Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 10:20

Москвада көпүрө кырсыгында жабыркаган Кабаевдин башына жана бутуна операция жасалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын борбору Москва шаарынын жанындагы Ступино районундагы ишканада көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын арасынан төрт адамга операция жасалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.

Алардын ичинен башынан оор жаракат алып, бир нече күн эсине келе албай жаткан Чыңгыз Кабаевдин башына, кийинчерээк бутуна операция жасалган. Андан башка дагы үч адамдын ичинен: 16 жаштагы Алымбек Мамбетовдун жамбаш сөөгү сынган, Болотбек Кадыркуловдун омурткасы жабыркаган. Сабира Исмаилова аттуу жарандын бутунун кетмен сөөгү талкаланган.

Учурда булардын баарына компаниядан кенемте төлөтүү жана андан аркы саламаттыгын калыбына келтирүүчү жараяндарга акча өндүрүп алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин компаниянын эсебинен 139 адам бир жолу төлөнүүчү 50 миң рублден компенсация алышты.
27-сентябрда Москва облусунун Ступино районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишкананын ичинде жумушчулар жөө каттаган көпүрө кулап, анда иштеген кыргызстандык жарандар жабыркаган. Ооруканага алардын 21и жаткырылган. Каза болгондор жок.

Бийиктиги төрт, узундугу 35 метр келген көпүрө адамдар өтүп бара жатканда кулаган.

Ишканада Кыргызстандын 169 жараны иштеп жатканы, алардын эч кимисинде медициналык жана башка камсыздандыруусу болбогону жана Москванын тергөө комитети «Эмгек талаптарынын бузулушу» деген берене боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG