Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

Мединадагы теракттын тереңде жаткан сыры


Медина
Медина

4-июлда Сауд Арабиясында катары менен үч теракт жасалды. Анын бири мусулмандар ыйык туткан Мединадагы Мухаммед пайгамбар мечитине жакын жерде болду. Бул кол салуу падышачылыкка чабуул катары кабылданууда.

4-июлда жанкечти-террорчулар падышалыктын Жидда, Катиф жана Медина шаарларында координацияланган теракттарды уюштурду. Медина шаарында теракт Мухаммед пайгамбар мечитине жакын жерде болду. Анда коопсуздук кызматынын төрт кызматкери набыт болду.

Жидда шаарында АКШнын консулдугуна жакын жерде Пакистандан келген эмигрант бомба жардырып, коопсуздук кызматынын эки кызматкерин жарадар кылды. Катиф шаарындагы жардыруу шииттердин мечитине жакын жерде жасалды.

Теракттын жасалган орду жана убагы анын табиятын түшүнүүдө өзгөчө маанилүү. Сауд Арабиясындагы жардырууларга эч ким жоопкерчилик ала элек, бирок ал “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик уюмдун иши экени байкалат.

Теракттар мусулмандар үчүн ыйык Орозо айында жасалды. Жакынкы Чыгышты иликтөөчү, “Американын жаңы коопсуздугу” борборунун кызматкери Никола Херас “жардыруулар "Ислам мамлекети" террордук тобунун максаты жана пландарына туура келет, алар Орозо айында душмандардын канын төгүүгө убада кылган” деп эсептейт.

- Бул теракттардын орду жана максаты - Усама бин Ладендин иши уланып жатканын көрсөтөт. Өзү саудиялык бин Ладен бул өлкөнүн бийлигинин мыйзамдуулугун четке кагып, алардын мусулман уммасынын эң башкы ыйыктары болгон Мухаммед пайгамбар төрөлгөн Меке жана пайгамбардын сөөгү коюлган Мединаны сактоочу болушун күмөнгө алып келген. Халифат жарыялагандардын да түпкү максаты мусулмандардын ыйык жерлерин көзөмөлгө алуу экени белгилүү.

Херастын айтымында, “Ислам мамлекети" тобу ал-Сауд монархиясына карай курал сунуу менен белги берип, "биз силердин артыңардан келдик" деп жатат”.

Сауд монархиясын эки түркүк кармап турат. Алар исламдын эки ыйыгын сактоочу катары легитимдүүлүккө ээ . Бирок аны талашууга болот. Ал - Сауд уруусу 1932-жылы бийликке келгенде реалдуу диний таянычы болгон эмес. Алар вахабизмди жайылтуу менен диний таяныч тапкан.

Мединага кол салуу “Ислам мамлекети” тобу үчүн тобокелдик. Анткени Мухаммед пайгамбар коюлган жерге кол салуу ислам дүйнөсүнүн жаалын келтирет. Сауд Арабиясынын эң жогорку диний органы Мединадагы кол салууну кескин айыптады.

Адистердин пикиринде, кол салгандар да абайлаган. Алар Мединадагы Мухаммад пайгамбар мечитине түз кол салбастан, ага жакын коопсуздук кызматына чабуул койгон. Бул саудилердин ыйыктарды сактоого кудурети жетпегенин көрсөтүү керек болгонун кабарлайт. Чабуулдун максаты пайгамбардын мечити эмес, сауд бийлиги экенин туюнтат.

Медина
Медина

Саудия бийлигин Кошмо Штаттар колдойт. Ошондуктан Жиддадагы сокку идеологиялык душман болгон Батышка багытталган. Ал 4-июлда АКШнын эгемендүүлүк күнүндө болуп жатышы менен символикалуу.

Ал эми Катифдеги шииттер мечитине кол салуунун кесепети жалпы регион үчүн жаман болушу менен опурталдуу. Жакынкы Чыгыш ансыз деле суннит жана шииттердин ортосундагы кагылышуудан кансырап турат. Ирак, Сирия жана Йеменде ал геноцидге жакындоодо. ИМ террордук уюму үчүн шииттер Батыштагы каапырлардан өткөн душман жана динбезер.

Ошондуктан Катифдеги жардыруу Сауд Арабиясындагы шииттерге белги. “Силер каапырсыңар, исламдын ыйык жеринен кетишиңер керек деген ишаара”, - дейт Херас. Экинчиден, ал сауд бийлиги менен шииттер ортосунда карама-каршылыкты күчөтүп, өлкөнү дестабилдештирүү максатын көздөйт.

Ошентип, бул чабуулдардын пландалышы жана аткарылышы ал “Ислам мамлекети” аталган топтун иши экенин көрсөтөт. Миң кырдуу айла жана катаалдык менен жасалган теракттар бин Ладен сыяктуу эле Сауд бийлигине белги берип, максат Сауд Арабиясынын падышалыгын кулатуу эле эмес, жалпы өлкөнү колго алуу экенинен белги берет.

Сауд бийлиги өз кезегинде ИМге каршы АКШ баштаган эл аралык коалиция түз операция жасашы керек деп эсептейт. Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр андай коалиция менен чабуулга падышалык даяр экенин билдирген:

- Сауд Арабиясынын падышалыгы Сирия кризисин токтотуу үчүн эл аралык түздөн-түз кийлигишүү болушу керектигин ар дайым айтып келген. Бул жөнүндө биз бир нече жылдан бери айтып келатабыз. Өткөн жылы Сауд Арабиясы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы атайын багыттагы күчтөрдү эл аралык коалиция менен жөнөтүүгө даярдыгын билдирген. Биз ал альянстын башында Кошмо Штаттар турушу керек деп эсептейбиз.

Кошмо Штаттар баштаган коалиция жана Сирияда өз алдынча аскерий операция жүргүзүп жаткан Орусия да “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө абадан сокку уруп, жөө аскерлер менен операция өткөрүүдөн баш тартып келатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG