Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

"Куттуктайм, иниң шейит болду"


Тажик бийликтеринин маалымдашынча, Сирияда эки жүзгө жакын тажик жараны согушуп жүрөт.
Тажик бийликтеринин маалымдашынча, Сирияда эки жүзгө жакын тажик жараны согушуп жүрөт.

Сириядагы согушта Асаддын режимине каршы согушуп жүргөн дагы бир тажик жараны каза тапты.. Абу Абдурахмон Тажики деген ысым алып, Жакынкы Чыгышта согушуп жүргөн киши Кулябдын тургуну экени такталды.

Сирияда согушуп жүргөн исламчыл радикалдар өздөрүнүн интернет сайты аркылуу Абу Абдурахмон Тажики Табка шаарынын аэропорту үчүн кармашта набыт кеткенин кабарлашты. Маалыматта ал Сириянын Ракка аймагындагы согушкерлер тобунун эмири болуп шайланганы да жазылган.

Кулябдын айрым жашоочулары Абу Абдурахмон Тажикини сүрөтүнөн таанып, ал Лохути кыштагынын тургуну Бобожон Курбонов экенин аныкташты.

Бобожондун агасы Даврон Курбонов «Азаттыктын» тажик кызматына август айында ага белгисиз бирөө телефон чалып, инисинин шейит (шахид) болгонун, тактап айтканда Кудай үчүн жан бергенин айтып куттуктаган. Телефон чалган адам тажикче сүйлөп, кабарды айткандан кийин эле байланышты үзүп койгондуктан Даврон инисинин өлүмүнүн чоо-жайын биле алган эмес.

Даврондун айтымында, иниси бир нече жыл мурда Орусияга акча тапканы кеткен жана анын Сирияда жүргөнүн ушул күнгө чейин эч ким билген эмес.

"Бобожон динге көп деле берилген адам эмес болчу, аны согушка кантип макул кылышканы биз үчүн түшүнүксүз”- деген Даврон иниси бир кезде маңзат колдонуп, а түгүл наркологиялык диспансерден дарыланып чыкканын айтты.

Согушкерлердин сайтына чыккан маалыматка ылайык Абу Абдурахмон Тажики Сирияга барган күндөн тарта эле согуш талаасына умтулган. Эмир ага алгач курал-жабдык сакталган кампаны кайтарууну тапшырган. Акыркы уруштардын биринде катуу жарадар болгон. Жакындары 41 жаштагы Бобожон Курбоновдун артында төрт жаш баласы калганын айтат.

Лохути айылындагы Курбоновдун үйүнүн короосу
Лохути айылындагы Курбоновдун үйүнүн короосу

Лохути айылындагы Курбоновдун үй-бүлөсүнүн сүрөтүндө алар өтө эле жакыр жашаганы байкалат.

Бобожон Курбонов туугандары тараптан өлүмү тастыкталган Кулябдын биринчи тургуну эмес. Буга чейин Сириянын аймагында согушуп жүргөн исламчылар жазында Абу Ахмад Тажики деген ысым менен таанымал тажик кагылыштардын биринде набыт болгонун өз сайтына жазышкан.

Анда да кулябдыктар Абу Ахмаддын сүрөтүнөн 26 жаштагы жердеши Бахтиер Шеровду таанышкан. Ал мындан эки жыл мурда Орусияга кетип, акыркы айларда туугандары менен байланышты үзүп койгону белгилүү болду.

Бахтиер Шеров Сириядагы согушта жан берген Тажикстандын төртүнчү жараны деп табылган. Тажик бийликтеринин маалымдашынча, Сирияда эки жүзгө жакын тажик жарандары согушуп жүрөт. Расмий Дүйшөмбү өз жарандарынын коңшу өлкөдө Башар Асаддын режимине каршы согушуп жүргөнүнө кооптонуп келет. Ал эми өлкөнүн Коопсуздук кызматы Сириянын бийлигине каршы согушка азгырылып кетип жаткандардын басымдуу бөлүгү Хатлон облусунун Куляб аймагынан экенине тынчсызданууда.

Өткөн айдын соңунда Хатлон облустук соту Сириядагы согушка жаштарды үгүттөп жаткандыгы үчүн шектелген беш жарандын ишин кароону белгисиз мөөнөткө жылдырган.

2013-жылы Тажикстандын Жогорку Соту Сирияда окуган беш студентти Асаддын режимине каршы согушка катышкандыгы үчүн айыптап, эки жылга эркинен ажыраткан.

Сирияда президентке каршы чыккан исламчыл козголоңчуларга кошулганы баргандардын ичинде кыргыз, өзбек жана казак жарандары да бар экени айтылып келет. Соңку маалыматтарга ылайык, Сириядагы согушта токсондон ашуун кыргыз жарыны бар, алардын ону аялдар.

Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдө акыркы үч жылдан бери жарандык согуш жүрүп жатат. 20 миллиондон ашуун калкы бар Сириядагы бул согушка түрдүү саясий, социалдык карама-каршылыктардан сырткары, этно-диний, исламдагы суннилер менен шииттердин карама-каршылыгы да себеп болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG