Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 01:56

Тажикстанда БУУга каршы акция уюшулду


Адвокат Бузургмехр Ёров.

10-июнда ондогон киши Евробиримдиктин жана БУУнун Дүйшөмбүдөгү өкүлчүлүгүнө келип, абактагы белгилүү тажик адвокаты Бузургмехр Ёровду бошотууга жол бербөөнү талап кылды. Бул тууралуу Тажикстандын «Фараж» сайты жазды.

Эл аралык уюмдар адвокат Бузургмехр Ёровду абийир туткуну деп эсептешет жана аны түрмөдөн бошотууга чакырып келе жатышат. Акцияга күбө болгондордун айтымында, чогулгандар Ёровду кылмышкер деп мүнөздөп, анын бошотулушуна жол бербөөгө чакырышкан.

Тажикстандык «Фараж» интернет-басылмасы жарыялаган сүрөттөрдө «Бузургмехр Ёров – эл аралык кылмышкер жана Батыштын агенти!», «БУУ жана Евробиримдик, Ёров сыяктуу кылмышкерлерди эмес, Сириядагы, Йемендеги жана Ооганстандагы адамдарды камкордукка алууну ойлогула» деген жазууларды көрүүгө болот.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматына жиберилген видеодо жаалданган бир киши Европа Биримдигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кеңсесинин дарбазасын кайра-кайра тээп жатканы тартылган. Ал эми күзөтчүлөр эч нерсе кылышкан эмес.

Чогулгандардын айрымдары башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар Тажикстандын ички ишине кийлигишпеши керек экенин айтып кыйкырышкан.

Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын камактагы мүчөлөрүнүн укуктарын коргогон адвокат Бузургмехр Ёров 2015-жылы өзү да камакка алынып, тажик сотунун 2016-2017-жылдардагы эки өкүмү менен жалпысынан 28 жылга кесилген. Ал «Алдамчылык», «Документ жасалмалоо», «Экстремисттик ишмердикке чакыруу» жана башка беренелер боюнча айыпталган.

Дүшөмбү шаарындагы акциянын катышуучулары.
Дүшөмбү шаарындагы акциянын катышуучулары.

Адвокаттын жакындары жана жарандык активисттер кылмыш ишинин саясий жүйөсү бар экенин айтып жүрүшөт. Июндун башында БУУнун жумушчу тобу Бузургмехр Ёровду кармоодо мыйзам тебеленгенин айтып, аны түрмөдөн бошотууга чакырган. Ёров боюнча өз алдынча изилдөө жүргүзгөн БУУнун адистери адвокатты камакка алууда жана 28 жылга соттоодо эл аралык укук нормалары бузулганын мисал келтиришкен.

Алардын иликтөөсү эл аралык «Freedom Now», «Lawyers for Lawyers», «Hogan Lovells US LLP» жана «DLA Piper UK LLP» юридикалык уюмдарынын петициясынан кийин жүргүзүлүп, жыйынтыгы 3-июнда жарыяланган.

БУУнун адистери Ёровду кармоодогу мыйзам бузуу эл аралык стандарттарга ылайык иликтениши жана күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы керек экенин билдиришкен. Тажикстандын өкмөтү БУУнун жумушчу тобуна алты айдын ичинде анын айткан талаптары кандай аткарылганын маалымдашы керек.

Тажикстанда бийликтин уруксаты жок митингдерди жана акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган. Буга чейин да ушул сыяктуу акциялар чет элдик элчиликтердин жанында өткөрүлүп, бирок милиция анын катышуучуларын кармаган эмес.

Былтыр АКШ да Тажикстанды түрмөдөгү адвокаттын ишин кайра кароого үндөгөн.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Эмилия Пума саясий консультациялар учурунда эки тараптуу кызматташтыктан тышкары Тажикстанда адам укуктарынын корголушу, жарандык коомго көбүрөөк эркиндик берүү маселелерин талкуулап, тажик бийлигин түрмөдөгү адвокат Бузургмехр Ёровдун ишин кайра кароого да чакырган.

«Human Rights Watch» уюму жана Норвегиянын Хелсинки комитети Тажикстанда адам укуктарынын абалы 20 жылдагы эң терең кризиске кептелгенин билдирип, дүйнө коомчулугун тажик бийлигине каршы санкция киргизүүгө үндөшкөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG