Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Швеция: мыйзамсыз миграциянын схемасы


GRAB-Sweden Uzbek scam

Швециянын TV4 телеканалы мыйзамсыз миграцияга өбөлгө түзгөн өкмөттүк системадагы өксүктөр тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен бирге жүргүзгөн иликтөөсүн жарыялады.

Журналисттик иликтөөдө Стокгольмдо бир жашыруун компания 2016-жылдан бери 1000ден ашуун мигрантка мыйзамсыз ишке орношууга көмөктөшкөнү баяндалат.

Бул ортомчу компаниянын башчысы, өзү Швецияда 2004-жылдан бери жашаган иммигрант - Акмаль аттуу адам мигранттарга Транспорт агенттиги аркылуу салык төлөөчүнүн документин алып берип жүргөн. Ал үчүн чет өлкөлүк жаранга машине сатып алганын тастыктаган документтерди жасалмалап берип, 220- 550 доллар өлчөмүндө акы алчу. Стокгольмдун четинде ижаралаган батирине каттоого коюп алган бир машинесин ал кагаз жүзүндө 112 жолу саткан.

Швецияда чет өлкөлүк жаран машине сатып алып, аны Транспорт агенттигинде өзүнө каттатса, салык төлөөчү катары атайын документ ала алат. Транспорт агенттиги машиненин сатып алынышы тууралуу документтерди факс же электрондук почта менен салык органына жөнөтүп, чет өлкөлүккө бул документти 25 күндүн ичинде алууга акысыз көмөктөшөт.

Швециянын Салык агенттигинин эксперти Пия Бергман дал ушул салык төлөөчүнүн документи мыйзамсыз миграцияга жол ачып жатканын белгилейт:

- Бул документ менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Банкта эсеп ачууга, бир нерсе сатып алууга, бир жерде жашоого шарт түзүлөт. Швециянын социалдык камсыздоо документи берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдоно аласыз. Бул үчүн салык төлөөчү катары номуруңуз эле керек.

Интернетте кызматын сунуш кылган ортомчулар.
Интернетте кызматын сунуш кылган ортомчулар.

Акмалдын жардамы менен салык төлөөчүнүн документин алган 1100 мигрант жалпысынан 476 компанияда - жеке ишкердик тармагында гана эмес, өкмөттүк мекемелерге да жумушка орношуп, иштеп жүргөнү аныкталган.

Салык органында алдамчылык менен күрөш боюнча эксперт катары иштеген Бергман өкмөттүк системадагы өксүк автоунааны алып-сатуу боюнча документтерди жасаган компаниялардын көбөйүшүнө, алардын көмүскө иши менен кирешесине өбөлгө түзүп жатат деп эсептейт.

Ал эми Швециянын мамлекеттик кызматкерлери автоунааны фиктивдүү алып-сатууну каттоо мыйзамга каршы келбей турганын айтып, бул жерде эмгек визасы жок иштеген чет өлкөлүктөр менен аларды ишке алган компаниялар жоопкерчилик тартаарын эскертишет.

Транспорт агенттигинин башчысынын орун басары Анна Берггрунд өкмөттүк мекеме машинесин каттаган чет өлкөлүктөргө салык төлөөчүнүн номурун алып берүүгө милдеттүү экенин айтты:

- Автоунаага жеке менчик укугун башка бирөөгө берүү кылмыш эмес. Дарекке башка бирөөнү каттатуу кылмыш эмес. Талап кылынган документтер жетишсиз деген чечим болгондо гана биз «жок» деп жооп бере алабыз. Биз инструкцияларыбызга карап иштейбиз. Документтерди кабыл алып, текшеребиз. Арызы жайында болсо, аны кабыл албай коюуга укугубуз жок. Адам тил билип, документтерди кантип даярдап, бийлик менен кантип байланышууну билгени үчүн досуна же тууганына жардам берип жатканын же жеке кызыкчылык үчүн чуркап жүргөнүн аныктоо бизге оор.

Ал эми алдамчылыкты алдын алуу боюнча эксперт Андерс Бьоркенхайм - автоунааны фиктивдүү алып-сатуу уюшкан кылмыштуулукка жол ачууда деп эсептегендердин бири.

Эксперттин айтымында, туристтик виза менен келип, кийин салык төлөөчүнүн номуру менен жүргөн мигранттарды айрым жумуш берүүчүлөр атайлап ишке алып, аларды аз эмгек акыга оор шарттарда иштетип, эксплуатациялап келет. Ошондой эле ал Интернетте Орусия, Өзбекстандын, Азербайжандын, Грузиянын жана башка мурунку совет өлкөлөрүнүн жарандарына өз кызматын сунуш кылган ортомчулар көбөйгөнүн белгилейт.

Андерс Бьоркенхайм.
Андерс Бьоркенхайм.

Бьоркенхайм мыйзамдардагы өксүктөр швед мамлекетин кылмыштуулукка, заманбап кулчулукка ортомчу кылып жатканын айтты:

- Муну ортомчулук катары мүнөздөсө болот. Бул эске келтирчү, далилдүү факт. Бул бардык бийликтин бардык органдарына тиешелүү.

Бул иликтөөнү жүргүзгөн журналисттерге эмгек визасы жок, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигрант аялдар жыныстык кулчулукка кабыларын, айрымдары сойкулукка барууга мажбурланышканын баяндап беришкен.

- Мага «бир жума бекер иште, анан ишке алабыз» дешти. Бир жума өткөндөн кийин «башчы менен жатасың, антпесең иш жок» дешти. Анан кандай тандоо болот? Аялдардын көбү балдарын ойлоп, көздү жуумп макул болушат. Алар буга балдарын багууга акча керек болгондуктан барышат, - деп айтып берген окуу жайында пол жууп иштеген өзбекстандык келин журналисттерге.

Эксперттер Швециянын өкмөтү автоунааны алып-сатууга көзөмөлдү күчөтүп, мыйзамдагы кемчиликтерди оңдобосо, мындай мыйзамсыз көрүнүштөр күч ала берерин эскертишет. Буга кошумча алар эмгек визасы жок мигранттарды ишке алган жумуш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуш кылып жатышат.

Расмий маалыматтарга ылайык, бир миллиондой кыргызстандык эмгек миграциясында чет жакта. Европа өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктардын саны 30 миңдей. Быйыл сентябрда Норвегияда мыйзамсыз жүргөн 70 борбор азиялык мигрант кармалып, алардын арасындагы алты кыргызстандык өлкөгө депортацияланган. Алар «Азаттыкка» Европага виза жасаган туристтик агенттик алдаганын айтышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG