Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Магнитскийдин иши боюнча эки дарыгерге доо коюлду


Адвокат Сергей Магнитский. AFP. 29.12.2006.
Адвокат Сергей Магнитский. AFP. 29.12.2006.

Орусиянын тергөө комитети адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмүнө байланыштуу 2 дарыгерге айып такты. 2009-жылы абакта каза тапкан адвокаттын тагдыры эл аралык коомчулукта чоң талкуу жараткан эле.

Сергей Магнитскийдин өлүмү боюнча кылмыш ишин кайра тергөөгө орус президенти Дмитрий Медведев өзү бир нече жолу үндөгөн.

ОРусиянын тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин Маскөөдөгү Бутырка түрмөсүндө иштеген эки дарыгерге айып тагылганын 12-августта билдирди:

- Кылмыш ишин иликтөө учурунда Сергей Магнитскийдин өлүмү менен тергөө изоляторунун доктурларынын аракеттери ортосунда байланыш аныкталган. Врач-лаборант Лариса Литвиновага Орусиянын кылмыш кодексинин 109-беренеси боюнча "дарыгкерлик милдетине шалаакылык менен мамиле кылган" деген айып тагылды.

Буга чейин убактылуу абактын (СИЗО) профилактикалык-дарылоо бөлүмүнүн жетекчи орун басары Дмитрий Кратов “байкабастыктан адам өмүрүнө зыян келтирген” деп айыпталган.

Дарыгерлердин айыбы далилденчү болсо, анда алар 3 жана 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Улуу Британияда жайгашкан Hermitage Capital Management инвеcтициялык компаниясынын юристи, 37 жаштагы Магнитский 2008-жылы "салык төлөөдөн качкан" деген доо менен камакка алынган.

Ага чейин ал Орусиянын ички иштер министрлигинде, Федералдык коопсуздук кызматында мамлекеттик ири каражаттарды уурдоо учурларынын бетин ачкан.

Убактылуу кармоочу жайда 1 жылга жакын убакыт отурган кезде ага бир нече жолу керектүү медициналык жардам берүүдөн баш тартышкан.

Юрист 2009-жылы 16-ноябрда (расмий версия боюнча - жүрөгүнөн кармап) көз жумган. Бирок адвокаттары менен жакындары ага учурунда медициналык жардам көргөзүлбөй койгон деп ырастап келатышат.

Орус түрмөлөрүндөгү абалды изилдеген көз карандысыз топтун бүтүмүнө караганда, Магнитскийге көрсөтмөлөрүнөн баш тарттыруу үчүн гана жарым-жартылай дарыгердик жардам көргөзүлгөн.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комитет июл айында маркумду абакта сабашкан деген тыянагын жарыялаган.

Hermitage Capital Management компаниясынын жетекчиси Уилям Браудер прокурорлор жогорку кызматтардагы адамдарды да жоопко тартышы керек деп эсептейт:

- Магнитскийге жалаа жаап, негизсиз камакка алынышына, анын токмоктолушуна, өлүмүнө алып келген иштерге 60тай киши катышкан. Азыр 2 кишиге айып тагылды. Бул – жакшы жышаана, бирок "адилеттүүлүк орноду" деп айтуу үчүн алда канча көп кишини, жогорку кызматтарда отурган төбөлдөрдү жоопко тартуу зарыл.

Сергей Магнитскийдин иши эл аралык коомчулукта чоң талкуу пайда кылды.

Маселен, быйыл июлда АКШ президенти Барак Обама Мамлекеттик департамент Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар адамдарга каршы чектөө киргизгенин жар салды.

АКШнын бул тизмесинде 60 кишинин ысымы камтылган. Алардын бардыгына АКШга кирүүгө тыюу салынып, Америкадагы банк эсептери тоңдурулган.

XS
SM
MD
LG