Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Тажик согушкери видеого жооп кайтарды


Парвиз Саидрахмонов
Парвиз Саидрахмонов

Азыр Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында согушуп жүргөн Абу Довуд Тажикстанда калган үй-бүлөсүнө жана жалпы тажик коомчулугуна Ютуб аркылуу эскертүү жолдоду. Мындан эки апта мурун ИГИЛдин жоокери Абу Давуддун мекенинде калган 4 жашар кызы белгилүү тажик ырчысын атасына окшоштурган видеосу интернетке тараган болчу.

Мындан эки апта мурун "Азаттыктын" тажик кызматы Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн Парвиз Саидрахмоновдун Тажикстанда калган төрт жашар кызы жергиликтүү эстрада жылдызын атасына окшоштуруп алганы тууралуу видео сюжет тартышкан. Ал видео интернетке тараган соң Парвиз Саидрахмонов видеонун алдына пикирин жазып жүргөн эле.

Эми 24-июнда тажикстандык жоочу Парвиз Саидрахмонов Сирияда алган Абу Довуд деген аты менен кызы тууралуу видеого жооп жолдоду. Ал эстрада ырчысын ата деп чаташтырып алган кызы жана ырчыны уулуна окшоткон апасы тартылган видеону чагым деп атады.

- Эгерде силер менин жоголгонум тууралуу жаңылык чыгарып, апам менен кызым тууралуу видео таратып, мени жихад жолунан кайтарам деп ойлосоңор терең жаңыласыңар. Мен жана үй-бүлөм тууралуу эч кандай видео мени артка кайтара албайт. Биз акырына чейин барабыз.

29 жаштагы Парвиз Саидрахмонов эки жыл мурун Москвада иштеп жүргөн жеринен Иракка өтүп, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулуп кеткен. Иракта жүрүп өзүнүн Парвиз Саидрахмонов деген атын Абу Довуд деп өзгөрткөн. Абу Довуд тажик коомчулугуна жүрөк үшүн алган видео чакырыктары менен белгилүү. Адистердин айтымында, Парвиз бардык видеолордо куралдуу жоочулар тобунун арасында жүргөнү жана катаал чакырыктарды жасашы анын жөнөкөй даражада эмес экенин далилдейт.

Парвиздин кезектеги видео чакырыгы эки ай мурун тараган. Бирок Парвиздин апасы ал алты айдан бери үй-бүлөсү менен байланышпай калганын, уулуна окшош эстрада ырчысын теледен көрүп, ошого канаат кылаарын айтып отурат.

Сумаянын сагынычы
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

Парвиз "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулуп, үй-бүлөсүн таштап согушка кеткенде Сумая эки жашта болчу. Парвиздин кичи мекенинде калган төрт жашар кызы Сумая атасын дубалда илинген сүрөттөн жана үй-бүлөлүк фото альбомдон гана билет. Сүрөттөгү атасын теледен издеген Сумая тажик эстрада жылдызы Шахриер Давлатты атасына окшоштуруп сүйүнүп кеткен.

"Теледен ырдап чыккан атамды алып кел" деп кыйнаган кыздын талабын чоң энеси Мухаббат Махмудова аткарууга аргасыз болгон. Ал ырчы Шахриер Давлатты конокко чакырып, небересине көрүнүп коюну суранган.

- Шахриер Парвизге коёндой окшош экен. Аны теледен биринчи көргөндө өзүмдү жоготуп койдум. Парвизим келди деп да ойлоп кеттим. Мурда баламды ошол ырчыга окшош дешсе маани берген эмесмин. Азыр Шахриерду үйүмдөн көрүп, өз баламды көргөндөй кубанып жатам.

Парвиздин апасы уулун эстегенде көз жашын тыялбайт. Ырчы Шахриер болсо согушкер таштап кеткен наристени багып алуу ниети пайда болгонун айткан.

- Өз балдарын таштап мааниси жок согушка кантип кетишет? Алардын балдарын көрүп жүрөгүң эзилет. Эгер макул болушса мен Сумаяны асырап алмакмын. Анткени ал мени көп эстейт экен.

Сумая жихадчы атасына окшош адамды тапкан жалгыз эле наристе. Учурда миңден ашык тажикстандык жаштар Парвиз Саидрахмонов сыяктуу Сирия жана Ирактагы согушка кетишкен. Тажикстанда алардын балдары атасыз өсүп, Сумая сыяктанып адамдардын арасынан аталарын издеп жүрүшөт.

Сириядагы жарандык согушка кеткендерден Кыргызстан да куру эмес. Акыркы маалыматтарга караганда, Сирия жана Ирактагы кыргызстандыктардын саны 400дөн ашкан. Арасында аялдар жана балдар да бар.

XS
SM
MD
LG