Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

ЕБ: Сирия эрегишчилерине каршы эмбаргону токтотту


Сирия оппозициясынын согушкери Алеппо шаарынын Шейх Масуд районундагы уруш кезде, 1-апрель 2013
Сирия оппозициясынын согушкери Алеппо шаарынын Шейх Масуд районундагы уруш кезде, 1-апрель 2013

Европа Биримдиги Сирияга курал сатууга тыюу салган эмбаргону улантпайт. Бирок экономикалык эмбарго дагы бир жыл күчүндө кала берет.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Брюсселде өткөн жыйында ушундай деп чечти. Ошол эле учурда Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн оппозициячыл күчтөрдү курал менен камсыздоо боюнча чечим кабыл алынган жок.

Белгилей кетели, Франция жана Британия 2011-жылы майда киргизилген эмбаргону биротоло алып салып, антиасадчыл күчтөрдү курал менен камсыздоону көшөрө жактап жатышкан. Себеби, Париж менен Лондондо генерал Селим Идрис башындагы байыстуу оппозицияны куралдандыруу - президент Асадды саясий сүйлөшүүгө барганга көндүрүүнүн жападан жалгыз жолу деп санашат.

Февралда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери уюмга мүчө ар бир өлкө “карапайым жарандарды коргоо үчүн” Сирия элинин өкүлү деп таанылган оппозицияны согуштук эмес аскерий техника менен камсыздай алат деп макулдашкан.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйыны 12 саатка чукул созулду. Анын жыйынтыгы тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Уилям Хейг мындай деп билдирди:

- Европа Биримдиги Сирия оппозициясын курал-жарак менен камсыздоого тыюу салган эмбарго токтотулсун жана Сирияга каршы, Сириядагы режимге каршы бардык башка санкциялар кала берсин деп макулдашты. Британия ушундай бүтүмдү каалаган. Бул албетте, көптөгөн өлкөлөр үчүн өтө татаал. Ошон үчүн бүгүнкү талкуубуз 12 же 13 саатка созулуп кетти. Бул туура чечим болду деп ойлойм.

Хейгдин айтымында, Британияда токтоосуздан Сирияга курал жөнөтүү планы жок. Бирок Брюсселде кабыл алынган чечим, кокус Сирияда “кырдаал начарлап кетсе жана Асаддын режими кызматташуудан баш тартса”, Евробиримдикке жагдайга карай аракеттенгенге мүмкүнчүлүк берет.

Евробиримдиктин Австрия башындагы бир катар өлкөлөр курал-жарак Сирия оппозициясына кирген антибатышчыл жана экстремистчил күчтөрдүн колуна түшүп калышы ыктымал жана кандуу булоонду ого бетер күчөтөт дешип, 31-майда бүтчү эмбаргону улантууга каршы турушту.

Австриянын тышкы иштер министри Михаэл Шпинделеггер кабарчыларга тараптарды “жарыша куралдандыруу” 26 айдан бери жүрүп жаткан кандуу булоонду токтотуу аракетин текке кетирет деп кооптонгонун айтты:

- Биз Сирияда жарыша куралданууну каалабайбыз. Бул Британия жана Франция кармангандан башка көз караш. Мен алардын чечимин сыйлайм. Бирок бул кантип аткарыларын жана тынчтык жараянына кантип салым кошорун билбейм.

Сириялык качкындар
Сириялык качкындар
Улуттар уюмунун эсебинде, Сириядагы коогалаң 70 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. 5 миллионго жакын адам өлкө ичинде бозуп жүрсө, дагы 1,5 миллиондон ашык адам тыш өлкөлөрдөн паанек тапты. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пиллайдын билдиришинче, Сириянын 22 млн. калкы, болжол менен үчтөн бирине жакыны эл аралык жардамга муктаж. "Жарандардын укугу өкмөт тараптан жана оппозициянын күчтөрү тарабынан бузулууда" деп кошумчалады Пиллай айым 27-майда Женевада ачылган жыйында.

Евробиримдик Сирия оппозициясын курал менен камсыздоо маселесин 1-августта кайра карайт. (Расмий булактардын айтымында, ага чейин Биримдиктин антиасадчыл күчтөргө курал бере баштары күмөндүү). Бул кадам оппозициянын өкмөткө болочокку сүйлөшүүдө кысым жасоосун мүмкүн кылат. Сириядагы жарандык согушту басуу боюнча Орусия жана АКШ демилгечиси болгон сүйлөшүү келерки айда Женевада болоору болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG