Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Санкциялар мигранттардын акча которуусуна таасир этеби?


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы айрым банктар "Юнистрим" системасы менен кызматташууну токтотот. Буга аталган система Батыштын санкциясына кабылганы негиз болгону айтылууда.

Борбор Азиядагы, анын ичинен Кыргызстандагы айрым банктар "Юнистрим" системасы менен кызматташууну токтотот. Буга аталган системанын Батыштын санкциясына кабылганы негиз болду деп айтылууда.

Украинага кол салганы үчүн Батыш Орусияга санкцияларды күчөттү. Мындан улам кыргыз банктары орусиялык банктар менен кызматташуудан этияттанып калганы байкалды.

Чейрек кылымдык кызматташууну санкция токтоттубу?

Кара-Суу шаарынын тургуну Элмира Алматова "Юнистрим" системасы менен 20 жылга жакын убактан бери акча которуп жүргөнү үчүн жакшы билет.

Ал аталган системаны 2005-жылы Москвада миграцияга баргандан тарта колдоно баштаган.

"2005-жылы Кыргызстандагы туугандарыма "Юнистрим" аркылуу акча жиберчү элек. Себеби ошол кездеги айрым "Контакт", "Вестерн юнион" сыяктуу системаларга караганда үстөк пайызы аз болчу. Кийинчерээк бул система биздин акчадан үстөк пайыз деле албай калган, алса да өтө аз өлчөмдө эле. Эми азыр өзүбүз мекенге кайтып келдик, балдарыбыз Орусияда иштеп жүрөт. Азыр акча которуунун түрлөрү чыкпадыбы. Мурдараак "Золотая корона" аркылуу жиберишчү. Аны албай калышты деп бир убактарда "Юнистримге" өтүштү эле. Райондун борборунда РСК банк бар, ошондон алчу элек. Былтыртан бери "Сбербанктан" түз которуп калышты".

Негизинен мигранттар мекенине акча которуп иштеген "Юнистрим" системасы отуздан ашык мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга да акча которуу менен алектенчү.

АКШнын Каржы министрлиги 20-июлда бул системага санкция салгандан кийин Борбор Азиянын бир нече банкы "Юнистрим" акча которуу системасы менен кызматташууну токтотконун жарыялады.

Кыргызстанда "Компаньон", Finсa банк, "РСК Банк", "Халык Банк" жана "Капитал Банк" аталган банк менен кызматташууну чектегени 24-июлда маалым болду. "Компаньон", Finсa банк жана "РСК банк" бул система толугу менен иштебей жатканын билдиришти.


Кыргызстандагы банктардын Орусиянын бул системасы менен кызматташууну чектөөсү 25-июлда да уланды. "Айыл банк" аталган системада доллар менен которуулар токтотулганын "Азаттыкка" билдирди.

24-июлда Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын айрым банктары "Юнистрим" менен кызматташууну токтоткону кабарланган. Ага чейин Армения жана Грузия банктары да ушундай эле чечимге барганын жарыялашкан.

Финансист Кубан Чороев учурда дүйнөдө өлкөлөр арасында акча которуучу системалардын атаандаштыгын эске салып, Кыргызстандагы банктар саналуу гана системаларга байланбашы керектигин белгиледи.

Кубан Чороев
Кубан Чороев

"Мурдатан колдонуп келген кардарларга, албетте, ыңгайсыздык жаралат. Бирок башка жолдорун караштырууга болот. Мисалы, "Золотая корона" иштебей калгандан кийин башка системалар аркылуу жиберип жатты. Эң көп акча которуулар ошол "Золотая коронага" байланыштуу эле. Бирок биздеги банктар дээрлик баары рублдик эсептер, корреспонденция менен иштейт. Ошондуктан бир-эки система санкцияга туш болсо, алардан башка дагы кеминде он чакты варианттар бар. Акча которууларга "Юнистрим" сыяктуу системалардын иштебей калышы көп деле таасир эте албайт".

Орусия Украинага басып киргенден кийин эл аралык каржы институттары орусиялык банк системасына бир катар чектөөлөрдү киргизген. Былтыр сентябрдан тарта Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстандагы банктар Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөдөн баш тарткан.

Батыш мамлекеттери санкцияга кабылган орусиялык банктарды SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан да өчүргөн.

Быйыл май айында Улуттук банк Кыргызстандагы бардык коммерциялык банктарга АКШнын жана Европанын санкцияларына илинген тараптар, товарлар менен кызматташуудан оолак болууну эскерткен.

Ошол эле учурда Улуттук банк коммерциялык банктарга санкциялардан улам кошумча тобокелдиктердин таасири жөнүндө туруктуу маалымдоо милдетин алганын, мындан тышкары санкциялык тизмесине кирген товарлар жана жактар менен операцияларды көзөмөлдөөнү күчөтөрүн билдирген.

2022-жылы Орусиядан Казакстанга, Грузияга жана Арменияга "Золотая Корона", "Юнистрим" жана Contact.системалары аркылуу акча которуулар 300–600% көбөйгөн.

Орусиядан Грузияга 2 млрд доллар которулган, бул мурунку жылдан 403% көп. Казакстанга 775 млн доллар которулуп, 2021-жылкы которуулардан 570% көбөйгөн. Өзбекстанга 14,5 млрд доллар которулган, бул мурунку жылкы которуулардан 160% көп.

Армениянын банктарына орусиялыктар 3,1 млрд доллар которушкан, бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 306% көп.

"Акчаны "Сбербанктан" салабыз"

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар акыркы бир жылдан берки мекенине акчаны "Сбербанк" аркылуу жиберип жатканын айтышты. Биз сөзгө тарткан бир нече мигрант акча которуу үчүн мурдагыдай банкка барбай эле кол телефондогу тиркеме аркылуу "Сбербанктын" картасынан Кыргызстандагы адамдын атына же телефон номуруна же банк картасына которуп коюу мүмкүн экенин билдиришти.

Орусиядагы кыргыздардын "Ноокат" коомунун башчысы Толкунбай Акматовдун "Азаттыкка" маалымдашынча, Украинадагы согуш башталгандан кийин Кыргызстанга акча которуу да татаалдашкан. Бирок көп өтпөй "Сбербанк" аркылуу жолго коюлган.

Толкунбай Акматов
Толкунбай Акматов

"Мигранттар мурда "Юнистрим", "Золотая корона" системалары менен акча которушчу. Украинада согуш башталгандан кийин "Золотая корона" Орусиянын банктарынын карталарын албай калган. "Тинькофф банктын" картасын алып атты эле, кийинчерээк аны да албай калды. Ошол убактарда "Юнистрим" менен жиберип жаткан. Кийинчерээк "Сбербанк" Кыргызстанга түз жибере турган система иштеп чыккан соң, акча жиберүү бир аз жеңилдеди. "Сбербанктын" картасынан Кыргызстандагы банк карталарына же адамдын атына түз жибере алат. Менимче, 5 миң рублге 75 рубль үстөк алат, азыр ушул жол менен акча которуу оңой жана ыңгайлуу болуп жатат. "Сбербанк" системасы аркылуу күн сайын 150 миң рублге чейин арзан жиберсе болот".

Учурда Орусиядагы мигранттар арасында акча которууда лидерлик кылып жатканы айтылган "Сбербанк" жетекчиси Герман Греф менен чогуу АКШ жана Европа Биримдигинде "кара тизмеге" киргизилген.

Мындан туура бир жыл мурда - былтыр, 26-июлда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегациянын "Сбербанкка" барганы ошол тушта бир топ кооптонууларга түрткөнү белгилүү.

Өкмөт башчынын сапарында кызматташууга байланыштуу кандайдыр бир чечимдер кабыл алынып же алынбаганы жана документтерге кол коюлганы тууралуу маалымат берилген эмес.

Айрым экономисттер санкцияга илинген банк менен кызматташуу Кыргызстандын өзүн санкцияга кептеши ыктымалдыгын айтып чыгышкан. Бирок кызматташуу уланууда.

"Эки дөө согушса..."

Кыргызстан - 2015-жылдан бери Евразия экономикалык биримдигинин туруктуу мүчөсү. Орусия менен соода-экономикалык чек арасы, салык системасы бир. Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны расмий эсепте 1 миллиондон ашык. Улуттук банктын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанга сырттан дээрлик 3 млрд (2 млрд 928,2 млн) доллар которулган.

Кыргызстандын экономикасы Орусия менен тыгыз байланышта экенин белгилеген экономист Элдар Абакиров Улуттук банк баш болгон банктар кырдаалдан чыгуу жолдорун кылдаттык менен иликтеши зарыл деп эсептейт.

Эльдар Абакиров
Эльдар Абакиров

"Эки дөө ортосунда кыйналган кара чымын биз болуп атабыз. Экономикабыз 80% Орусияга байланган. Мигранттарыбыз которгон 2 млрд доллардан ашык акча ошол жактан келет. Айыл чарба азыктары, тигүү тармагынын өнүмдөрү 90% ошол жакка сатылат. Ошондуктан акча маселесин шарт кесип токтотуп коюу таптакыр мүмкүн эмес. "Сбербанк" менен кызматташуу деле кайсы бир деңгээлде кыл үстүндөгү абал. Бул жерде биздин өкмөттөн, Улуттук банктан өтө кылдаттык менен иштөө талап кылынат. Эгер кайсы бир банктар же системалар аркылуу согушка байланыштуу операциялар жүрүп жатканы аныкталса, токтотуп, чара көрөбүз, андайларды жолотпойбуз деп, эки тарапка тең кылдаттык менен түшүндүрүп, оокат кылууга тийиш".

Жакында эле АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салды. Аталган мекеменин маалыматында, "кара тизмеге" илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулду.

Анын алдында, май айында АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган эле.

2022-жылы 24-февралда Украинага кол салгандан кийин эл аралык коомчулук Орусияга карата катаал санкцияларды салып келет. Мындан эл аралык соода-логистикалык чынжырчалар үзгүлтүккө учураганы менен, кыргыз банктарынын операциялык кирешеси кескин өскөн.

Эл аралык акча которуулардан, валюталык операциялардан алынуучу комиссиялардан, чет өлкө валюталарын конвертациялоого кошумча комиссия киргизүү сыяктуу операциялардан түшкөн кирешелер жүздөгөн пайызга көбөйгөн. Эксперттер коомчулугу менен саясатчылар банктарды каатчылыктан акча жасап сүткорлук кылууда деп айыптап келет.

Учурда Кыргызстанда 23 банк бар. Мындан сырткары өлкөдө тогуз микрокаржы компаниясы, 87 микронасыя компаниясы жана 34 микронасыя агенттиги иштейт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG