Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Моргенштерн Бишкекте, Лепс Казакстанда концерт кое албайт


Моргенштерн жана Лепс. Коллаж
Моргенштерн жана Лепс. Коллаж

Москва Украинага басып кирип, санкциялар салынгандан бери орусиялык ырчы, артисттердин гастролдук географиясы кыйла чектелип, Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көбүрөөк каттап калышты.

Арасында согушка каршы чыгып, позициясын ачык билдиргендер, мекенинде "чет элдик агент" деп таанылгандар, же тескерисинче Кремлдин үгүт концерттерине катышып, согушту колдогондор бар. Биринчилерге бийлик тараптан кысым көрсөтүлгөн учурлар жок эмес. Ал эми экинчилердин концерттери коомчулуктун күчү менен токтотулган. Мисалы, 19-июнда Орусиянын агрессиясын колдогон Григорий Лепс Казакстанга келбейт деп кабарланды.

"Концертти өткөрбөгүлө дегендей шарт коюшту"

Июнь айынын башынан бери Кыргызстанда орусиялык эки топтун концерти болбой калды. Рэпер Алишер Моргенштернге Бишкектеги фестивалга катышуусуна уруксат берилген жок. Буга ар башка жүйө себеп болгону менен орусиялык артисттердин гастролдорунун айланасында көптөн бери талаш-тартыш чыгып келатат.

"Порнофильмы" тобунун солисти Владимир Котляров. Архивдик сүрөт
"Порнофильмы" тобунун солисти Владимир Котляров. Архивдик сүрөт

10-июнда “Порнофильмы” панк-рок тобунун Бишкектеги концерти үзгүлтүккө учураган. Орус бийлигине жана согушка каршы көз карашын билдирген музыканттар Инстаграмдагы баракчасына жазгандай, алар клубдардын биринде ырдашмак. Бирок ал жерге күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери барып, "музыканттарды коркутушкан".

Топтун директору, гитарачы Александр Русаков “Настоящее время” телеканалы менен маегинде, башка бир аянтча тапканы менен, ал жакка да орган өкүлдөрү барганын айтып берди:

“Концерттин ошол жерге которулганын жарыялаган эмеспиз. Бирок күч түзүмдөрү келип, концертти өткөрбөгүлө дегендей шарт коюшту. Башка жерге которуу мүмкүнчүлүгүбүз деле чектелүү болчу. Биз дагы бир ыктымал аянтча менен сүйлөшүп эмне болгонун айтып бердик. Бизди угуп чыгып, алар жок деп жооп беришти. Уюштуруучулар акырына чейин концертти куткарып калууга аракеттеништи. Дагы башка варианттарды карап чыгышты, басымдан коркпогула деп ынандырууга аракет көрүштү. Бирок эч ким макул болбой койду. План боюнча 600 көрүүчү келмек. Башка шаарлардан, башка өлкөлөрдөн да келишмек. Албетте, учак билетине, мейманканага да акча коротушту. Тилекке каршы, эч нерсе кыла алган жокпуз”.

Музыканттар күйөрмандарынан кечирим сурап, өздөрү да концертти күткөнүн, анын болбой калганына капаланганын билдиришти. Маалыматка караганда, концерттин билетинин акчасы кайтарылмакчы.

Кыргызстандын бийлиги концерттин өтпөй калышын расмий комментарийлеген жок.

Кошуна Казакстанда алар өнөрүн эч кандай тоскоолдуксуз тартуулаганы кабарланган.

Өз чыгармачылыгында жакырчылык, кыйноолор, зомбулук, күч түзүмдөрүнүн өз билемдиги, орус дүйнөсүнө байланышкан социалдык жана саясий маселелерге кайрылып жүргөн “Порнофильмы” тобунун Орусиядагы концерттерин Украинадагы согушка чейин эле үзгүлтүккө учураткан окуялар болгон. Москва кошуна өлкөсүнө басып киргенден кийин артисттер мекенинен чыгып кеткен.

Былтыр “Медуза” басылмасына курган маегинде 2008-жылы түптөлгөн топтун солисти Владимир Котляров согуш маалында Орусияда концерт коюу – “Кремлге элди олуттуу маселелерден алагды кылууга жардамдашууга тете” деген ою менен бөлүшкөн. Анын айтымында, топ Крымдын аннексиясынан бери эле согуш темасына кайрылып келатат.

Быйыл февралда Орусиянын Юстиция министрлиги алардын “Кедейлерди өлтүр!” деген ырын кайрадан эстремисттик материалдардын тизмесине киргизди.

Былтыр жайында жергиликтүү маалымат каражаттары согушту сындаганы үчүн Орусияга кирүүгө тыюу салынган артисттердин тизмеси бар экенин кабарлашкан. Айрым концерттик агенттиктер келишим түзгөндө сахнадан саясий билдирүү жасоого тыюу салган пункт киргизе баштаганы тууралуу маалыматтар тараган.

"Кара тизмеде" "Порнофильмы" тобун да көрүүгө болот. Ошондон кийин алардын концерттерин мекенинде болтурбай коюшкан.

"Киркоров деле Бишкекте сахнага жарым-жартылай жылаңач чыккан"

17-июнда орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн (Валеев) Бишкектеги Alga Fest музыка фестивалына катышпай турганын уюштуруучулар Инстаграмдагы баракчасына жазышты. Алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ырчынын 23-24-июнга белгиленген иш-чарага катышуусуна каршы катын тиркешкен.

Алишер Моргенштерн (Валеев)
Алишер Моргенштерн (Валеев)

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгуловдун колу коюлган катта "мекеме Моргенштерндин концертте ырдашы Кыргызстандын "Маданият" жөнүндө мыйзамына туура келбеси жана элдин моралдык, адеп-ахлак баалуулуктарына, коомдук аң-сезимге карама-каршы келген маданий иш-чаралардын өтүшүнө каршы экени" жазылган.

Моргенштерндин Бишкекте ырдашына Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары каршы чыгышкан. Алар министрликтен ырчыны Кыргызстанга келтирбөөнү талап кылышкан.

"Клооп" басылмасы иликтеп чыккандай, рэперди Кыргызстанга киргизбөө талабын биринчилерден болуп негизинен диний мазмунда жазып жүргөн блогерлер менен активисттер тарата баштаган.

Орусиянын Юстиция министрлиги Алишер Моргенштернди быйыл май айында "чет элдик агенттер" тизмесине киргизген. Орусия Украинага кол салгандан кийин ал согушка каршы клип жаздырган. Ырчы 2021-жылдан бери мекенинде жашабайт. Анткени ал жылы Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин рэперди соцтармактарда маңзаттар менен соода кылат деп айыптаган. Моргенштерн андайга эч качан барбаганын ырларынын биринде айткан. Кийин анын "76 жыл мурун болгон жеңишти майрамдоону түшүнбөйм" деген сөздөрү да териштирилген. Кийин ырчы оюн маалымат каражаттары бурмалады деп кечирим сураган.

Ырчы Кайрат Примбердиев жаштар анын ырларын укса эле бузулуп кетет деген ойго кошулбайт:

"Порнофильмы" деген топтун ырларын уккан эмесмин. Бирок тобунун аты ушундай болсо эле ошондой темада ырдайт деп ойлобойм. Моргенштернди дагы келтирбей коюшту окшойт. Негизи концертке барып, алардын ырын угуп жаштар бузулуп кетет дегенге кошула албайм. Анын ырын уккусу келгендер интернеттен таап деле угуп алышат. Балким, чынында эле анык себеби ошол артисттер согушка каршы болгону үчүн болуп аткандыр. Болбосо Филипп Киркоров өткөндө Бишкектеги концертинде тордон жасалган кийимин кийип алып, сахнага жарым-жартылай жылаңач денесин көрсөтүп чыккан. Аны эмнеге эч ким Бишкекке келбе деген жок?".

"Би-2 тобунун концерти техникалык себептерден өткөн жок"

"Би-2" тобу. Архивдик сүрөт
"Би-2" тобу. Архивдик сүрөт

18-июнда орусиялык дагы бир рок-топ – "Би-2" тобунун Бишкектеги концерти болбой калды. Социалдык тармактарда топтун согушка каршы позициясын, анын лидери Егор Бортниктин (Лёва Би-2) Орусияда "чет элдик агент" деп таанылганын эске салышканы менен, уюштуруучулар – Vi project kg компаниясы концерт техникалык себептерден, казакстандык өнөктөштөр менен пикир келишпестик келип чыккандыктан, өтпөдү деп түшүнүдүрү:

"Концерттин өтпөй калганына уюштуруу иштери себеп болду. Мындай чечимге Vi project казак компаниясы келди. Бул саясий боек же "Би 2" тобунун согушка каршы чыккан позициясына байланыштуу эмес. Билет акылары кайра кайтарылып берилет”.

Бортник «путиндик Орусия жийиркеничтүү, Путин жана анын акылы кем адамдары Орусияны талкалады» деп айткандары бар. Ал ошондой эле өлкөгө кайтып барбасын билдирген. "Би-2" былтыр 28-апрелде Омскиде Z тамгасы менен жазылган "Zа президента" деген орус желегинин фонундагы баннер илинип турганы үчүн ал жерде концерт коюудан баш тарткан. Ошондон кийин алардын Орусиянын он чакты шаарындагы концерттери үзгүлтүккө учураган.

Маалыматтарга караганда, Борбор Азияны кыдырып жүргөн топ Казакстандын Семей шаарындагы концертинен түшкөн акчаны Абай районундагы өрттөн жабыркагандарга которушарын айтышкан. 19-июнда калаа акимчилиги трагедияга байланыштуу концерт өтпөй турганын маалымдап, көп өтпөй ал пост сайтынан алынып салды. Семейдин бийлиги кырдаалды комментарийлеген жок.

"Zа президента" деген өңдүү ураандар менен уюштурулган концерттердин жигердүү катышуучулары, атүгүл согушту ачыктан-ачык колдогон орусиялык ырчы-чоорчулар да биздин аймакты кыдырып, улам бирөө концерт коюп кетип жатат. Айрымдары социалдык тармактарда чыккан нааразылыктан кийин өтпөй калган учурлар бар.

"Орусия маданиятты пропаганданын куралына айландырып алган"

Григорий Лепс. Архивдик сүрөт
Григорий Лепс. Архивдик сүрөт

19-июнда Григорий Лепстин Казакстандагы концертине аянтча берген компания уюштуруучулар менен келишимди үзгөнү белгилүү болду. Makao Luxury Village Resort компаниясы бул тууралуу Инстаграмдагы баракчасында билдирди. Концерт 8-июлда Конаев шаарында өтмөк.

Депутат Эркин Ракишевдин айтымында, активист Канат Турдалиев Алматы облусунун жетекчилиги менен жолугушууда кырдаалды курчутпоо үчүн элдин талабын аткарууга чакырышты.

“Концерт болбойт. Лепс келбейт”,- деп билдирди депутат.

Бир нече күн мурун Лепс менен Николай Басков украин куралдуу күчтөрүнүн танктарын жок кылгандардын ар бирине бир миллион рубль сыйлык беришерин убада кылышкан. Көп узабай Лепстин казак жергесине келүү планы тууралуу маалым болгондо, социалдык тармактарда катуу резонанс жаралып, концертти болтурбоо талаптары жаңыра баштаган.

Казакстандык саясий активист, журналист Арман Шораевдин пикиринде, азыркы шартта баскынчылыкты жактаган артисттердин концерттери - согушту каржылоо, дем берүүгө тете болот:

“Ошондуктан Кыргызстан же Казакстан болобу, Лепс же башкасы болобу, андай артисттердин концерттерине тыюу салыш керек. Лепсти келтирбей койгонубузга кубанып отурам. Жалпы коомдун, социадык түйүндөрдүн аракети менен анын концертин токтоттук, ал Казакстанга келбей турган болду. Анын алдында Гагарина деген ырчыга коомубуз тыюу салган. Орусия өзү маданият менен саясатты аралаштырып жүрөт, маданиятты пропаганданын куралына айландырып алган. Орусиялык пропагандисттер миллиондогон адамды урушка азгырып, үгүтүнө ууландырып жүрөт. Миңдеген киши, арасында кыргызстандыктар да, казакстандыктар да мылтыгын көтөрүп алып, Украинага каршы аттанып атат. Ырчылар же пропагандачылары болобу, эртең Шойгу, Герасимовдор менен чогуу Гаагадагы сотто жоопко тартылышы керек”.

Орусия Украинага кол салгандан бери кремлчил артисттердин, мисалы Лариса Долина, Полина Гагаринанын концерттери, согушту колдгон актер Сергей Глушко катышкан спектакль коомчулуктун талабы менен Казакстанда болбой калган. Муну менен катар ошол эле Филипп Киркоров өткөн жылдын күзүндө Бишкек менен катар Астана жана Алматы шаарында концерт коюп кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG