Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Күрттөрдүн Сириядагы аракети сынга кабылды


Сириядагы күрттөр.
Сириядагы күрттөр.

Күрттөр Сириянын түндүгүндө федеративдүү аймак түзүшкөнүн жарыялашты. Мындай чечим 17-мартта Рмейлан шаарында өткөн күрттөрдүн жыйынында кабыл алынган.

Сириянын Рмейлан шаарында өткөн жыйынга күрттөрдүн эки жүздөй өкүлү чогулган. Алар негизинен күрттөр түзгөн “Демократиялык союз” деп аталган бирикменин тарапташтары.

Жыйын соңунда күрттөрдүн жаңы федеративдүү аймагын түзүү демилгеси колго алынып, ага Алеппо провинциясындагы Кобани, Эфрин жана Эл-Хасака провинциясындагы Жазира райондору киргени маалым болду. Кобани менен Эфриндин ортосунда түз байланыш бар. Ал эми үчүнчү Жазира району азырынча башка провинцияда жайгашкандыктан анклав бойдон калууда.

Түрк бийлиги буга чейин Күрт автоном облусунун негизделишине каршы чыгып келсе, Сирия бийлигинин туруму деле ушундай. Байкоочулардын баамына таянсак, күрттөрдүн мындай радикалдуу кадамы Женевада өтүп жаткан Сирия кризисин жайгаруу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизиши ыктымал.

Женевада өтүп жаткан сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Сирия оппозициясынын Жогорку комитетиндеги күрт улуттук кеңешинин өкүлү Абдул Хаким Башар федерация түзүү чечимин колдобой тургандыгын айтты:

Абдул Хаким Башар
Абдул Хаким Башар

​- Муну жарыялаган күрттөр эмес. “Демократиялык союз” деген күрттөрдүн атынан чыккан чакан партия. Аларды курал менен сырткы күчтөр колдоп келет. Биз, Күрттөрдүн улуттук кеңеши, албетте, федералдаштырууну колдойбуз. Бирок ал мындай жол менен эмес, Сирия элинин макулдугу менен, Конституцияга бекемделип чечилиши керек. Бул нерсени жарыялоо менен алар Асаддын бийлигине жасалган басымды жеңилдетип, ага жол ачып берди. Анткени Орусия өз аскерий күчтөрүн чыгарып кетиши менен Асаддын режими кандайдыр бир басым алдында калган. Муну менен алар Женевада кабыл алынган саясий чечимге баш ийип, бийликтен кетүү коркунучунда турушкан эле.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов "Интерфакс" агенттигине айткан сөзүндө Москва сириялык күрттөрдүн өз алдынча федерация жарыялап алышын колдобой тургандыгын белгиледи. Ал тапта АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Марк Тонер расмий Вашингтон Сирия аймагында эч кандай “жарым автономдуу” күрт облустарын тааныбастыгын билдирди.

Сирия боюнча БУУнун атайын чабарманынын орун басары Рамзи Эзелдин Рамзи өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн анда жашаган калк аныкташы керек деген көз карашта:

- Бул боюнча БУУнун өз позициясы бар, ошондой эле Коопсуздук Кеңеши да бир пикирде. Ал эми мен сүйлөшкөн сириялыктардын да өз позициясы бар. Алар Сириянын аймактык бүтүндүгүн колдошот. Ал эми өлкөнүн аймагынын келечеги сирия эли тарабынан аныкталышы керек.

Ал тапта ирактык күрттөр Сирия түндүгүндө күрттөрдүн федеративдүү аймагынын түптөлүшүн колдорун айтып чыгышты.

Өз алдынча федерация жарыяланган аймакта болжол менен 4,5 миллиондой адам жашайт. Алардын 2,5 миллиону күрттөр.

Күрттөр Түркиядагы 80 миллион калктын 20% жакынын түзөт. Ошондой эле күрттөр Сириянын жана Ирактын Түркия менен чек аралаш аймагында да жашайт. Маалыматтарда Сирияда 2 миллиондой, ал эми Иракта 5 миллиондой күрт бар. Иракта күрттөрдүн жарым-жартылай мамлекеттик түзүлүшү – Ирактагы Күрт автономиясы Ирактын жаңы Конституциясына ылайык 2006-жылы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG