Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:29

Кооз чымчыктын эркегинин өзгөчөлүгү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кооз эркек чымчыктар тукуму соолубашы үчүн өлөрчө кам көрөт. Купуя сырды көрсөтпөй сактачу сыя. Бала-чаканын саны эрендиктин сапатына көз каранды. Арак ичпей мас болгон америкалык же арак бөлгөн организм.

Сүйүүгө инвестиция салсаң, акыбетин урпактарыңдан көрөсүн

Кээ бир канаттуулардын эркектери ургаачыларын азгырыш үчүн түрдүү айла-амалга барышат. Мисалы, тоостун корозу же кызыл топу каркыранын (Grus japonensis) эркеги канаттарын жайып, түрдүү кыймылдарды жасап бийлейт.

Жалгыз түгөйлүү (моногамдуу) канаттуулардын кээ бир түрлөрүнүн эркектери махабат бийин жупташкандан кийин аткарышат; ал эми күн жылууда чегиртке куугандын ордуна баш кошкон түгөйүн жандап же башка ургаачыларды акмалап, «ырын ырдап, бийин бийлеп» жагынышат.

Корозу жанында айланчыктап, обон созуп жүргөндө ургаачы паренде жумуртканы көп басып, балапандарын астейдил асырайт. Корозу башка ургаачыларга барбай калат. Көп балапандуу эне паренденин түйшүгү анын ден соолугуна тескери таасир этет: наристелердин камын көрөм деп жатып, тоё тамактанбайт жана келерки жылы көп жумуртка баса албай калат.

Эгер ургаачы чымчык короздун ыр-бийине көңүл бурбай койсо, бара-бара анын ындыны өчүп, өнөрпоздугун токтотот.

Көпчүлүк моногамдуу куштардын канаты кооз, үнү мукам, бийге шыктуу эркектерине жупташкандан кийин тамак-аш камдаганды унутуп, желпинип бийлеп, үнүн кубултуп ырдап, ургаачысына «мактануу» мүнөздүү.

Окумуштуулардын айтымында, мындай эркек чымчыктар бийлеп жатып түгөйлөрүн жумуртканы көп тууп, балапандарды жакшы асыраганга шыктандырышат.

АКШнын Түндүк Каролина жана Чикаго университеттери менен Норвегия университетинин (University of North Carolina at Chapel Hilll, Norwegian University of Science and Technology, University of Chicago, Chicago) окумуштуулары короз-чымчыктардын канатынын кооздугу жана чарк айланып жагынып, көп балалуу болууга умтулуусу менен ургаачы чымчыктардын көп жумуртка басканды каалабаганы кантип кызматташууга айланарын математикалык моделдин негизинде түшүндүрүштү.

Айталы, ургаачы чымчык демейде үч жумуртка тууйт. Ал эми сымбаттуу короз өз ыр-бийи, жүрүм-туруму менен түгөйүнө төрт жумуртка тууп, балапандарды жакшы асыраганга шыктандырат. Мунун натыйжасында канаты көркөм эркектердин гени көбөйөт жана гени сакталат. Ал эми өңү серт короз менен жашаган ургачы чымчык эки жумуртка тууп, эки балапан басат, тукуму (гени) азаят.

Ушинтип, баштапкы карама-каршылык өз ара кызматташтык менен алмашат. Анткени короз-чымчыктарга кооз болбой коюу кандай пайдасыз болсо, ургаачы-чымчыктарга аз жумуртка тууган ошондой эле пайдасыз.

Паренделер да өлөрүн, аларда да ажырашуу болорун эске алганда, математикалык моделге ылайык, түгөйлүү чымчыктар генетикалык жактан ийгиликтүү болушат.

«Бардык эркек-чымчыктар өнөрүн көрсөтүп, ургаачы-чымчыктар ага жооп кайтарганда туруктуу тең салмактуулук түзүлөт деп эсептейбиз» деген тыянак жасалат изилдөөдө.

Изилдөөнүн авторлорунун бири Тревор Прайстын (Trevor Price) тажрыйбасы да моногамдуу канаттуулар түгөйлөрүнө бекем берилгенин көрсөтөт. Биолог кадимки кооз мукурдун (Carduelis carduelis) ургаачысын кармап, торго салып алып, бекетти көздөй жөнөгөндө, корозу коштоп учуп жүргөн жана коё бергенде экөө жарыша учуп кеткен.

«Мындай көрүнүштү канаттуулардын башка түрлөрүнөн да байкаса болот. Ошондуктан түгөйлөр арасындагы бекем байланыш жана эркек-аял ортосундагы эмоционалдык жакындык кишиге гана таандык касиетке окшобойт», - дейт чикаголук окумуштуу-биолог.

(Булагы: https://www.pnas.org, https://www.courthousenews.com)

Көзгө көрүнбөс сыя же өңү өчүп калчу кагаз

Кытайлык аалымдар (Nanjing University of Posts and Telecommunications) купуя маалыматты көзгө көрүнбөс сыянын жардамы менен жашыруун сактачу кагаз ойлоп табышты. Мындай кагаздын бети татаал органикалык заттар, о.э. марганец тузу кошуп жасалган аралашмалар (комплекс) менен жалатылып, маалымат суу бүркчү принтер (water-jet printer) менен жазылат. Сыя катары жөнөкөй технология менен жасалган суу-сыя колдонулат. Бул ыкма менен жазылган маалымат кагаз бетинде узундугу 254 нанометр ультракызыл жарыкты багыттаганда пайда болот.

Кадимки фен менен кагазды 15-30 секунда ысытса, бетиндеги жазуусу өчүп калат жана ага башка маалыматты жазса (принттесе) болот. Мындай кагазга маалыматты 30 жолу жазып өчүрсө болот.

Көзгө көрүнбөс суу-сыя менен жазылган катты окуш үчүн кат кагаздын кайсы бөлүгүнө жазылганын жана жазуулар канча убакытта кубарып кетерин билүү абзел.

«Биз мурда органикалык материалдардын молекулярдык түзүмүн өзгөртүү аркылуу фотолюминесценттик касиетин жөнгө салчубуз. Ага өзүнүн оптикалык же электрикалык касиеттерин өзгөртүш үчүн тышкы стимул гана керек экенин жакында билдик. Биз марганец аралашмасынын сууга болгон фотолюминисценттик реакциясын пайдаланып, купуя маалыматты көргөзбөй кайра жазуунун ыкмасын иштеп чыктык. Кагазды көп жолу колдонуу мүмкүндүгү анын өздүк наркын арзандатат. Маалыматты бир жолу принттөө 0,14 юань (0,002 доллар) турат, - деди Нанжиң почта жана коммуникация университетине караштуу Келечектүү материалдар институтунун илимий кызматкери Сзян Чжао. - Купуя маалыматты жазыш үчүн колдонулчу корголгон флюоресценттик сыялардын көбү айлана-чөйрөгө зыянсыз, бирок өчүрүлбөйт. Ошондуктан кагаз бир эле жолу пайдаланылат».

Чжао мырза түшүндүргөндөй, кагаз бетине жалатылган марганецтин комплекси экологияга зыянсыз, уусу жокко эсе. Алар иштеп чыккан принтер коопсуз. Сыйкырдуу кагаздагы маалымат фотолюминесценттик визуализация методун (PLIM) пайдаланып талдаганда гана пайда болот.

Жашоо убактысына* ылайык, маалымат кызыл, сары, көк жана жашыл болуп чагылышат.

Байыркы гректер менен римдиктер малдын сүтү менен өсүмдүктөрдүн ширесинен жасалган көзгө көрүнбөс сыяларды биринчилерден болуп колдонушкан.

*Жашоо убактысы (Time to live) - маалымат блогу же пакет компьютердик желеден жок болуп кеткенче сакталган убакыт.

(Булагы: https://www.eurekalert.org, https://www.cell.com, https://www.sciencedaily.com)

Бала-чаканын саны эрендиктин сапатына көз каранды

Эгер эркектин ата-бабасынын үй-бүлөсү канчалык чоң болсо, анын эрендигинин (сперматозоид) сапаты ошончулук жакшы болот. Бул жөнүндөгү Юта университетинин (University of Utah) окумуштууларынын изилдөөсү менен АКШнын тукум улоочулук медицина коомунун (The American Society for Reproductive Medicine, ASRM) мүчөлөрү 14-октябрдагы жылдык жыйынында кеп болду.

Окумуштуулар Юта штатында жашаган үй-бүлөлүү 2182 эркектин ар биринин бели сууганда бөлгөн эрендигинин үлгүсүн алып, анын бир миллилитр суюктугунда канча тирүү жылып турма эрендик (total motile sperm count) болорун эсептешкен.

1 миллилитр эрендикте жылып турма эрендиктин саны 20 миллиондон жогору болсо нормалдуу, 5 миллиондон төмөнү - жаман, ал эми 1 миллиондон азы - өтө жаман деп эсептелет.

Андан соң ал эркектердин үй-бүлөсүнүн тарыхын архивдик материалдардын негизинде 1935-жылга дейре изилдешкенде, ата-теги көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан эркектердин эрендиктери сапаттуу экени аныкталган. Ата-бабасынын үй-бүлөсүндөгү ар бир бала бүгүнкү урпагына 1,8 миллион даана активдүү эрендик кошкон.

Окумуштуулар изилдөөнүн жыйынтыгына таянып, эрендиктин сапаты муундан муунга берилчү же мурас кылынчу жышаана деп жоромолдошот.

- Бул изилдөө эркектин тукумчулдугу (англисче - fertility) укумдан тукумга берилиши мүмкүн экенин, парадоксалдуу көрүнсө да, эркектердин гени аялдын биринчи жолу эне болушуна жана балдарынын санына таасир этүү ыктымалдыгын айкын көрсөттү, - дейт доктор Питер Шлегел (Peter N. Schlegel).

Мурда мындай изилдөө жүргүзүлгөн эмес. АКШнын Улуттук саламаттык сактоо кызматынын (The National Health Service Corps) маалыматына ылайык, бойго бүтүүдө кыйынчылыкка кабылган ар бир бир үчүнчү түгөйдө маселе эркекке такалат.

Бирок да көп балалуу үй-бүлөлөрдөй эле аз балалуу бүлөлөр да муундан-муунга тукум улай беришет. Ошол эле учурда үй-бүлөлөрдүн финансылык абалы канчалык жакшы болсо, балдардын санын аң-сезимдүү чектөө же пландоо ыктымалдыгы ошончолук жогору болору белгиленет.

Эркектин эрендигинин сапатына, санына, жандуулугуна жана бышыктыгына жогоруда аталгандан башка да жагдайлар таасир этет. Атап айтканда, гормоналдык дисбаланс, генетикалык аномалиялар, ичкиликти ашыкча көп ичүү, баңгизат же чылым чегүү, ошондой эле дары-дармектерди ашыкча колдонуу, жыныстык жол менен берилчү кеселдер ж.б.у.с.

(Булагы: https://www.sart.org, https://www.fertstert.org)

Арак ичпей мас болгон америкалык

Организми алкоголь иштеп чыккан 46 жаштагы калифорниялык эркектин тарыхы 2011-жылга барып такалат. Ал бармагынан жараат алып, бир жума бою антибиотик менен дарыланат. Андан бир жумадан кийин депрессияга батып, «мээси тумандап», агрессивдүү болуп, эстутуму начарлап кеткенин айтып, улам дарыгерине даттана баштайт.

Акыр-аягында дарыгери пациентин психиатрга жиберип, анын кеңешине ылайык пациент антидепрессант ичет. Бир күнү эртең менен полиция кызматкери аны машинени мас абалында айдап жүргөндө кармап алат. Ал алкотестерден өтүүдөн баш тарткан соң ооруканага жөнөтүлүп, каны текшерилет. Ошондо кандагы алкоголдун деңгээли 200 мг/дл экен. Бул дээрлик 10 спирттик ичкилик ичкенге тете. Мынча ичкилик ичкен киши темтеңдеп, жолунан адашып, чулдурап калат.

«Анын «ичкилик ичкен жокмун» деп кайра-кайра айтканына оорукананын дарыгерлери жана полицайлар такыр ишенишкен жок», деп айтылат Ричмонд университетинин медборборунун (Richmond University Medical Centre) илимий докладында.

Ал ооруканадан чыккан соң Огайо клиникасына дарыланганы кайрылат. Медициналык тест учурунда пациенттин заңынын үлгүсүнөн сыранын ачыткысы - Saccharomyces cerevisiae табылат. Андай ачыткы көмүртекти ачытканга жардамдашып, алкоголь пайда болот. Ушундан кийин дарыгерлер бул кишиде автоматтык түрдө ачып кетме синдром (auto-brewery syndrome) бар деген диагноз коюшкан.

Аталган синдромдо карынга келген көмүртектер ачыткынын жардамы менен алкоголго айланып, канга кошулуп, мас кылат.

Киши таттуу же крахмалдуу тамакты сиңирип жатканда анын ичеги-карын трактында аз өлчөмдө алкоголь бөлүнөт. Эгер организмде Saccharomyces cerevisiae болсо, ким да болсо калифорниялыктын «тонун кийип» калышы мүмкүн.

Ал дарыланып чыгып, дарыгерлерге айтпай пицца жеп жана сода ичип, мас болуп жыгылып, башы жарылып, кайра ооруканага түшөт. Айыга баштаган учурда канындагы алкоголдун деңгээли мурда токтотулгандагыдан эки эсе көп же 400 мг/дл болот. Ошондон кийин Ричмонд университетинин илимпоздору ачыткыга каршы терапия менен пробиотиктерди пайдаланып, анын ичегисинин микрофлорасын дарылашты.

«Болжол менен 1,5 жылдан бери анын абалы туруктуу. Ал мурдагы жашоо мүнөзү менен жашап жатат, бирок маал-маал дем алганда алкоголдун деңгээлин өзү текшерип турат. Биздин пациенттин симптомдоруна антибиотиктер түрткү болгон, ичеги-карын микробиомасынын өзгөртүп, ачыткысын ашыкча көп өстүрүп жиберген», деп түшүндүрүштү окумуштуулар.

(Булагы: https://www.sciencealert.com, https://bmjopengastro.bmj.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG