Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Орусиялык ардагерлер: баары өсүп жатса, пенсия жашы эмне болуптур?


“Күлкү кербендин” кезектеги чыгарылышы Орусиядагы ардагерлердин бул өлкөдөгү пенсия реформасына байланыштуу такмазаларына арналды.

* * *

Путиндин жалындуу сөзүнөн кийин ардагерлер жакшы түшүнгөн жагдай ушул: көрсө, экономика Путин бийликке келе элек жагымсыз кезде “нөл” деңгээлде болуп турганда, ардагерлердин пенсиясы баары жоктун баарын сатып алууга жетчү экен. Ал эми Путин экономиканы ушунчалык тездетип илгери өнүктүрүп жибергендиктен, эми ардагердин акчасы күкүм нанга жетчүдөй нарктан өйдөгө эч жыла албай калыптыр.

* * *

Эми орусиялык эркектер "пенсия жашына жеттим" деп эки жолу майрамдай турган болуп калды: эски стилде 60 жашта жана жаңы стилде – 65ке чыкканда.

* * *

Ылайым пенсия жашын 65ке кечеңдеткен аткаминерлерди микроинсульт алган 65 жаштагы айдоочу тейлеп, эмканада көзү жакшы көрбөй калган 63 жаштагы медайым ийне сайып калса экен! – деп бирөө каргап-шилеген дешет.

* * *

Азыр өлкө илгерилөө жана өсүү менен гана алек:

Баалар өсүп жатат.

Салык өсүп жатат.

Доллардын курсу өсүп жатат.

Пенсия жашы өсүп жатат.

Уурдалган акчанын көлөмү өсүп жатат.

Олигархтын байлыгы өсүп жатат.

Путиндин бийлик мөөнөтү өсүп жатат.

Анан каяктагы “төмөндөө” жөнүндө ыйлап былжыра-ап жатасың сен?!.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG