Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

"Ар кимдин үйүндө мусапырбыз". Курулушту күткөн баткендиктер


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайды түрттүрүү иши. Ак-Сай айылы, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайды түрттүрүү иши. Ак-Сай айылы, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.

Баткендин тургундары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта талкаланган үйлөрдү куруу иштери кечигип жатканына кабатырланууда. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, социалдык объектилерди калыбына келтирүү баштала электиги айтылды.

Жергиликтүү эл суук түшсө тууган-туушкандарыныкында көчүп конуп жүрүү оор болорун, ушундан улам курулушту тездетүүнү суранды. Өкмөт турак жайлар пландалган мөөнөттө бүтөт деп убада берип жатат.

Курулушу баштала элек үйлөр

Баткен районундагы Көк-Терек айлынын тургуну Зебрениса Матосоева сентябрдын ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон акыркы куралдуу кагылыштан бери үй-бүлөсү менен ары-бери көчүп жүрөт. 2021-жылы апрель айындагы чек ара чатагынан кийин кыргыз өкмөтү салып берген үйү быйылкы жаңжалда кайра өрттөлгөн.

“Өрттөнгөн үйлөрдүн ордун тазалап койгон. Ошол бойдон курулуш иштери баштала элек. Башка жаңылык деле жок. Үйүбүз жок азыр ар кайсы жерде, ар кимдикинде кыйналып жүрөбүз. Эрте бүтүп кирип алсак жакшы болмок да. Бирок кээ бир адамдар “үй салып берсе деле айылга кайра барбайбыз” деп жатышат. Коопсуздугубузду эч ким карабайт. Кечээ жакында болгон чырда да өзүбүз эле араң качып чыктык”.

Көк-Терек айылынын дагы бир тургуну Умида Абдубалиева да кыргыз-тажик чек арасындагы чырда там-ташынан айрылды. Ушул күндөрү эки баласы, оорукчан күйөсү менен Баткен шаарында баш калкалап жатат. Ал да айылдын тургундары кайра кайтып баруудан коркуп жатышканын, үйлөрдүн курулушу баштала электигин айтып берди.

“Эл эч нерсени түшүнбөй жатат. Күйүп кеткен үйлөрдү түрттүрүп коюптур. Бирок анын ордуна жаңы үй салынып баштала элек. Иниме барып көрүп келели, оокаттарыбыз калган болсо алып келели деп баргам. Бирок эч нерсе калбаптыр. Тамдын дубалы да жок. Баламдын бешигин кошуп уурдап кетишиптир. Кошунамдын уюн да алып кетишиптир”.

Расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдош керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 12-октябрга карата 398 тамды бузуп тазалап, курулуш таштандыларын чыгарды. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда куруп бүтүрүүгө убада берген.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев Баткенди калыбына келтирүү иштери тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, турак жайларды куруу иштери боюнча мындай деди:

Нуртазин Жетибаев.
Нуртазин Жетибаев.

“Финансы министрилигинен бизге 3 млрд. сомдой каралды деп айтылды. Курулуш иштерин аткара турган жалданма ишканага (подрядчик) ишти жасасын, бир мүнөт да турбасын деп 500 млн. сом котордук. Казган жерин, дубалын койгонун баарын көзөмөлдөп турабыз. Анан курулушту тез бүтүрсүн деп атабыз”.

Чек ара чырынан улам 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болушкан. Алардын 6 миңдейи дагы деле үйлөрүнө кайтып бара элек.

Финансы министрлиги үй-жайынан ажыраган Баткен облусунун тургундарына убактылуу батир ижарасы үчүн 200 миң сомдон берилерин жарыялады. Куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд. сом бөлүнгөнү маалым болду.

Баткенде жабыркагандарды колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 320 млн. сом чогулган. Бул эсеп элдин демилгеси менен түзүлүп, элден, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы жарандар акча которушкан.

Социалдык объектилер да салынбай турат

Жогорку Кеңештин 12-октябрдагы жыйынында депутат Камила Талиева социалдык объектилерди калыбына келтирүү иши жай жүрүп жатканын айтты.

Камила Талиева.
Камила Талиева.

“Иш солгун жүрүп жатат. Үйлөрдү куруу иши башталды. Ал эми социалдык объект болгон мектеп, бала бакча, айыл өкмөт имараты боюнча тендер баштала элек али. Кылычын кармап кыш келатат, 1,5 ай убакыт калды. Ушуну эртелетсеңиздер”.

Коогалаңда 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик автоунаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 61 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

“Баткенди калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Анын жыйынында АРИСтин жетекчиси Марс Наспеков “биз банктар менен сүйлөшүп гранттын эсебинен социалдык объектилерди салып бергенге даярбыз” деп айткан. Мен долбоорлорду тезирээк даярдап өткөрөлү деп сүйлөшүп атам. Тиешелүү документ иштери бүтсө эле социалдык объектилердин курулушу башталат”, - деди Нуртазин Жетибаев.

Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен районунун Достук жана Капчыгай айылдары болсо толугу менен жаңыдан курулганы калды. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, эки айылда жабыркаган үйлөр зыянды баалоо комиссиясынын аныктамасына карабай бузулат жана ордуна жаңы турак жай курулат. Жаңы салынган үйлөрдүн документтери курулуш иштери аягына чыкканда ээлерине акысыз берилет.

Баткендеги соңку каргашанын айынан коопсуз жакка чыгууга мажбур болгондордун 6 миңден ашууну дагы эле үйүнө кайта элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 11-октябрдагы маалыматына караганда, 1083 адам убактылуу кабыл алуучу жайларда, 4871 киши жергиликтүү тургундардын үйүндө баш калкалоодо.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы жаңжалда талкаланган турак жай. Ак-Сай, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы жаңжалда талкаланган турак жай. Ак-Сай, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.

Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 130 650сү үйүнө кайтты.

Кыргыз-тажик чек арасында акыркы кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Дүйшөмбү айыпты Бишкекке оодарган билдирүү тараткан.

Кыргызстан 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, каза болгон 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG