катар маданият ишмерлери Москвада 3-августта өткөн митингге байланыштуу үч жарым жылга түрмөгө кесилген актёр Павел Устиновду колдоп чыгышты. Сот 16-сентябрда Устиновду полиция кызматкерине күч колдонууга күнөөлүү деп тапкан болчу.

Орусиядагы белгилүү өнөрпоздор биринен сала бири 23 жаштагы актёр Павел Устиновду бошотууну талап кылган видеолорун социалдык түйүндөргө жайгаштырып жатышат. Актёр Александр Паль кесиптешине коюлган айып «толугу менен ойдон чыгарылганын» айтып, Устиновду колдогон мындай флешмобду дүйшөмбүнүн кечинде баштаган.

Андан бери акцияга Никита Ефремов, Равшана Куркова сыяктуу жыйырмадан ашык актёр жана режиссёрлор кошулду. Устиновду колдогондордун арасында белгилүү ырчы-музыканттар Сергей Шнуров менен Сергей Лазарев, «YouTube» порталында миллиондогон көрөрмандары бар журналист Юрий Дудь жана таанымал алып баруучу, куудул Максим Галкин да бар.

«Павел Устиновго чектелген абак жазасына байланыштуу окуя биздин соттордун кадыр-баркына чоң доо кетирди. Бул биринчиси да, акыркысы да эмес. Улуттук гвардиянын да беделине доо кетти. Кандай жоокер бир жерин кокустатып алганы үчүн адамды түрмөгө отургузуп коё алат? Бул биздин бийлик үчүн да жакшы эмес», - деп билдирди Галкин.

Айрым чыгармачыл адамдар социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына «Мен / Биз - Павел Устинов» деген жазууну башкалар менен бөлүшүп жатышат. Буга чейин орусиялык иликтөөчү журналист Иван Голунов кармалгандан кийинки акцияларда да ушуга окшош ураан колдонулган болчу.

«Инстаграм» социалдык түйүнүнө актёрду бошотууну талап кылган #свободупавлуустинову аттуу хэштег менен 1700дөн ашуун билдирүү жарыяланды. Дүйшөмбүнүн кечинде Москванын бир катар театрларындагы спектаклдер Устиновго колдоо көрсөткөн кайрылуулар менен жыйынтыкталды.

«Мен кесиптештеримди спектаклден кийин бул тууралуу сөз кылууга чакырдым. Эч кимди бир жерге чыгууга үндөбөй туруп, бул тууралуу сүйлөшүүнүн өзү маанилүү. Себеби бул ушунчалык адилетсиз окуя», - деп билдирди Антон Чехов атындагы Москванын көркөм театрынын режиссёру Александр Молочников.

Актёрлук кесипти жаңыдан баштап жаткан Устиновду 3-августта, Москвада таза шайлоого чакырган митинг өтүп жаткан аймакка жакын жерден кармап кетишкен. 16-сентябрда Тверь райондук соту актёрду «кармоо учурунда Улуттук гвардиянын жоокерине кол салган» деп таап, 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Прокуратуранын жүйөсү боюнча, Устинов күч кызматкерлерине катуу каршылык көрсөткөн, анын натыйжасында бир жоокер ийинин кокустатып алган.

Сотто жабырлануучу катары сүйлөгөн «Росгвардиянын» жоокери Александр Лягин актёрду митингдин активдүү катышуучусу катары мүнөздөп, ал колуна телефон алып, орус президенти Путинге каршы ураан чакырып турганын айткан. Устинов өзү болсо акцияга катышпаганын, болгону метронун жанында досун күтүп турганын белгилеп жатат.

Анын адвокаты Дмитрий Чешков да окуя маалында тартылган видео күч кызматкерлери оор жаракат албаганын тастыктап турганын билдирди.

«Ишке кошо тиркелген бул видеодо кимдир-бирөө ооруга чыдабай кыйналган жери жок. Жоокерлердин баарынын эле колдору кадимкисиндей иштеп, алар менин кардарымды сабап жатышканын көрдүм. Андыктан мындай айыптоо акылга сыйбаган көрүнүш», - деди адвокат Чешков.

Гвардиянын жоокерлери Устиновду кармап жаткан учур, Москва, 3-август, 2019-жыл.
Гвардиянын жоокерлери Устиновду кармап жаткан учур, Москва, 3-август, 2019-жыл.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус президенти Владимир Путин соттордун өкүмүнө, анын ичинде Павел Устиновдун ишине кийгилише албай турганын, актёр райондук соттун чечими боюнча жогорку инстанцияга даттанса болорун айтты.

«Албетте, президент окуядан кабары бар, бардык маселе боюнча маалымат алып турат. Бирок ал соттордун чечимине таасир эте албайт. Бул мүмкүн эмес», - деди Песков.

Орусияда 8-сентябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында баш калаа Москвада бир нече жолу ири митингдер өткөн. Мындай акцияларга шайлоо комиссиясы белгилүү оппозициячыл активисттерди талапкер катары каттабай койгону негиз берген. 3-августтагы митингде Устинов сыяктуу миңге чукул адам кармалган болчу.

Актёр, режиссёр Константин Райкиндин Жогорку искусство мектебин бүтүргөн Павел Устинов буга чейин бир нече кинотасмада майда ролдорду аткарган. Ошондой эле режиссёр Федор Бондарчуктун «Жүргүнчү» тасмасында да роль ойногон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG