Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

"Мамиле жакшы нукта баратат". Кыргыз-тажик чек арасы жакын арада ачылабы?


Чек арада ондогон адамдын өмүрү кыйылганына байланыштуу Кыргызстанда жарыяланган аза күтүү күнүндө тартылган сүрөт. 19-сентябрь, 2022-жыл. Баткен.
Чек арада ондогон адамдын өмүрү кыйылганына байланыштуу Кыргызстанда жарыяланган аза күтүү күнүндө тартылган сүрөт. 19-сентябрь, 2022-жыл. Баткен.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн өз ара мамилеси жакшы нукта баратканын жарыялашты.

Кошуна өлкөнүн Согд облусунун жетекчилиги дээрлик эки жылдан бери жабык турган кыргыз-тажик чек арасы жакында ачылышы мүмкүндүгүн билдирди. Кыргызстан бул маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок.

Отуз жылдан бери чек арасы бир жаңсыл чечилбей келаткан эки мамлекеттин ортосундагы жаңжалдар соңку жылдары куралдуу кагылышка чейин жетип, ондогон өмүр кыйылган. Эл аралык эксперттер орток пикир табуу үчүн ымаланы жандантуунун мүмкүн болгон бардык амалын издөө керектигин айтып жатышат.

Тынчтык самаган элдин үмүтү

Лейлектин Борбордук айылынын тургуну Нуруллахожа Алимов чек ара жаңжалдары чечилип, эки тарап мунасага келген ынтымактуу жашоону эңсеп келатат.

"Айрыкча, акыркы эки жылдан бери Тажикстанда жашаган туугандарыбыздан кабар албай калдык. Чоң энем Тажикстандан бул жакка турмушка чыккан экен. Кан төгүлгөн окуялардан кийин катташпай калдык. Абалды көрүп, карапайым элге боорум ооруйт", - дейт Нуруллахожа. Ал чек арадагы талаш жерлер чечилип жатат деген кабарларды угуп сүйүнүп отурат.

Тажикстандын чек арага жакын Хилол айылынын жашоочусу Хасан Сатторов да чек ара ачылар бекен деп, расмий маалыматтарга кулак түрүп жүрөт. "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна ал кыргыз тилинде жооп берди:

"Катышты токтотпой, чек араны ачып, базарларыбыз кайра иштей баштаса, ортодо кутум уюштурулбаса жакшы болот. Тажикстандын да, Кыргызстандын да эли тынчыкты каалайт".

Ошол эле учурда "Азаттык" микрофон сунган айрым тургундар кайра жаңжал болуп кетпейт бекен деп, күн сайын күмөн саноо менен жашап жүрүшкөнүн билдиришти.

Дипломаттардын удаа билдирүүлөрү

Кыргыз-тажик мамилесинин азыркы абалы тууралуу маселе 20-февралда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депуттардын суроолоруна жооп бергенде буларды маалымдады:

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

"Былтыр июлда Тажикстандын башчысы Кыргызстанга келип кеткенин билесиздер. Биз эң жогорку деңгээлде сүйлөшкөнбүз. Кандай иш алып барарыбызды, карама-каршылыкты токтотууну, бардыгын кол алышып сүйлөшкөнбүз. Жеке эле министрдин деңгээлинде эмес, эң жогорку деңгээлде. Анан кайра сентябрда кырдаал өзгөрүп кетти. Дипломатия, кол алышуу менен эле баары чечилип калса, анда дүйнө жыргал заманда жашап калбайт беле?!" деди Кулубаев.

Ал былтыркы кандуу кагылыштан бери Бишкек кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык аракетти көрүп келатканын айтты.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 17-февралда Дүйшөмбү шаарында өткөн маалымат жыйында Кыргызстан менен чек араны тактоо иштеринин жүрүшүн "аябай жакшы" деп мүнөздөдү.

Сирожиддин Мухриддин
Сирожиддин Мухриддин

"Бир жарым жылдын ичинде тараптар 102 чакырым узундуктагы чек ара тилкесинин долбоордук негиздемесин бүтүрүштү. Жалпысынан эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын макулдашылган сызыгы болжол менен 626 чакырымды түзөт", - деди Сирожиддин Мухриддин. Ал айткан 102 чакырым тилкенин 19 чакырымдан ашыгы 2022-жылы сүйлөшүлгөн.

Тажик дипломаты Лейлек менен чектешкен Деваштич, Спитамен жана Жаббор Расулов райондорунда өз ара мунаса табылып жатканын белгиледи.

Бишкекте 3-9-февраль күндөрү эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы ал "достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында" болгонун, тиешелүү протоколдорго кол коюлганын жарыялаган.

"Сүйлөшүү жай жүрүүдө, бирок оптимизм үчүн себеп бар"

Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болуп келет.

Эң кандуу жаңжалдар 2021-жылдын жазында, 2022-жылдын күзүндө болуп, эки тараптан тең ондогон адамдар, анын ичинде карапайым тургундар, балдар, аскерлер набыт кеткен. Жүздөгөн киши жараат алган, турак жайлар талкаланган. Бул үчүн эки өлкө бирин-бири айыптаган. Кандуу кагылыштар көз карандысыз эл аралык иликтөөгө алынган эмес. Кыргызстан чек араны 2021-жылдагы жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан.

Брюс Панниер
Брюс Панниер

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча баяндамачысы Брюс Панниер эки өлкөнүн ортосундагы азыркы жагдайды мындай баалады:

"Албетте, чек араны ачуу аракети болуп жатканы айтылууда. Бирок өз ара мамиледе канчалык чоң өсүш бар экенин билбейбиз. Тажикстандын тышкы иштер министри өткөн жылы чек аранын 20 чакырымын аныктоо иши бүткөнүн маалымдады. Бул сан сүйлөшүү жараяны аябай жай жүрүп жатканын көрсөтүүдө. Ошентсе да эки өлкөнүн жумушчу тобу такай жолугуп жатышы жылыш бар дегенге негиз болот. Анткен менен чек арадагы чыңалуу канчалык азайганын айтуу кыйын. Кандай болгон күндө да оптимизм үчүн себеп бар".

Ал эми Лондондогу Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов сүйлөшүүлөр натыйжалуу болушу үчүн көңүл бурчу жагдайларга токтолду.

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

"Эки мамлекетте тең регионализм жана этноулутчулдук маанай күчтүү. Бийлик да бул факторлорго көз каранды. Саясаттагы мындай маданият экинчи тарап менен диалог түзүүгө, компромисске барууга көбүнчө тоскоолдук жаратат. Чек ара маселесинде бул ого бетер мүшкүл. Мындай жагдайда бийликтегилер өзүнүн электоратынын алдында мамлекеттин кызыкчылыгын саткан адам катары көрүнүп калгысы келбейт. Бирок диалог зарыл. Мамлекеттер аралык маселелерде этноулутчулдук маанайды азайтканда гана орток пикир табылат. Бийлик да, жарандык коом да муну туура түшүнгөндө чек аранын бир жаңсыл чечилишине шарт түзүлөт".

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 километр чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Чек аранын 600 чакырымдан ашык бөлүгү боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Кыргыз өкмөтү былтыр сентябрда Баткенде болгон куралдуу кагылышта талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүнү улантууда. Бул үчүн 1 млрд. 300 миллион сомдон көбүрөөк каражат бөлүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG