Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

"Баалуулуктарды тасма аркылуу жайылтабыз". Сериалдар таасири


Жазуучу Зуура Сооронбаеванын "Чоочун киши" романынын негизинде сериал тартуу учуру.
Жазуучу Зуура Сооронбаеванын "Чоочун киши" романынын негизинде сериал тартуу учуру.

Соңку жылдары кыргыз коомчулугу эл аралдык уюмдардын колдоосу жана жеке продакшн-студиялардын аракети менен тартылган түрдүү кино сериалдарга күбө болууда. Алардын ичинен кыргыз, орус тилинде тартылган айрым тасмалар миллиондогон көрүүчү топтоп жатат.

2022-жылдын май айында президент Садыр Жапаров “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ушундан кийин сентябрь айында Министрлер кабинети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесин түзгөн.

Президенттин жарлыгы бир жыл мурун чыкканы менен, “Кыргызсериал” быйыл январь айынан баштап гана ишке киришти. "Учкун" мамлекеттик басмаканасынын имаратынын бир чакан бөлмөсүндө иштеп жаткан мекеме учурда алты долбоордун үстүндө иштеп жатат.

Алардын ичинде “Жалбыз”, “Чоочун киши”, “Мурас”, “Көгүлтүр гүлдөр” аттуу киносериал, “Чыпалак баатыр” аттуу пилоттук жомок жана улуттук нарк-насилге арналган роликтер, музыкалык композициялар топтому да бар.

"Кыргызсериал" чыгара турган тасмалар атайын сынактын (тендер) негизинде тандалып алынат жана мекеменин алдындагы көркөм кеңештин элегинен өтөт.

Көркөм кеңешке Жеңишгүл Өзүбекова, Меңди Мамазаирова, Жаныш Кулмамбетов, Топчугүл Шайдуллаева, Назым Мендебаиров, Тынчтык Абылкасымов, Жыпара Исабаева баш болгон акын-жазуучулар, маданий ишмерлер кирген.

"Голливуд да сериалга кайрылууда"

“Кыргызсериалдын” жетекчиси Жеңишгүл Өзүбекова мекеменин ачылыш максаты - дүйнөлүк кино тенденциясынан агымынан калбоо дейт:

Жеңишгүл Өзүбекова.
Жеңишгүл Өзүбекова.

“Азыр дегеле дүйнөдө сериалдардын доору жүрүп жатат. Голливуд да, Болливуд да сериалга кайрылууда. Андыктан биздин кыргыз кино ишмерлери да бул жаатта кызмат кылып, өз салымыбызды кошуп калышыбыз керек. Сериал - бул тарых. Биз өзүбүздүн кенже баатырдык эпосторду, дастандарды, уламыштарды, өлкөбүздүн учурдагы социалдык, маданий, саясий турмушундагы бардык жагдайларын кинодо көрсөтсөк жакшы болот. Булар албетте, керек деп ойлойм. Буюрса алдыда элдин руханий азыгына айлана турган эмгектерди чыгарабыз деген ишеничте турам”.

"Атаандаштык жаралат"

“Кыргызсериал” тарткан “Жалбыз” сериалынын экинчи сезону тартылып бүтүп, бет ачары сентябрда Улуттук тарых музейинде өткөнү турат. Социалдык драманын биринчи сезонун эки жыл мурун режиссер Мурат Мамбетов тарткан.

Экинчи сезонуна “Кыргызсериал” тарабынан сынак жарыяланган кезде режиссёр Ринат Мурзаев жана Азиз Гульджабаев негиздеген Tribe 9 Production студиясы утуп кеткен.

Студия буга чейин “Сөздөр оюну”, “Мектеп шайлоосу” аттуу сериалдарды тартып, социалдык долбоорлор боюнча БУУ, Сорос, ЮСАИД, Интерньюс өңдүү эл аралык уюмдар менен иштеген.

“Жалбызда” башкы продюсерлик тизгинди колго алган Гульджабаев жеке студия менен мамлекет тарткан тасмаларда атаандаштык күч алат деп турат.

“Негизи эле мамлекет сериал тартууга каражат бөлгөнү абдан жакшы көрүнүш. Анткени бул кинематография индустриясында жаңы атаандаштыкты жаратат. Экинчиден, бул контенттердин баары кыргызстандык көрүүчүлөрдүн маданий деңгээлин арттырат, байытат. "Кыргызсериалдын" беш сериалы жарыкка чыкканда маданий жактан эле эмес, социалдык-экономикалык жактан да жакшы өзгөрүүлөр болот деп ишенем. Азыр мекеме жаңы түзүлгөндүктөн, бул кадам ийгиликтердин башталышы гана деп ойлойм. Негизи эле азыр көрүүчүлөр каалаган киносун көрүү үчүн кинотеатрга барышат, интернеттен сериалдарды көрүшөт. Алардын табити да өсө баштады. Ошондуктан азыр заман талабы - сапаттуу контент жаратуу керек".

"Сериалдын таасири күч"

“Кыргызсериал” жарыялаган конкурста “Мурас” аттуу жаштар жана өспүрүмдөргө арналган сериалды тартуу укугун белгилүү режиссер Руслан Акун башында турган “Байрак групп” продакшн-студиясы жеңип алса, жазуучу Зуура Сооронбаеванын “Чоочун киши” романынын негизинде тасма тартуу укугун дагы бир таанымал режиссер Сүйүн Откеевдин командасы уткан. Жогорудагы эки тасма тең 12 сериядан турат.

Жазуучу Зуура Сооронбаеванын "Чоочун киши" романынын негизинде сериал тартуу учуру.
Жазуучу Зуура Сооронбаеванын "Чоочун киши" романынын негизинде сериал тартуу учуру.

Режиссёр Откеев учурдагы мекеме менен бирге бирге баштаган ишин кеп кылып, сериалдардын коомчулукту тарбиялоодогу миссиясын айтып берди:

Сүйүн Откеев.
Сүйүн Откеев.

“Чоочун киши” романы 1980-жылдардын аягы басмадан чыккандан кийин эле элге кеңири тарап, популярдуу болгон экен. Мамлекет тарабынан дагы ар бир мектеп окуучусу окушу керек болгон 100 китептин катарына кошулуптур. Өзүм да окуп чыктым. Романда үй-бүлөлүк баалуулуктар камтылган. Азыр аны тасмага айландырууга дыкат аракет жасоодобуз. Анткени толук метраждуу тасмаларга караганда сериалдардын коомчулукка таасири абдан чоң. Мунун миңдеген мисалдары бар. Себеби бул телеканалдарга, интернетке чыгат, кайталап көрүү мүмкүнчүлүгү да бар. Аны бир эле көрүп койбой, бир канча убакыт бою көрүшөт. Маселен, биздин тасма 12 сериядан турат, ар бири 40 мүнөттөн. Демек ар жумада көрсөтүлсө, эл аны үч ай бою көрөт. Андыктан ал чыгармада берилип жаткан ойлор сөзсүз таасир калтырат деген ойдомун”.

“Кыргызсериалда” учурда штаттык негизде тогуз киши эмгектенет. Мекемеге быйыл өкмөт 70 миллион сом бөлгөн. Анын 60 миллиону тасма тартууга, ал эми он миллиону материалдык-техникалык базаны жакшыртууга каралган. Мекеме тарткан тасмалар мамлекеттик каналдардан жана өздөрүнүн Ютуб каналынан көрсөтүлөт.

"Чыпалак баатыр" жомогун сериал кылып тартуу учуру.
"Чыпалак баатыр" жомогун сериал кылып тартуу учуру.

"Улуттук баалуулуктарды даңазалаган тасмалар тартылат"

“Мисалы, азыр кыргызстандык көрүүчүлөрдүн арбын бөлүгү корей, түрк сериалдарын көрүшөт. Жөн эле көрбөстөн, алардын тилин, идеологиясын кошо үйрөнүп жатышат. Ошол эле учурда көп жаштарыбыз эне тилин билишпейт. Биз аларга тарбиялык мааниси бар өзүбүздүн кыргыздын сериалдарын көрсөткүбүз келет. Эне тилди, улуттук баалуулуктарды даңазалай алсак, анда максатыбызга жеткен болобуз", - деди мекеменин кызматкери Кулипа Эсенбекова.

“Кыргызсериал” учурда өкмөткө караштуу “Учкун” басмаканасынын имаратынын бир бөлүгүндө иштеп жатат. Мамлекет убада берген жаңы имарат тууралуу маселе чечиле электигин Эсенбекова кошумчалады:

"Ушул жылдын июль айынын башында көчөсүңөр деп айтышкан. Азыр баарыбызга чакан бөлмөдө иштөө кыйын болуп турат. Кышында бул жер өтө суук болот экен. Азырынча унчуга элек, жооп күтүп жатабыз. "Учкундун” имаратына бир жылдык келишим менен келип, акысыз отурабыз. Бирок келишим жыл аягында бүтөт".

“Кошунаны тандабайт”, “Акча” баштаган соңку кездердеги таанымал сериалдарды тарткан 1.1STUDIO продакшн-студиясынын башкы проюдери Асхат Табалдиев мамлекеттик да, жеке студиялардын да өз сериалдары менен коомдогу кандайдыр бир маселелерди көтөрүп, жалпы темаларга кайрылуу жагынан багыты бирдей деген пикирде.

Бирок ал өкмөттүн колун карап отурбай өз алдынча изденүү да жакшы натыйжаларды берет деген ойдо.

Асхат Табалдиев.
Асхат Табалдиев.

“Менимче, жеке студиялар менен мамлекет өндүргөн тасмалардын айырмасы - мамлекет каржылаган тасмаларда кандайдыр бир өздөрүнүн цензурасын болсо керек. Бирок так ушундай деп да кесе айта албайм, анткени мамлекеттик тасмаларда бир да жолу иштеген эмесмин. А жеке студияларда каалагандай эркиндик бар. Мурда өкмөт сериалдарды тартууга мүмкүнчүлүк түзгөн эмес да, азыр түзүлө баштаптыр. Балким, алдыда иштешип калсак, ичинен көрүп, бир нерсе десек туура болот. Негизи жакшы контент жаратуу үчүн жакшы каражат керек. Каражат баарында тегиз болбогондуктан, жакшы тасмалар менен катар начарлары деле тартылууда. Эл өзү акырындап элегинен өткөрүп алат. Азыр биздин студия эл аралык деңгээлге чыгууга аракет кылып, чет өлкөлөр менен кызуу иштеп атабыз”.

Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери саналуу телесериал тартылган. Акыркы жылдары анча-мынча чет элдик сериалдар кыргыз тилине которула баштаганы болбосо, каналдарда көбүнчө орус тилине оодарылган сериалдар көрсөтүлүп келет. Кыргызча сериалдар YouTube каналында популярдуу болуп, чыккан күнү эле 100 миңден ашык көрүүчү топтогондор бар.

Кино тармагындагылар мамлекеттен колдоо болсо, мыкты телесериалдарды жарата турган жаштар көп экенин айтышат.

1990-жылдардын аягында, 2000-жылдын башында "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Кууш жолдо", "Каражолтой" сыяктуу сериалдар тартылган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG