Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Сабина - Таэквондо боюнча дүйнө чемпиону


Сабина - Таэквондо ITF боюнча дүйнө чемпиону
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

18 жаштагы Сабина Тагойназарова Тажикстандын эң мыкты 10 спортчусунун бири.

Тажикстанда Сабина Тагойназарова таэквандо ITF боюнча дүйнө чемпиондугун экинчи жолу утуп алды. 18 жаштагы келечектеги адвокат өз мекенинде 2011-жылдын мыкты спортчусу аталды.

Корейлердин олимпиялык оюндар тизмесине кирген таэквондо спорту - Дүйнөлүк жана Эл аралык эки федерация аркылуу тейленет. Мына ушул Эл аралык таэквандо федерациясы (ITF) өткөргөн мелдештерде 18 жаштагы тажикстандык студент кыз экинчи жолу дүйнө чемпиону наамын алды. Сабинаны тажик журналисттер биримдиги "2011-жылдын эң мыкты спортчусу" деп дагы атаган. Ал ошондой эле Тажикстандагы эң мыкты 10 спортчунун катарына кирди.

Ал өз жетишкендиктери тууралуу "Азаттыктын" тажик кызмтына буларды айтып берди:

- Мен таэквандо ITF спорту менен 12 жаштан бери машыгам. Кийин кикбоксингге барып жүрүп, бардык эрежелерди үйрөндүм. Эл аралык мелдештерге катышып, алты жыл ичинде өспүрүмдөр арасында, кийин чоңдор арасында Дүйнө чемпиону болдум. Ошондой эле Азия өлкөлөрүнүн мелдешинде биринчи орунду алгам.

Сабинанын машыктыруучусу Мирсаид Зиодов 18 жаштагы кыз ошондой эле кикбоксинг боюнча жаштар чемпиону экендигин кошумчалады.

Сабинанын жетишкендиктери анын сиңдилерин да шыктандырды. Алар да эжесинин жолдоп, спорт менен машыгышат, жакында бири өспүрүмдөр арасында байгелүү орун алды. Сабинанын спорт менен машыгуусуна үйүндөгүлөр дароо макул болгон эмес.

- Мен спортко жаңы аралаша баштаганда, чоң атам мени айнытып, кыздарга бул туура эместигин айта берчү. Бирок мен эл аралык мелдештерге катыша баштаганда, чоң атам да өзгөрдү. Кээде машыгууга кечигип атсам, өзү машинасына салып, мени жеткирип барат.

Бүгүн Исламдын таасири күчтүү болгон тажик коомунда кыздардын спортко катышуусуна каршы маанайга туш келген учурлар көп кездешет. Кысымга туруштук бере албай, спортту таштап кеткендер аз эмес. Ал эми Сабина чыканактай кезинен өз жанына тың болгон:

- Төмөнкү класстарда окуп жүргөндө, балдар менен көп урушчумун, кээде аларды уруп койчумун, бирок алар да мага жооп кайтарган учурлар болчу. Бирок менин таэквондочу экенимди билгенде, тийишпей калышчу.

Сабинанын келечектен көптү күтөт, анын ичинде юрист болууну самайт. Ал азыр Тажик Улуттук университетинин юридика факультетинде окуйт. Ошол эле убакта таэквондону улантып, бир күнү өз мектебин ачуу тилеги дагы бар.
XS
SM
MD
LG