Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

Москва Казакстандын "тоң моюндугун" Батыштан көрдү


Украин акыны Тарас Шевченконун эстелиги. Алматы, 24-февраль, 2023 жыл.
Украин акыны Тарас Шевченконун эстелиги. Алматы, 24-февраль, 2023 жыл.

Москва Батышты "манипуляцияга" айыптады. Уйгурлардын укуктарын коргоо мыйзамы АКШда кандай иштеп жатат? Азиянын бир топ өлкөлөрүн акыркы жумаларда аптап каптады.

Москва Батышты "манипуляцияга" айыптоодо

Орусиянын коопсуздук кеңеши Батыш суверендүү Казакстандын иштерине кийлигишүү менен Москва менен Астана ортосунда жик салууга аракеттенүүдө деп айыптады. Кеңештин төрагасы Николай Патрушевдин орун басары Александр Шевцовдун сөздөрүн ТАСС агенттиги таратты. Анын айтымында, “АКШ жана өнөктөштөрү калп маалыматты таратуу, интернетте, социалдык тармактарда коомдук пикирди бурмалоо менен улутчул маанайды колдоо аракетин көрүүдө”.

Николай Патрушев. Архивдик сүрөт
Николай Патрушев. Архивдик сүрөт

Борбор Азиядагы кесиптештери менен кездешүү максатында аймакка аттанган Патрушев 23-июнда Алматыда болду.

Al-Jazeera темага кайрылып, мунайга бай жана Орусиянын жакын экономикалык өнөктөшү Москва Украинага басып кирген 2022-жылдын 24-февралынан бери өзүн абдан этият алып жүргөнүн жазат.

Казакстандык жетекчилер согушту дипломатиялык жол менен токтотууга үндөп келатышат. Ошол эл маалда Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошулган жок.

Басылма белгилегендей, байкоочулар Астана ачык болбосо да Москванын таасир чөйрөсүнөн чыгууга аракеттенип жатат деп эсептешет.

Мисал катары президент Касым-Жомарт Токаевдин жакында Санкт-Петербургдагы экономикалык форумга катышуудан баш тартканын, былтыр андай жыйында Казакстан Украинанын чыгышындагы же мурагы советтик аймактардагы орусиячыл түзүмдөрдүн көз карандысыздыгын тааныбасын билдиргенин келтирет.

Андан ары өткөн шаршембиде Казакстан Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтотууну сунуш кылганы айтылат. Астана Орусия, Түркия жана Иран катышкан сүйлөшүүлөрдү 2017-жылдан бери өткөрүп келаткан. Маалыматка караганда, казак тышкы иштер министринин орун басары Сирия Араб Лигасына кайра киргенин, изоляциядан чыкканын, демек алар максатына жеткенин айтты.

Al-Jazeera апта башында көптөгөн нааразылыктан улам орусиялык ырчы, Украинадагы согушту колдогон Григорий Лепстин Казакстандагы концерти болбой калганын да эске салат.

"АКШда уйгурларды колдогон мыйзам символикалык эле болуп калды"

Мындан үч жыл мурун, 2020-жылдын 17-июнунда АКШда Уйгурлардын адам укуктары жаатындагы саясат тууралуу мыйзам кабыл алынган. The Diplomat басылмасы бул темага токтолуп, Уйгурлардын адам укуктары долбоорунун аткаруучу директору Омер Канаттын макаласын басып чыгарды.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндөгү уйгурлар кубаттап, үмүт арткан жобо символикалык мааниге гана ээ болуп калды.

“Чыгыш Түркстанда жашаган уйгурлар менен башка түрк эли Кытай өкмөтүнүн адамзатка каршы кылмыштарына жана геноцидге туш болуп келатат”, - деп уланткан активист зомбулуктун масштабы кеңйип баратканын жазат. Анын маалыматында болжол менен 2-3 миллион киши айып тагылбастан, соттун чечимисиз лагерлерде кармалып турат. Ал жерлерде тукумсуз кылып, күчкө салып жумушка салышат, башка ырайымсыз мамиле кылышат. Макалада доктор Хенрик Шажевскинин: “Профессор, акын, башка интеллектуалдарды узак мөөнөттөргө кесүү улут каймактарын атайылап жок кылууга (элитицид) тете” деген көз карашы келтирилет.

Кытай "кесипке үйрөтүү борбору" деп атаган жай. Шинжаң, 2018-жыл
Кытай "кесипке үйрөтүү борбору" деп атаган жай. Шинжаң, 2018-жыл

Автор мындай зордук-зомбулукту бир топ эл аралык уюмдар, БУУ, Европа биримдиги, АКШ жана башка бир катар өкмөттөр айыптаганын белгилейт.

Маалыматка караганда, жогоруда айтылган жободо жапырт зомбулук үчүн жооптуу адамдардын тизмесин түзүү, ошол аткаминерлер менен компанияларга санкция салуу каралган. Омер Канат Трамп администрациясы тушунда сегиз, президент Байдендин учурунда төрт киши ошондой санкцияларга туш болгонун айтып, “геноцид үчүн 12 эле киши жооптуубу?” деген суроо салат.

Андан тышкары төрт негизги доклад даярдалышы керектиги, бирок бирөө да чыга электиги айтылат. Алсак, чалгын кызматынын башчысы репрессиялардын коопсуздукка жана экономикага коркунучтары, уйгур качкындарын, башпаанек сурагандарды күчтөп мекенине кайтарган өкмөттөрдүн аракеттери, жапырт аңдуу технолгиялары тууралуу доклад жасоого тийиш эле. Автор Федералдык иликтөө бюросу Америкадагы уйгурлар менен кытайларды Бээжин бийлигинин опузалоо, куугунтугунан коргоо чараларын Конгресске билдирип турууга тийиш деп улантат.

Аягында активист уйгурларга адилеттүүлүктү орнотуу эл аралык коомчулук Кытай өкмөтүнүн мыкаачылыгын көз жаздымда калтырбайт деген ишарат болуп калмакчы деген ою менен бөлүшөт.

41 градус ысык. Кытайдагы адаттан тыш аптап

Кытайдын улуттук метеорология кызматы 22-июнда өлкөнүн түндүк бөлүгүндө абанын температурасы 40 градуска чейин ысыганын маалымдады. Жума күнү башкалаада ысык экстремалдык, “кызыл” деп белгиленген чекке жетет деген эскертүү берилди. Окумуштуулар негизинен көмүр жагуудан келип чыккан абанын глобалдык ысышы дүйнө жүзүндө аба ырайынын өзгөрүшүнө алып келип жатканын, Азиянын бир топ өлкөлөрүн акыркы жумаларда аптап каптаганын айтышат.

Бээжин, 23-июнь, 2023-жыл
Бээжин, 23-июнь, 2023-жыл

The Gardian гезити Кытайдын улуттук телеканалына таянып жазганына караганда, бейшембиде саат 15.17де Бээжиндин түндүгүндөгү Наньцзяо метеостанциясында абанын табы 41,1 градуска жетип турду.

Кытай абанын температурасын 1961-жылдын июнунан бери каттап келатат. Ошондо бир айдагы орточо ысык 40,6 градус болгон. Бул жагынан рекорд 1999-жылдын июлунда коюлган, ошондо ысык 41,9 градуска жеткен.

Метеостанциянын маалыматына ылайык, абанын табы 41 градустан үч жолу гана ашкан.

Башкалаанын айланасындагы башка станциялар бейшембиде мындан да жогору температураны каттаган. Улуттук метеорологиялык борбор 22-июнда 17 станцияда “абаны рекорддук температурасы” катталганын билдирди.

Жергиликтүү Weibo социалдык түйүндүн бир колдонуучусу мурда июнда мындай ысык болуп көрбөгөнүн жазса, башкасы Бээжинди “үч тараптан кактап жатышабы?” деген суроо узатат.

Мамлекеттик телеканал ысык аба ырайы дагы бир нече күн сакталарын айтып, сыртка көп чыкпоону, күн өтүп кетпеши үчүн чара көрүүнү эскертти.

Гезит климаттагы өзгөрүүлөргө адамдын чарбалык ишмердиги алып келип жатканын белгилеп, Канада жана АКШда 2021-жылы болгон аптапты эске салат.

Өткөн жумада Техас штаты менен Мексикада күн адаттан тыш ысык болду. 21-июнда Техастагы Rio Grande Village деген жерде абанын табы 47,8 градуска чейин көтөрүлдү. Штат бийлиги энергосистемага күч келтирбеш үчүн калктан кондиционерлерди пайдаланууну азайтууну өтүндү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG