Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

Тажикстан Коопсуздук комитетинин жетекчиси кызматынан кетти


Хайриддин Абдурахимов кооптуу кылмышкерлердин абактан качышынан кийин кызматынан бошотулду
Хайриддин Абдурахимов кооптуу кылмышкерлердин абактан качышынан кийин кызматынан бошотулду

2-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы жана 3 орун басары кызматтарынан алынды. Көпчүлүк муну жакында 25 коркунучтуу кылмышкердин түрмөдөн качышы менен байланыштырышууда.

Качкындардын арасында президент Рахмондун көп жылдан берки оппоненттери да бар болчу. Алардын дээрлик бардыгы азыркыга чейин карматпай жүрүшөт.

Тажикстан коопсуздук кызматын 1999-жылдан бери жетектеп келген Хайриддин Абдурахимовду дипломат Саймуддин Ятимов алмаштырды. Ал 3 ай мурун эле Брюсселдеги элчи болуп дайындалган. Ага чейин 5 жыл Коопсуздук комитетинин төрага орун басары болуп иштеген.

Президенттин жарлыгында Абдурахимов өз каалоосу менен кетти деп айтылганы менен, коомчулукта анын кызматтан бошотулушун 25 туткундун комитеттин катуу кайтарылган СИЗОсунан качышы менен байланыштырылууда.

Андай ойду тажик президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун директор орун басары Сайфулло Сафаров да карманат:

- Кандай болбосун, төмөнкү структураларда болгон окуялар үчүн жетекчилик жооп берет. 25 кылмышкердин качышы үчүн жооптуу адамдар кызматтарынан кетирилгенинен күмөн жок. Муну мен гана эмес, башкаларда айтып жатышат. Ятимов да мурда төраганын орун басары болуп иштеген. Бирок ал окуя үчүн комитеттин бардык кызматкерлерин күнөөлөгөнгө болбойт.

22-августта баш калаанын борборунда орун алган абактан качып чыккан 25 айыпкердин дээрлик бардыгы тең азаттыкта жүрүшөт. Айрым тактала элек маалыматтарга ылайык, алардын бирөө - Иброхим Насриддинов 2-сентябрда кармалды. Аны качуунун демилгечиси деп аташууда. Насриддиновду Тажикстанга АКШнын Гуантанамо Бейдеги түрмөсүнөн өткөрүп беришкен.

Кооптуу кылмышкердердин качышынан кийин Коопсуздук комитети туш туштан катуу сынга кабылды. Юстиция министрлигинин абактар башкармалыгынын маалымат өкүлү Парвина Ализода “Азаттыктын” Тажик кызматына берген маегинде белгилегендей, окуянын айрым жагдайлары бүдөмүк бойдон калууда. Ал түнү 90 кишини эмне үчүн 3 эле күзөтчү кайтарган? Насриддинов камералардын ачкычтарына кантип ээ болгон? Ал эмне үчүн калган айыпкерлер менен түнөгөн эмес? Ушул өңдүү көптөгөн суроолорго жооп алына элек.

Көз карандысыз аналитик Хуршед Атавулло болсо коопсуздук кызматынын жетекчилерин алмаштырууда саясий күрөштүн белгилери жок эмес деген ойдо:

- Балким бул жерде иш жүзүндө жеке адамдардын да, күч структураларынын да ортосундагы күрөшкө күбө болуп атабыз. Бирок ачык айтылбаган нерселер көп. Күч органдары сырларынын бардыгын ачып коюшпайт да. Убакыт өткөндө гана бардыгы айкын болоор.

Түрмөдөн качып чыккандардын арасында бир кездери өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген маркум Мирзо Зиоевдин жакындары бар. Өзбекстан Ислам кыймылы менен байланышы бар делинген Зиоев былтыр табышмактуу жагдайда Тавилдарьяда өлгөн. Анын өлүмүнөн кийин эки баласы, бир тууганы жана дагы бир агалары узак мөөнөттөргө соттолушкан.

Коопсуздук органдары болсо кылмышкерлерди издеп кармоо ишине залака тийиши мүмкүн деген жүйө менен 22-августта болгон окуянын айрым жагдайларын комментариялоодон баш тартышууда.

XS
SM
MD
LG