Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Элизабеттин эл билбеген өнөрлөрү


Элизабет Турсынбаева Калифорния штатында өткөн Көркөм муз тебүү боюнча төрт контитенттин чемпионатында. 8-февраль, 2020-жыл.
Элизабет Турсынбаева Калифорния штатында өткөн Көркөм муз тебүү боюнча төрт контитенттин чемпионатында. 8-февраль, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионат дагы өтпөй калды. Былтыркы чемпионатта күмүш медал тагынган казакстандык спортчу, кыргыздын жээни Элизабет Турсынбаева башкалардай эле карантинде.

Ал «Азаттыктагы» маегинде карантиндеги күндөрүн кантип өткөрүп жатканын айтып берди.

- Элизабет, карантин кандай өтүп жатат? Же үй шартында машыгуулар улануудабы?

- Башкалардай эле мен да үйдөмүн, эч жакка чыккан жокмун. Машыгуулар убактылуу токтогон. Анткени мен карантинге чейин эле белимди кокустатып алгандыктан эс алып жаткам. Азыр саламаттыгымды калыбына келтирүү менен алекмин. Пандемия ошол маалга туш келип калды.

- Акыркы күндөрү «Инстаграмга» тамак, торт сыяктуу түркүн-түрлүү даамдарды жасап, алардын сүрөт-видеолорун киргизип жатасыз. Сиз сыяктуу спортчулардын башка өнөрлөрдү өздөштүрүүгө убактысы болобу?

- Чынын айтсам, машыгуулар күнү-түнү болбойт. Биз деле кечинде эс алабыз. Андан тышкары жумасына бир күн дем алыш берилет. Ал эми ашканага кичинемден жакынмын, тамак-ашты түрдөп жасаганды жакшы көрөм. Мисалы, мен Канадада жашап жүргөндө машыгуулар түшкө чейин болчу. Андан кийин ар кандай дүйүм тамактарды өз фантазияма жараша жасаганга убактым бар эле. Апам деле тамакты жакшы жасайт, бирок ал экөөбүздүкү айырмаланат. Бала кезде ата-энемди кубантыш үчүн эптеп тамакка окшогон бир нерсе жасап, бирок аны кооздоп бергеним эсимде. Ал эми азыр тамак жасоону ар бир эле каалаган адам социалдык тармактар аркылуу оңой эле үйрөнүп алса болот.


- Өзүңүз кайсы тамакты жакшы көрүп жасайсыз?

- Мен торт, пирог сыяктуу таттууларды жасаганды жакшы көрөм. Аларды кооздоп, түрдүү кылып жасаганга кызыгам. Менин колумдан чыккан даамдарды көбүнчө жакындарым тамшанып жешет. Апама менин «Медовик» деген тортум абдан жагат. Ал менден башканыкын жебейт.

- Ошол эле социалдык тармактарга скрипкада, фортепианодо ойноп жаткан видеолорду жайгаштырып келесиз. Бул аспаптарда кантип ойноп калдыңыз?

- Бул деле бала чагымда башталган. Алты жашымда музыкалык мектепке барып, аны скрипка классы боюнча аяктадым. Бул үчүн апама ыраазымын. Анткени апам байкем экөөбүздү машыгуулардын ортолорунда музыкалык мектепке ташычу. Керек болсо кечинде да эринбей алып барар эле. Башында фортепианону үйрөнүп жүрдүм. Бирок өзүмө көп жаккан жок. Андан кийин скрипкага өттүм. Бала чагымда ырдаганга да кызыкчумун. Кийин көп ырдабаганга үнүм деле жоголуп кетти.

- Кичинекей Элизабетке муз үстүндө көркөм тебүү боюнча спортко барып, машыгуулардын ортосунда музыкалык мектепке барган кыйын болдубу?

- Аябай деле чарчаганым эсимде жок. Албетте, оор болчу, эртеден кечке бошочу эмеспиз. Бирок анын баары мага жакса керек. Азыр кичинекей кезинде баланы болушунча өнүктүргөн жакшы эле болот экен деп ойлойм. Апам туура кылган деп эсептейм.

2019-жылкы Дүйнөлүк чемпионаттын үч медалисти: Элизабет Турсынбаева (солдо), Алина Загитова (ортодо), Евгения Медведева (оңдо).
2019-жылкы Дүйнөлүк чемпионаттын үч медалисти: Элизабет Турсынбаева (солдо), Алина Загитова (ортодо), Евгения Медведева (оңдо).

- Музыка менен спортко бирдей барып жатып, эмне себептен спортко ооп кеттиңиз?

- Спорт менин жашоомдо өзгөчө орунду ээлейт. Муз үстүндө көркөм тебүү музыкалык аспапта ойногонго караганда кыйла оор. Мен баары бир спортту тандамакмын.

- Элизабет, сиздин апаңыз Падишахан Султаналиева көп таймаштарда сизди коштоп жүрөт. Өзгөчө 2017-жылы Хелсинкиде өткөн чемпионатта сиз үчүн кубанып жаткан видеосу социалдык тармактарга аябай жайылып кеткен. Апаңыздын колдоосу тууралуу эмне айта аласыз?

- Апам аябай ачык адам. Болгон эмоциясы сыртында. Мен үчүн кубанып жаткан кези эле. Апамдын бул сапатын аябай баалайм. Бул күндөр тезирээк аяктап, элдин баары эле күлүп-жайнап жүрүшүн каалайм. Башкысы, оорубаңыздар. Бул күндөр да өтөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG