Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:07

Санкциядан сактанган Кыргызстан, логистикалык кампанын чоо-жайы


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Президент Садыр Жапаров санкциялар боюнча АКШ сенаторуна жооп берип, Кыргызстан Орусияга Батыш санкцияларын кыйгап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн билдирди. Мунун алдында америкалык сенатор Боб Менендес кыргыз бийлигине кайрылып, Орусияга жардам бербөөгө чакырган эле. Ал тапта орусиялык басылмалар саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык ишкана орусиялык компаниялар үчүн ири логистикалык комплекс куруп жатканын жазып чыкты.

Эксперттер Кыргызстан орус-украин жаңжалында жабыр тартпашы үчүн бейтараптуулук позициясынан тайбашы зарылдыгын айтышууда.

АКШ сенаторунун санкция боюнча катына жооп

Кыргызстан Батыштын Орусияга салган санкцияларынан кыйгап өтүүгө байланыштуу кезектеги талкуулардын бутасында калды. Бул жолу президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, АКШ сенатору Боб Менендестин катына жооп кайтарды.

Ал Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирип, америкалык сенатордун соңку кайрылуусун "кысым көрсөтүү аракети" деп атады.

“Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Орусия менен Кытай - өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат. Ооба, кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз”, - деген президент.

Президент Кыргызстан эгемен мамлекет катары көп векторлуу саясат жүргүзө турганын, Украинадагы согушта башынан бери бейтарап позицияны кармап келатканын кошумчалады.

Мунун алдында АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Сенатордун кайрылуусу АКШ Сенатынын Эл аралык мамилелер комитетинин расмий сайтына жарыяланды. Ал Бишкекти Москванын Батыш салган санкциядан буйтап өтүшүнө жардамдашпоого чакырган. Кыргызстандын Орусияга салынган эл аралык санкциялар боюнча эрежелерди сактай албаганы – демократиядан жана адам укугун сактоодон чегинип жатканынын белгиси экенин эскерткен.

“Согуш башталгандан бери Кыргызстан Орусия менен импорттук-экспорттук операцияларын кескин көбөйттү. Сиздин өкмөтүңүздүн укуктук жөнгө салуудагы тажрыйбасыздыгы же, андан да жаманы, учуучу аппараттар, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле электрондук схемалар өңдүү тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга сатууга катышып жаткандыгы болууда. Сиздин өкмөтүңүздү ушундай санкциялык чектөөлөрдүн бузулушу тууралуу айыптоолорду тыкыр иликтөөгө, өлкөңүз аркылуу товарлардын мыйзамсыз өтүшүнүн алдын алган ишенимдүү жол-жоболорду орнотууга чакырам. Ошондой эле сизден ачык-айкындуулукту карманууңузду, сиздин өкмөтүңүздүн Улуттук статистика комитети тарабынан жарыялануучу экспорттук маалыматтардын форматын өзгөртүүдөн карманышын жана эл аралык коомчулук кеңири колдонгон 10 орундуу кодду колдонууга кайра кайтышын өтүнөм”, - деп жазылган катта.

Казакстандын ыкмасы

Орусия Украинага кол салып, андан бери Батыштын санкцияларды күчөткөнү чөлкөмдөгү айрым компаниялар Москвага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам бериши мүмкүн экени айтылып келе жатат. Бул жаатта АКШ жана Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга бир нече жолу келип, бул аракеттин кесепетин түшүндүрүүгө аракет кылган.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев санкциялык товарлардын Орусияга параллелдүү импорт жолу менен өтүп жатышында Кыргызстандын үлүшү өтө эле аз экенин, Батыш өлкөлөрү Бишкекке кыр көрсөтүү менен Кремлдин орбитасындагы башка өлкөлөргө да ишарат берип жатканын айтат.

“Президент деле “көп вектордуулук жана бейтараптуулук” деп айтты го. Ошол көп вектордуулук менен бейтараптуулукка, мисалы, Казакстандын ыкмасы туура келет. Казакстан бүгүн “биз санкцияларды, Украинанын бүтүндүгүн колдойбуз” деп айтып атат. Бизде болуп аткан нерселерге атайын чара көрөбүз же көрдүк деп жарыялап атышат. Айтып койду, бирок артынан көрүнбөгөн товарлар кетип атат. Интернетте “ушундай товарлар кетип атат” деген маалыматтар жайнап жатат. Бул эмнени билдирет, Кыргызстан бүгүн ишкерлерди тыя алабы же тыя албайбы? Ошондуктан биздин өлкө Казакстандын ыкмасын колдонушу керек. “Биз аркылуу санкциялык товарларды өткөрбөй жатабыз” деп расмий түрдө жарыялаш керек. Бирок, бейтараптуулук болгондон кийин биздин өлкөнүн укугу бар, “биз колдобойбуз дагы, каршы да чыкпайбыз” деп айтышы керек. Ушул позицияда тура беришибиз керек, бизде башка вариант жок.”

Орус армиясы 2022-жылы Украинага кол салгандан бери Кыргызстандын экономикасы Кремлдин саясатына мурдагыдан да күчтүүрөөк тартылып келет. Улуттук жана эл аралык статистикалык маалыматтар боюнча, соңку бир жарым жылда Бишкектин Орусияга экспорту 2,5 эсеге өскөн. Ошол эле маалда Европа өлкөлөрү менен АКШнын Бишкекке импорту да беш эсеге чейин көбөйгөн.

Көбүнчө Европа, Азия жана Америкадагы өнүккөн өлкөлөрдөн согушка керектелүүчү жогорку технологиялуу товарларды кыргыз бажысына каттап, андан ары Орусияга реэкспорттоо агымы күчөгөн.

“Азаттык” радиосу июнь айында Орусия кантип кыргыз компаниялары аркылуу согушка керектелүүчү товарларды сатып алып жатканы боюнча иликтөө жарыялаган. Көп өтпөй АКШ иликтөөдө аталган RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии” компанияларын, андан тышкары “Прогресс лидер”, “Карголайн” деп аталган дагы эки фирманы санкциялык тизмеге киргизди. Ага чейин “Тро, Я” деп аталган дагы бир кыргыз компаниясы кара тизмеге киргизилген болчу.

Серепчилер санкцияларга карабай, Орусияга тыюу салынган товарларды кыйгап өткөрүү улана берерин, бирок мындай иш Кыргызстан үчүн жагымдуу болбошун эскертишүүдө. Башкалар дагы согушка керектелүүчү товарларды Орусияга күргүштөтүп реэкспорттоп жатканын билип турган менен, кыргыз өкмөтү өз юрисдикциясындагы ортомчуларды тыйып алышы зарыл экенин айтышат.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев “башкалар бизден да көп сатып жатат, биздики аз эле” деген логика өлкө жетекчилиги үчүн натуура деген пикирде.

“Түздөн-түз Орусия колдонбосун, эгерде Орусияга түшчү болсо ал товарлар Украинага каршы баскынчыл согушуна кубат берүүгө жумшалат” деп санкциялар салынып жатат. Биз “тирилигибизди кылышыбыз керек, биз аз эле жөнөтүп атабыз” дегенибиз ошол ишти моюнга алып жатканыбыз да. Мисалы, Украинага дронго колдоонуулучу же оптикалык, электрондук шаймандар Украинанын шаарларын талкалаганга, жарандарын аткылаганга колдонулушу мүмкүндүгүн билип турабыз. Маселен, тегерегибиз толтура коррупционер болгону менен, эгер колунан кармалган бир коррупционер болсо, ошол камалат, жоопко тартылат. Кармалган коррупционер деле “менден башка толтура эле, менден көп жегендер бар” деп чыгып кете албайт да. Ошол сыяктуу эле логика менен биз өзүбүз ошол мыйзамга каршы келген, моралдык жагынан да жакпай турган реэкспорт ишине аралашып жатканыбызга мамлекет жана анын жетекчилиги көз жуумп коюуга тете мамиле кылгандыгы туура эмес. Эгерде сын пикирлердин жүйөсү бар болсо, ошол жүйөөсүнө карап аракет кылганыбыз туура болмок”.

Бишкекте орусиялык компаниялар үчүн кампа курулабы?

Ал тапта 9-августта Орусиянын “Коммерсант” басылмасы Кыргызстанда орус компаниялары муктаж болуп жаткан ири логистикалык комплекс курулуп жатканын жана ал долбоорго саясатчы Өмүрбек Бабановдун тиешеси бар экендигин жазды. Басылма Москванын параллелдүү импорт маршрутун жолго салуу аракети Борбор Азия өлкөлөрүнүн логистикалык рыногуна дем берип жатканына көңүл бурган.

Макалада жазылгандай, Бишкектин жака белинде Asia Park деп аталган ири кампа комплекси курулуп жатат, анын аянты 160 000 м2 түзөт. Долбоордун консультанты NF Group компаниясы басылмага берген маалыматына ылайык, аталган логистикалык комплекстен кампаларды ижарага алууга негизинен орусиялык компаниялар кызыкдар болууда. Алар Кыргызстандагы кампалардын мүмкүнчүлүктөрүн Орусияга параллелдүү импорт жасоо үчүн колдонушат.

“Коммерсант” өзүнүн булактарына таянып комплексти саясатчы Өмүрбек Бабановдун үй-бүлөсүнө таандык делген “Траст KG” компаниясы курмакчы экенин жазган. Бирок долбоордун өкүлү Кирилл Шевченко логистикалык комплекстин параллелдүү импорт максатын көздөп курулуп жаткандыгы жана ага Өмүрбек Бабановдун түз тиешеси тууралуу маалыматтарды четке какты. Ошол эле маалда, логистикалык комплекстен ижарага кампаларды алуу боюнча орусиялык компаниялар менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

“Билесизби, журналисттердин каралоосунун маанисин көрбөй жатам. Менимче, Өмүрбек Бабановдун ысымын элдин назарын бурган кандайдыр бир чуулуу тема коюу үчүн эле колдонуп жатышса керек. Азыр параллелдүү импорт темасы кызуу талкууланып жаткан чакта эмне үчүндүр журналист бизди ушул маселеге байланыштыргысы келген. Биздин максатыбыз такыр башка, бизден чоң-чоң аянттарды ижарага алгысы келген кардарларыбыз бар. Арасында орусиялык э-ком жана дистрибуциялык компаниялар да бар, албетте. Алар менен ижара келишимин бир кыйла жогорку деңгээлде жүргүзүп жатабыз”.

Орусиялык NF Group компаниясынын өкүлү Константин Фомиченко Asia Park долбоорун баштаардан мурда Кыргызстандагы кампаларга болгон суроо-талапты кылдат талдап чыгышканын айтат. Айтымында, учурда Кыргызстанда А классындагы кампалар дээрлик жокко эсе жана аларга суроо-талап өтө жогору экендиги аныкталган.

“Рыноктогу суроо-талаптын көлөмү курула турган кампанын аянтынан алдаганча көп болууда. Биз 160 миң м2 аянтка кампа курабыз деп ажтсак, Кыргызстандагы суроо-талаптын көлөмү 300 миң м2 ашык. Кыргызстандын рыногу Орусиянын компаниялары үчүн чындап эле кызык болуп жатат. Аларды кызыктырган жагдай – Кыргызстан Борбор Азия аймагынын ыңгайлуу жеринде жайгашкандыктан, товарларды бөлүштүрүүдө логистикалык жана дистрибютордук кошумча фукнцияларды аткарганга мүмкүндүк берет. Комплекстен кампаларды ижарага алууга кызыкдар болгон орусиялык компанияларга бүткүл Борбор Азиянын жана Кыргызстандын рыногуна иштөө мүмкүнчүлүгү жагып жатат”.

“Коммерсант” басылмасы апрель айында Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдө кампалардын жетишпей жаткандыгын жазган. Басылмага маалымат берген NF Group компаниясы Орусияга багытталган параллелдүү импорт механизминин жайылышына байланыштуу орусиялык компаниялардын коңшу өлкөлөрдөн логистикалык аянт издеген суроо-талабы 40-50% өсүп, 400 миң чарчы метрге чейин жетип жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG