Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

ИМ тобунун Мосулдагы мыкаачылыгы


Ирак аскерлери.
Ирак аскерлери.

Иракта Мосулду бошотуу операциясынын башталганына бир ай болду.

Өкмөттүк аскерлер күрттөрдүн пешмерга күчтөрү менен өлкөнүн экинчи шаарын курчоого алып, согуштук аракеттер шаар чыгышында жүрүп жатканы айтылууда. Бирок калк жыш жайгашкан шаардын борборуна карай жылуу байкала элек.

Ирак аскерлери жана күрттөрдүн пешмерга күчтөрү АКШ баштаган коалициянын абадан колдоосу менен Мосулду бошотуу операциясын 17-октябрда баштаган.

Ирак өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади операция башталгандан көп өтпөй ал ийгиликтүү жүрүп жатканын билдирген:

- Күрөшүп жаткан күчтөрүбүз шаарды көздөй биз ойлогондон ылдам жылып баратат. Кампания биз аны пландаганга караганда тез аткарылууда.

Ирак күчтөрү Мосулдун чыгышындагы кварталдарды ээлеп, бирок борборду көздөй жылганы байкала элек. Бул борбордо калктын жыш жайгашуусу жана жоочулардын элди аралап жүрүүсү менен байланыштырылууда. Бирок өкмөттүк жана күрт күчтөрү жоочуларды камалоо жана аларды камсыздоолордон чектөө багытында иштерди жүргүзүүдө.

Ирак мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн 16-ноябрдагы маалымдоосу боюнча, Ирактын шиит милиция күчтөрү Мосулдун батыш тарабындагы Тал-Афар шаарына жакын авиабазаны бошотту. Муну менен “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларынын Сирия менен бул багыттагы байланыш жолу жабылды. Шиит милициясынын өкүлү Юсуф ал-Каллаби Тал-Афар шаарынын аба майданы бошотулганын ырастады. Эгерде бул маалымат чын болсо, анда ал “Ислам мамлекети” террордук тобунун уюгу болгон Ирактагы Мосул шаарын бошотуудагы олуттуу жетишкендиктердин бири болору айтылууда.

Тал-Афар шаары Мосулдан 60 чакырым батышта Сирияга кеткен кан жолго жакын жайгашкан. Бул арада Ирак өкмөттүк жана суннит күчтөрү Мосулдун түштүк жана түндүк тарабынан аракеттенип жатканы кабарланды. Аларга күрттөрдүн пешмерга күчтөрү түндүк жана түндүк-чыгыш тараптан колдоо көрсөтүүдө.

Ирактын атайын багыттагы аскерлери Мосул шаарынын чыгыш райондорунда жоочулар менен согуш жүргүзүүдө. Бирок жоочулардын Мосулдун батыш тарабынан Сирия менен байланышы сакталып, алардын камсыздалуусу үчүн жылчык кала бергени айтылууда.

Ирак шиит элдик милициясынын башчысы Хади ал-Амири Тал-Афарды бошотуу Сирия менен чектеш аймактарды, андан ары Сирия ичин “Ислам мамлекети” тобунан тазалоого жол ачарын 16-ноябрда билдирген.

I
I

Бул арада адам укугун коргоочу "Хьюман Райтс Уоч" “Ислам мамлекети” жасаган кылмыштарды жарыялады. Уюмдун 16-ноябрда тараткан маалыматы боюнча, Мосулдун түштүк-чыгышында 30 чакырым аралыктагы Хаммам-ал-Алил айылынын жака белинде массалык көмүүлөр аныкталган. Ал жерде Ирак полициясынын 300дөй кызматкеринин сөөгү табылган.

"Хьюман Райтс Уоч" уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча директорунун орун басары Жо Сторк “бул үрөй учурган массалык киши өлтүрүү алардын кылмыштарынын далилинин бир бөлүгү” деди. Укук коргоо уюмуна ал кыштактагы жергиликтүү тургундар өкмөттүк күчтөр чабуулу башталып жатканда, 7-ноябрда жоочулар эки миңдей кишини алып кеткенин маалымдашкан.

Бул айылдан жүздөгөн адамдарды жоочулар күч менен алып кеткенин Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын башчысынын өкүлү Равина Шамдасани да буга чейин билдирген болчу:

- “Ислам мамлекети” тобу күч менен үй-бүлөлөрдү сүрүп алып кетүүдө. Хамам ал-Алил кыштагынан Мосул аба майданына карай 1,5 миңдей үй-бүлөнү алып кеткени тууралуу бизде маалымат бар.

Бул арада 16-ноябрда Мосулга жакын Арбажия жергесинде “Ислам мамлекети” террордук тобу жаштарды жихадга окуткан мектеп, окуу куралдары табылганы кабарланды. Ал жерде жоочулар жихад идеясын балдарга сиңирүүгө аракет жасап келишкен.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG